super.kg logo

Садыр Жапаровдун иниси: "СИЗОнун жетекчилиги агама атабызды жерге берүү зыйнатына катышууга уруксат берген жок"

 

Абакта жаткан Садыр Жапаровдун 84 жашында каза болгон атасы Нургожо Жапаровдун сөөгү 22-сентябрда Ысык-Көл облусунда өзү туулуп өскөн айылында жерге берилет. Бул тууралуу SUPER.KG'ге маркумдун уулу Давлет Жапаров билдирди.

"Атамдын сөөгүн 22-сентябрь күнү саат 11де өзү туулуп өскөн Түп районундагы Кең-Суу айылына коёбуз", - деди Давлет Жапаров.

Ал эми Садыр Жапаровго атасынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн уруксат бериле элек.

"Жактоочу Шарабидин Токтосунов экөөбүз атам каза болгондон жарым саат өткөндөн кийин эле агамды акыркы сапарга узатууга катыштыруу үчүн уруксат сурап СИЗОго келгенбиз. Бирок СИЗОнун жетекчилиги уруксат бербей койду. Алар ЖАМК чечет деген жоопту айтышты. Учурда аталган мекемеге кат аркылуу кайрылуу бергени жатабыз", - деп билдирди ал.

Садыр Жапаровдун атасы бүгүн, 20-сентябрда Бишкектеги Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда
дүйнө салды.

Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров Биринчи Май райондук соттун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(40)
20.09.2017. 13:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
602
Катталган:
07-03-2016
Соӊку аракети:
26-02-2020 12:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кадамжай
+11
Ой Кудаай уруксат берилсин ((((
20.09.2017. 13:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
28-09-2015
Соӊку аракети:
15-11-2019 17:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+14
Коркуп атышат да, уруксат беришсе, олумго коп эл келет, бирдеме болуп кетпесин деп бир жерлерин ойлоп атышат. Коркокчулук дейт ушуну
20.09.2017. 13:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
691
Катталган:
08-02-2017
Соӊку аракети:
06-01-2019 18:18
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыргыз эмес бул соттор, силерге да Кудай бардыр, уруксат берилсин, керек болсо бошотулсун, ак жерден камалып отурат!!!
20.09.2017. 13:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
205
Катталган:
01-03-2013
Соӊку аракети:
01-12-2018 21:47
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жапаров олуттуу кылмышкер эмес. Уруксат бергиле. Бир коруп, коодону суусун. Омур бою окунуп калбасын.
20.09.2017. 13:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
193
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
10-07-2019 13:20
Жынысы:
Белгисиз
+13
Уруксат бергиле сураныч,ар бирибиздин башыбызда бар өлүм. Бирок ошого татыктуу бололу бийликтегилер. Чөнтөгүбүздү толтуруп аркы дүйнөгө бара албайбыз,ыйманыбыз менен барабыз. Ошондуктан ыймандуу бололу бийликтегилер. Бийлик жана байлык бир тыйын...
20.09.2017. 13:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
02-04-2017
Соӊку аракети:
26-02-2020 17:57
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ошол уруксат бербеген чиновниктердин да башына ушул кун келсин, ошолорда жакындарына топурак салалбай отуп кетишсин кан какшап
20.09.2017. 13:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
193
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
10-07-2019 13:20
Жынысы:
Белгисиз
+9
almanbetperm,оомийн айтканын келсин.
20.09.2017. 13:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
26-02-2020 19:09
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жаткан жериниз жайлуу болсун!
Садырдай уулду тарбиялап остургон,сиздей Атага Аллах ыраазы болот Инншаалах!
Окунучтуу ак жерден камалып,Атасына топурак сала албай калса.
Кунолуулор жооп берет бир кун!
20.09.2017. 13:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
284
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
10-09-2019 18:18
Жынысы:
Белгисиз
+5
эмнеге жооп бербейт анын духу жетип силерге озу келип кармалып берди дагы эмне керек силерге
20.09.2017. 13:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
281
Катталган:
29-10-2011
Соӊку аракети:
25-02-2020 13:49
Жынысы:
Белгисиз
+6
Садырдан эмне мынча коркот билбейм бу бийлик.Журокторунун сары суусун алып койгон го.
20.09.2017. 13:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
193
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
10-07-2019 13:20
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эгер бул бийликтегилер жооп бербесе жатсам турсам наалат айтып турам.
20.09.2017. 13:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
01-11-2012
Соӊку аракети:
26-02-2020 17:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алыс жактарда...
+5
Элди провокация кылып атышат...
20.09.2017. 13:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
18-04-2017
Соӊку аракети:
26-02-2020 11:06
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бийликтегилерге наалат. Уяты жоктор жалан атасы жоктор иштейби бийлекте?
20.09.2017. 13:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
232
Катталган:
02-11-2014
Соӊку аракети:
26-08-2019 19:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бакыт аралынан
+5
Тообо кылдым кайтар дуйно.Эртен эле оз башына тушот.Эркиндикте журуп да жакынын олумуно келе албай турган кылып койбосун Аллахым.
20.09.2017. 13:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
433
Катталган:
16-11-2015
Соӊку аракети:
26-02-2020 13:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+3
Садырды колдобосом да,мындай учурда топурак салганы барышын туура көрөм..АТА менен ЭНЕ-кудайдан кийинки эле аздектеген адамдарыбыз!!
20.09.2017. 14:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
22-01-2015
Соӊку аракети:
14-11-2019 08:58
Жынысы:
Белгисиз
-5
ЖАМК менен сот айырмасын билесинерби? эч качан сот жооп бербейт. ЖАМК жооп берет.
20.09.2017. 14:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
27-01-2014
Соӊку аракети:
23-07-2019 19:27
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акмак экенсинер!!!!Акылым жетет, алым жетпейт ..болуп атат элдин баары!соз жок акмак кошоматчыларга!!!Жараткан бизге жакшы ынсаптуу ,журогундо ыйманы бар башчы берсин деп кундо жалынабыз..
20.09.2017. 14:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
386
Катталган:
27-08-2016
Соӊку аракети:
14-02-2019 06:34
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уруксат бериш керек!!!
20.09.2017. 14:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
426
Катталган:
15-02-2013
Соӊку аракети:
25-02-2020 19:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Новосибирск
+3
Булар эмне манкурт болуп калышканбы. Кудай сакта ушундай да болобу
20.09.2017. 14:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
261
Катталган:
01-04-2017
Соӊку аракети:
04-09-2018 09:06
Жынысы:
Белгисиз
+2
шакалдар! ушул силердин камалганынарды корсом арманым жок
20.09.2017. 14:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
19-04-2016
Соӊку аракети:
26-02-2020 16:19
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир кун келээр...
элдин каргышы тийэээр бул бийлике...
20.09.2017. 14:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
26-02-2020 17:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ыйман менен кенге бай,берекелуу Чон-Алай!
+2
Ыйлагым келип кетти,кандай таш боорбуз балдарынын куйутунон эле жакшы боло албай калды байкуш.Эми уруксат бериш керек адамбызгоооо...Баарынын башына келетко(((
20.09.2017. 15:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
30-01-2013
Соӊку аракети:
27-02-2019 01:55
Жынысы:
Белгисиз
0
(((Окунучтуу ушундай да айбандар бар экенда бизде,Садыр Жапаров агайга терен кайгыруу менен конул айтабыз,сабр тилейбиз(((
20.09.2017. 15:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
10-02-2014
Соӊку аракети:
16-03-2018 00:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ОШ
+1
Жапаровдордун уй булоосуно терен кайгыруу м.н конул айтам.Бийликтегилер адамдык касиетти эске алып,жооп берип койсонор болот.Адам омуруно кол салган Батукаев коркунучтуу болбой эле,Кум Тор деп,Кыргыздын байлыгы кыргызга кызмат кылсын деп болгон кучун жумшаган С Жапаров коркунучтуубу?
20.09.2017. 15:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
25-01-2019 11:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии ботом алардын аталары дуйного туркук бекен олбогудой!!! Адамдар дуйнонун булун бурчунан келет го атасы отуп кетсе. Кыргызстанда туруп бийликтегилер уруксат бербегенин. Баардыгынарга наалаттар болсун!!!
20.09.2017. 15:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
10-08-2012
Соӊку аракети:
06-01-2019 12:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Биздин айылдын балдары алма уурдап камалган маалда,биринин атасы каза болуп калып,топурак салганга жибербей койгон.
20.09.2017. 16:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
252
Катталган:
21-12-2013
Соӊку аракети:
29-12-2019 20:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Айдаркен
0
Жаткан жери жайлуу болсун Аллахым Бейишинен жай берсин ар Бир иштин артында жакшылык бар дейт Садыр Жапаровту жибербей койгон чондор мин лаанат.
20.09.2017. 16:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
598
Катталган:
05-07-2015
Соӊку аракети:
16-10-2019 00:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах озу кечирсин каттуу жазсам. Бирок чыдай албадым. Аллах силерди да жазаласын жалган эмес чын дилинен. Силердин да ата эненер отоор. Баарыбыздын башыбызда бар.
20.09.2017. 19:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
25-02-2020 21:02
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткен жери жайлуу топурагы торко болсун! Садыр Жапаровдун атасы 83 жашта болсода тын болчу баласын ойлоп акыркы соттун туура эмес окумунон кийин ден-соолугу начарлап каза болду бул нерсеге азыркы бийликтин куноосу бар
20.09.2017. 20:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
857
Катталган:
28-04-2016
Соӊку аракети:
31-05-2018 17:40
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаевтин журогу таш окшойт.Аллах бир кун Атамбаевке жазасын берет.
21.09.2017. 12:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
22-03-2007
Соӊку аракети:
25-02-2020 20:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабат
0
Эми уулунда да куноо бар ХХХХ журсо ушундай болбос эле. (мен эч ким тарапташ эмесмин)
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-21 12:23:37
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137973;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: