реклама
super.kg logo

Рыскелди Момбеков: "Президенттикке талапкер фракция лидери кызматын тапшырышы керек болчу"

 

"Президенттикке талапкер фракция лидери кызматын тапшырышы керек болчу", - деди бүгүн, 28-сентябрда парламент жыйынында КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков.

Депутат Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабековадан фракция лидери кызмат адамы болуп эсептелеби же жокпу деп сурады.

Нуржан Шайлдабекованын айтымында, мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин депутаттары кызматтан бошотулбайт.

Момбеков депутаттарды эмес фракция лидерлерин айтып жатканын билдирди. "Фракция жетекчисинин ыйгарым укуктары бар, кызмат адамы болуп эсептелет. Көрдүңүзбү, алар өздөрүнүн кызматын жыйыштырбай туруп өкмөт башчылыктан Сооронбай Жээнбековду эрте эле кетирип жиберди. Алар өздөрүнүн кызматтык укуктарын өз кызыкчылыгына пайдаланып жатат. Бүгүнкү күндөгү талкуу дагы ошолордун сунушу. Фракция жетекчиси кол коюп жатат. Жөнөкөй депутат болсо бир жөн", - деди ал.

Депутат вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго "Таза шайлоону талкалай турган административдик ресурспу же каржылык ресурспу?" деп суроо берди.

Жумакадыров алдыда турган президенттик шайлоону өткөрүү үчүн бардык жат көрүнүштөрдү жок кылуу керектигин айтты. "Бүгүнкү күндө көйгөйлүү болгон анча-мынча шайлоочулардын баштарын айлантып, добуштарды сатып алуу", - деди вице-премьер-министр.

Момбеков таза шайлоону талкалай турган каржылык ресурс экенин белгиледи. "2010-жылкы парламенттик шайлоодо каржылык ресурс болбогондо парламентке КСДП, "Ата Мекен", "Ак шумкар" партиясы өтмөк. Эки-үч айда түзүлүп алган партиялар өтмөк эмес. Ошонун айынан түрмөдө отургандар парламентте отурду, бул чындык. Таза шайлоого Америка жеткен эмес", - деди Момбеков.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
28.09.2017. 18:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
22-04-2017
Соӊку аракети:
31-10-2020 04:22
Жынысы:
Белгисиз
+8
Омуке ушул жерде да коздорун ойноктотуп алдап кеткен окшойт.
Бабанов карылдаган Ташиевди алдаган, балпандаган Торобаевди оп оной алдайт.Мен бир талапкерге ундобойм усунордо Алла коруп турат. Ойлонгула 6жылдык жашоонорду 1000-2000сомго сатпагыла.Ким добушун сатса ал адам 6жыл ичи паланчаев иштей албады деп ал президентке эч кандай притензия койо албайт! койгонго акысы да жок. Себеби 6 жылдык омурун 1000сомго сатып жиберген. Ошого журогунор менен кенешкиле истихара намазын окуп анан добуш бе
28.09.2017. 19:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
296
Катталган:
08-01-2017
Соӊку аракети:
02-10-2020 13:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
KAYRATBEK,Омуке Кыргызстанды 6 жылда онуккон 10 мамлекетин арасына кошом айлыгынар пенсиянар эки эсе кобойтом деп лапша илип журотко кантип уялышпайт экен а элди алдагандан
28.09.2017. 18:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
266
Катталган:
22-09-2016
Соӊку аракети:
25-03-2020 18:38
Жынысы:
Белгисиз
+8
Момбековту корсом кыжырым келетко,ХХХХ айырмасы жок ажылдап,ертен соке болбой калса ененерди коросунорго сдпк...Алга Мадумаров!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-29 11:09:29
28.09.2017. 18:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
03-04-2017
Соӊку аракети:
27-10-2020 08:38
Жынысы:
Белгисиз
+8
Рыскелди Момбеков деген жаман алжыган неме ото начар адам Ашанын бир кашасы ушул киши...Бабанов женет буйруса...ресурсту Сооке колдонуп жатат мамлекттик ишкерлерди коркутуп иштен айдап жиберем деп мугалимдердин ушун алды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
154020;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: