super.kg logo

Путин менен маектешкен кыргыз журналисти: "Үч уктасам түшүмө кирген эмес, аны карап чын эле өңүмдө болуп жатабы деп ойлодум"

 

Журналист Сыягүл Караман таанымал саясатчы, дүйнө лидерлеринин бири, Орусиянын президенти Владимир Путин менен кантип маектешкендигин SUPER.KG порталына айтып берди.

Ал өз сөзүндө мындай ойду көптөн бери ойлоп жүргөнүн, бирок мүмкүнчүлүк түзүлөрүнө ишенбегендигин айтты.

"Июль айында расмий түрдө өтүнүч жөнөткөнбүз, бирок мүмкүнчүлүк болоруна деле ишенген эмес элек. Формалдуу гана "жок" деген жооп күткөнбүз. Кийин эле "өзүңүздөрдү тааныштырган маалымат керек" деген жооп келди. Маалыматты жөнөтүп, ага кошумча өткөн жылы президент Атамбаев жөнүндө "Атанын конушу" аттуу биз тарткан кино тууралуу да кошуп койдук. Мына ушул чечүүчү ролду ойноду окшойт", - дейт журналист.

Андан сырткары ал маектешүүнүн натыйжасында өзү көздөгөн максатына жеткенин, маек абдан жылуу маанайда өткөнүн айтты.

"Интервьюдан алган сезимдер укмуш. Борис Ельциндин 1999-жылы 31-декабрда элин кирип келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап жатып айткан сөзү белгилүү. Анда "Орусия жаңы кылымга жаңы - акылдуу, күчтүү саясатчылар менен кирип жатат" деген. Дүйнө коомчулугу ошондо биринчи жолу Владимир Путин тууралуу билген. Мен да ушул сөзгө ынандым, Путинде харизма жана энергиясы ашып-ташып турат экен. Дүйнөлүк державанын лидери мени менен маектешүү үчүн 723 секунд бөлдү", - дейт Сыягүл Караман.

Айта кетсек, аталган интервью 14-сентябрда Орусиянын Сочи шаарында орун алып, анда журналист Сыягүл Караман Путин менен Кыргыз-Орусия алакасы тууралуу маектешкен. Мындан тышкары журналист өзү айткандай, башка дагы саясий лидерлер менен интервьюлар күтүлүүдө.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -5 
Комментарийлер(21)
16.09.2017. 17:18 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
20-01-2015
Соӊку аракети:
17-01-2018 17:09
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жакшы. Маекти күтөбүз
16.09.2017. 17:30 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
29-01-2017
Соӊку аракети:
19-06-2019 15:23
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бул сасык ыплас саясат! Атамбаевдин саясаты!!! Башка маалымат булактарында Атамбаевдин Сочиге барып Путин менен учурашканын, Атамбаев мураскору учун Путинден "благословение" алып келди деп айтылып келет... Путиндин каяктагы бир кыргыз журналисти менен биздин "артист" Атамбаев тууралуу маеги тегин эмес. Бул да болсо Атамбаевдин суранычы менен ишке ашкандай сезилип жатат! Анткени Жээнбековду президент кылып шайлоодо Путиндин позициясын элге жеткируу Атамбаевдин "козуру&quo
16.09.2017. 17:35 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
29-01-2017
Соӊку аракети:
19-06-2019 15:23
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыргызстанга Стивен Сигл келди. Муну да бийлик атайын акча толоп чакыртты деген версияны жокко чыгарууга болбойт... Стивен Сигл кочмондор оюнун мактап, колго чет элдик туристтер 2 эсе коп келгенин айтып отту... Стивен Сигл Ысык-Колго келип кеткен туристтерди санап отуруптурбу?!! Сивен Сиглдин бул интервьюсу Маевскийдин бийлик даярдап берген интервьюсуна окшоп кетип жаткан жери жокпу?!! Кандай ойлойсунар?!!
16.09.2017. 17:38 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
29-01-2017
Соӊку аракети:
19-06-2019 15:23
Жынысы:
Белгисиз
+23
Путиндин бош убактысы ото аз, анын устуно Путин пайдасыз нерселерге убакыт коротпойт!!!

Путиндин алдына каяктагы бир кыргыз журналисти эмес, Россиянын же Европа, АКШнын менмин деген журналисттери киргизилбейт! Демек Путин каяктагы бир кыргыз журналисти менен Атамбаев тууралуу 12-15 мунот убак коротконуна караганда, бул интервью кыргыз бийлигинин, Атамбаевдин коптон-коп отунучу менен ишке ашкан жана бул алдыдагы шайлоого байланыштуу деп ойлоого толук негиз бар!!!!
17.09.2017. 08:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
17-03-2016
Соӊку аракети:
27-02-2019 00:16
Жынысы:
Белгисиз
+6
revolyutsiya1,
"Кайактагы бир кыргыз" абдан эле орой айтып салдынызго ошол кайактагы деген жерде озунуз жашап жада калса жаранысыз. Жеринизди элинизди сыйлай билиниз.
16.09.2017. 17:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
11-03-2017
Соӊку аракети:
12-03-2018 23:20
Жынысы:
Белгисиз
-6
путин деле адамда . неге сурдонот
16.09.2017. 17:46 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
29-01-2017
Соӊку аракети:
19-06-2019 15:23
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бул интервью кыргыз-орус алакасынан кобуроок Атамбаев тууралуу болду го, калп айтуунун эмне кереги бар?!! Эми бул интервью мамлекеттик "дужур" телеканалдар аркылуу кайра кайра кайталанып корсотулуп жатат...

Эми Атамбаев тактан кетээринде, "мына мен кандай адаммын, мени кимдер гана мактап жатат" деп айтып мактанып журушу учун, бир чети Путин Атамбаевди жана анын мураскерин колдойт деген пикирди элге синирип жатат....
16.09.2017. 17:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
19-02-2020 14:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле оздорунчо саясатчы сорой,айтарым журналист эжейге мин рахмат,улуу инсан Путинден жеке интервью алыш бул жогорку жетишкендик
16.09.2017. 17:52 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
29-01-2017
Соӊку аракети:
19-06-2019 15:23
Жынысы:
Белгисиз
+10
Rusi79, Атамбай уюштуруп берсе, даяр жазылуу суроолорду узатып коюп отура берет да...

Путин орус журналисттерин кабыл албайт да, кантип эле кыргыз журналистине 12-15 мунот убактысын болуп калды деп ойлонуп корбодунбу башты иштетип?!!.....
16.09.2017. 23:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
248
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
08-12-2019 01:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
-1
revolyutsiya1, мынча куйуктун сен журналист аялга))) туздан тийгизип алчы, дем албай суйлогон адамдай толтуруп таштапсынго комментарийлерди. Атамбаев алып барабы,Исаков жонотобу, кагаздан окуп береби,же туну мн жаттап чыкканбы ким билет.Эми башкысы тиги аял учун унутулгус коз ирмем, эстен кеткис интервью болуптур.Дуйнодогу эн тасирдуу инсан мн маектешкен баардык адамдар учун сыймык,суйунучуно кошулуп суйунуп кое берели Самара Каримова мн деле селфилдеп койуп кыйла толкунданышатко элдер
AKCAHAT түзөттү 2017-09-16 23:25:43
17.09.2017. 01:03 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
29-01-2017
Соӊку аракети:
19-06-2019 15:23
Жынысы:
Белгисиз
+5
AKCAHAT, Путинден 12 мунот интервью алуу бул аял учун омурундогу эн бактылуу коз ирмем болсо болгондур... Ал мага кызык эмес... Мен картинаны толук коргум келет... Ал эми бул аял ошол картинадагы бир чекит болгону...

Картина деп Путин бул интервьюга кандайча макул болгону жана бул интервьюнун артында Атамбаевдин кандай кызыкчылыктары бар, божомолдоп санап оттум...

Жогоруда айтканымдай, сага ал аялдын бактысы маанилуу болсо, мага жалпы картина кызык...
16.09.2017. 17:50 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
29-01-2017
Соӊку аракети:
19-06-2019 15:23
Жынысы:
Белгисиз
+18
Атамбаев,

Путин эмне деген кундо да, сенин кандай экенинди эл жакшы билет!!! Кыргызстан тарыхында мындай апенди чалыш адам олко башына келген эмес.... Эл Акаев менен Бакиевди жаман деп журсо, эми сенин "фокустарынды" коргон эл Акаев, Бакиев жакшы экен эле деп баштады!!! Анткени сенин башкаруун тиги экоонукунон хуже и хуже (хуже некуда) болуп чыкты... Копчулуктун сени короорго козу калбады!!!

Билип кой Атамбаев,
Путин эмне деген кундо да, эл сени жек корот!
revolyutsiya1 түзөттү 2017-09-16 17:53:12
16.09.2017. 19:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
149
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
23-01-2020 15:42
Жынысы:
Белгисиз
+6
revolyutsiya1,кой эми болду,соттолуп кетесин!
16.09.2017. 20:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
03-10-2013
Соӊку аракети:
10-10-2017 11:17
Жынысы:
Белгисиз
+6
Putin atanar bolbogondon kiyin, kyrgyz uchun ter tokkulo
16.09.2017. 22:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
165
Катталган:
21-01-2015
Соӊку аракети:
19-02-2020 18:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан-Москва
0
Сулуу болуп,орус тилин так суйлой албаса кыйын болмок,эн башкысы тилде!
16.09.2017. 23:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2445
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
19-02-2020 22:04
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал жерде кандай суроо жооп болду ошол кызык болуп жатат мага.
17.09.2017. 02:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
12-05-2013
Соӊку аракети:
19-02-2020 23:50
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жалаң эле Атамбаевди мактады Путин.
17.09.2017. 04:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
03-01-2018 11:36
Жынысы:
Белгисиз
-3
Азаматсын Сыягул!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: