реклама
super.kg logo

Жарандык активисттер мөңгүлөрдү сактап калуу талабы менен митингге чыгышты

 

Бүгүн, 16-ноябрда Ак Үйдүн алдына жарандык активисттер митингге чыгышты.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков билдиргендей, алар "Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы.

"Өткөн жумада Ак Үйдүн алдына митинг уюштуруп Жогорку Кеңеште каралып жаткан "Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы чыкканбыз. Андан кийин өкмөттүн өкүлдөрүнүн, депутаттардын, жарандык коомдун катышуусунда тегерек стол өткөн. Бирок аягы ызы-чуу менен бүттү. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин сунушу менен "Кумтөргө" барып жеринен таанышып келдик. Абал чындыгында оор экен. 20 жыл "Кумтөр" компаниясы иштеп, Давыдов мөңгүсүнүн 70-80 пайызын жок кылып коюшуптур. Андан тышкары Сары-Төр деген мөңгүнү көрүп келдик. Түбүн казып, Давыдов менен Лысый мөңгүсүнүн тагдырын кайталаганы турат", - деди ал.

"Биз бул жерге өзүбүздүн оюбузду билдирели деп келсек милициянын өкүлдөрү соттун чечимин көрсөтүштү. Анда жаңы шайланган президенттин инаугурациясына байланыштуу Ак Үйдүн алдына митинг өткөрүүгө тыюу салыныптыр. Бирок чечимди колубузга берген жок. Бул боюнча сотко кайрылайын деген оюбуз бар. Конституцияда жазылып тургандай, ар бир жаран өз оюн ачык айтууга, тынч митинг өткөрүүгө укуктуу", - деди Аскарбеков.

Ал чечимге карабастан митинг улана бере турганын кошумчалады.

Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште аталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
16.11.2017. 11:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
21-01-2017
Соӊку аракети:
02-02-2018 07:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Садыр Жапаров 10 жыл мурда которгон ушул маселени аягына чыгарбастан камап тынышты алмазга наалат
16.11.2017. 12:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
857
Катталган:
28-04-2016
Соӊку аракети:
31-05-2018 17:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен эмнеге тан калам бул монгуулор бир гана активистерге гана керекпи?Калган Кыргызстандын жарандары эмне бул глобалдуу проблемага кайдыгерлик менен карап жатышат.Атамбаевке,Зилалиевке,КСДПнын депутаттарына ж.б атка минерлерге баарыбир алар чонтоктору толгондо качып кетишет.
16.11.2017. 12:34 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
264
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
12-12-2017 15:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен элге тан калып жатамын... Ошол казылып жаткан алтын-кумуш кени элдики го, бир эле Кумтор кени элдин пайдасы учун казылып максаттуу жумшалганда 20 жылда 30-40 ири завод фабрика кура алмакпыз. Бул болсо 50-100 мин адамды жумуш менен камсыз кыла алмак... Ошол завод-фабрикалар олко экономикасын котормок...

Монгулор талкаланып жатат... Монгулор талкаланса жайында дарыялар какшып олкону кургакчылык каптайт... Эл кыйналат... Кытайдын зыян жашылча-жемишине кунунор тушот.
16.11.2017. 12:37 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
264
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
12-12-2017 15:18
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондо акылына келеби эл?!! Монгудор активисттерге эле эмес, баарыбызга керек го?!! Жепжутарлар акча учун оз энесин да сатышат... Ошондо унчукпай карап тура берсенер 120 депутат Центерранын пайдасына чечим чыгарып, акыбети оор болот...

Олконун келечегине кайдыгер жарандарыбыз оз уул-кыздары, неберелеринин келечегине балта чабууда азыртан, кайдыгерлиги менен....
16.11.2017. 12:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
597
Катталган:
16-11-2015
Соӊку аракети:
10-04-2020 13:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Ajdaaar балким сага окшогон диван баатырлары жамбашты өйдө көтөрүп чыкканда,кээ бири козголуп колдомок...а буларды карабайсыңбы, баары тааныш өңдөр... бирөөлөр акча бермейинче эч козголбогондордон ... өзүм жеке билем бир-экөөсүн...ой кетет экен да балким Казакстан же АКШ акча берип атабы буларга деп....
16.11.2017. 13:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
289
Катталган:
08-01-2017
Соӊку аракети:
10-04-2020 11:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Моңгулор азыр алтындан кымбат болуп жатпайбы бул бийлик кандай башы иштебегендер
16.11.2017. 13:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
05-02-2016
Соӊку аракети:
10-04-2020 14:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Эч кимди суйлото койбой чекеден камашып.Кыргызстан учун куйгон кишилердин буттары тушалуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
141001;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: