super.kg logo

Мамтил комиссиясы: "Орус тилинин макамы 1 депутаттын сунушу менен мамлекеттик болуп өзгөртүлбөйт"

 

Жогорку Кеңештин 12-сентябрдагы жыйынында депутат Ирина Карамушкина орус тилине мамлекеттик деген макам берүүнү сунуштаган. Муну ал кыргыз тилин билбегендер мамлекеттик кызматка ишке кирерде айрым тоскоолдуктарга туш болуп жатканы менен түшүндүргөн.

Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасынын орун басары Медербек Аким уулу тилдерди бири-бирине каршы койбоо керектигин белгилеп, макам бир депутаттын сунушу менен берилбей турганын айтты.

"Депутат Ирина Карамушкина Конституциялык укугун пайдаланып өз оюн айтты. Мамлекеттик макам Конституция менен берилет. Конституция жалпы элдик референдум аркылуу өзгөртүлөт. Макам берүү бир депутаттын же бир топ адамдын колунан келбейт. Расмий тил жөнүндө жана мамлекеттик тил жөнүндө өзүнчө мыйзам бар", - деди ал.

Анын билдиришинче, 2016-жылы кабыл алынган "Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат" тууралуу мыйзамда квалификациялык талаптар бар. Анда мамлекеттик кызматта иштегендер кызматтык ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүү ченемдери каралган.

"Азыр биз мамлекеттик, расмий жана БУУнун 1 расмий тилин билген жаңы муунду өстүрөлү деп жатабыз. Орус тили - Пушкиндин тили аны билген жакшы, англис тилин билгендик андан жакшы. Тилдерди бири-бирине каршы койгон туура эмес. Мыйзамда кыргыз тили кыргыздар үчүн гана деп айтылган эмес. Биз Кыргыздын жараны катары кыргыз тилин билүүгө милдеттүүбүз. Бул улуттук иденттүүлүккө алып келет", - деп кошумчалады.

Орус тили Кыргыз Республикасында расмий тил болуп саналат. Макамы боюнча расмий тил мамлекеттик тил болгон кыргыз тилинен төмөн турат. Ошондой эле Казакстанда, Өзбекстанда (ЖААК бөлүмдөрүндө), Тажикстанда (мыйзам жазууда), Абхазияда жана Украина, Румыния, Молдовиянын айрым аймактарында документтер орус тилинде жүргүзүлөт. Ал эми Орусияда, Беларусь Республикасында, Түштүк Осетияда мамлекеттик жана расмий тил болуп эсептелет. Мындан сырткары орус тили БУУ, ЖККУ, КМШ, ШКУ өңдүү эл аралык уюмдарда расмий тил болуп эсептелет.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(11)
13.09.2017. 17:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
26-09-2016
Соӊку аракети:
09-12-2019 22:28
Жынысы:
Белгисиз
+6
Журокту оордуна келтирген кабар экен.
13.09.2017. 21:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
194
Катталган:
04-11-2016
Соӊку аракети:
11-06-2018 21:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Lekarstvosvoegomuja,Салижан Жигитов агабыз айткандай кыргызга орусча айтпасан тушунбойт дегендей биринчи кыргыздар эне тилибизди барктап озубуз суйлошубуз керек.Башка улуттар эч качан кыргыз тилибизге куйбойт.
13.09.2017. 17:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
193
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
10-07-2019 13:20
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ээ урдум ушул Карамушкинаны
13.09.2017. 17:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
193
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
10-07-2019 13:20
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акча десе апасында атасында кошуп саткандарды урдум
13.09.2017. 17:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
340
Катталган:
09-02-2017
Соӊку аракети:
14-02-2020 00:31
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ухххх,ушинтсенер кичине.Карамушкина катуу кетти.Мандатынан ажыратыыш керек негизи.Партиясыз шайлоо болгондо,муну эч ким шайлабайт болчу
13.09.2017. 18:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
289
Катталган:
08-01-2017
Соӊку аракети:
23-02-2020 22:48
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карамушкина ХХХХ деп койбоптурда
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-14 10:52:47
13.09.2017. 20:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
19-11-2016
Соӊку аракети:
17-12-2018 14:19
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз эн биринчи эне тилибиз кыргыз тилин жакшылап уйронуп алалы. Орус тили каяктан?! Мекендештер эне тилди сыйлайлы, барктайлы жана нукура кыргыз тилинде суйлошолу. Кагаз жузундо кыргызча жазылып, кочодо, маршруткада орусча суйлошпой эле коёлу. Орусча суйлосок шаардык жетишкен болуп калбайбыз. Кыргыз - тили менен кыргыз.
13.09.2017. 21:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
08-02-2018 12:35
Жынысы:
Белгисиз
+1
kyrgyz-patriotu,туура айтасын Улут тили менен улут Озбекче эмес Оручса эмес Кыргызча суйлойлу туугандар!!
13.09.2017. 23:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
30-08-2015
Соӊку аракети:
12-06-2019 06:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Башталды уже. Вася министр болду. Эми орустарга кыргызча суйлодун деп эле камап салбаса... Кудай сактасын
14.09.2017. 00:23 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1129
Катталган:
01-06-2017
Соӊку аракети:
01-08-2018 14:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул киши оз эне тилине куйобербейт окшойт, орус тили Пушкиндин тили дейтко, билсен Пушкиндин тили менен суйлогондор Кыргыз элин 1916 жылы тукум курут кылышмак болгон.
14.09.2017. 10:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
31-03-2017
Соӊку аракети:
20-09-2017 18:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка тилди уйронуу бул эн жакшы,бирок оз эне тилин кыргыз тилин билбөө бул эн маскарапоздук!Андай болушуна жол бербейбиз!Аесыз деле көпчүлүгүбүз кыргызча аз сүйлөп бара жатабыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137872;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: