super.kg logo

Эне сүтүн эмизүүнү колдоо жумалыгынын алкагында адистер баланы 2 жашка чейин эмизүү керектигин айтышты

 
Эне сүтүн эмизүүнү колдоо жумалыгында катышуучулар бийлеп, флешмоб өткөрүштү.
Бала эмизген энеге үй-бүлө мүчөлөрү да кам көрүшү керектиги маанилүү. Эне балага мээрим төгүшү үчүн маанайы жакшы болуусу абзел. Атасы бала эмгенден кийин наристени көкүрөгүнө жаткырса баланы тамагы бат сиңет.
Адистер кош бойлуу кезде баланы эмизүү балага зыян алып келбейт деген пикирин айтышты. Бала эмизүү боюнча кеңешчи Елена Акылбекова эки баласын тең бир учурда эмизген күндөрүн айтып берди.
Бала канчалык көп эмсе организмде сүт ошончолук көп иштелип чыгат. Баланы эмизүүнү токтотууда аз-аздан эмизүү керек. Күндүз уктар алдында эмизбей ырдап, жомок айтып берип, сылап уктатканга үйрөткөн туура. Бала аз эмген сайын сүт тартылып кетет.
Эне сүтү жугуштуу оорулардын алдын алат
Медицина илимдеринин доктору Турсун Мамырбаева ЮНИСЕФтин Кыргыздагы өкүлдөрү менен.

Жыл сайын 1-7-август күндөрү дүйнөнүн 170 өлкөсү, анын ичинде Кыргыз мамлекети балага эне сүтүн эмизүү жумалыгын белгилейт. Жумалыктын алкагында Бишкекте адистер ата-энелер менен жолугушуу өткөрүштү.

Эне сүтү - баланын жашоосунун эң сонун башталышы, ал эми эмизүү - балага болгон сүйүү жана анын келечегине көргөн камкордук. Бала бакыт, наристе менен түздөн түз байланышуу же бала эмизүү өзүнчө ырахат. Баласына эмчек сүтүн эмизип чоңойтуу табигый көрүнүш болгону менен, замандын өзгөрүшүнө жараша эне сүтүн ордун баса турган кошулмалар сатыкка чыккан. Энелер кезиккен жерде балдарын эрмектеп сүйлөшөт эмеспи. Анда "балам эмчек сүтүнө тойбой жатат, ошондуктан буламык берем", "эмизгенде эмчектин формасы бузулат, андан көрө кошумча тамак берейин", "мен чай ичпесем башым ооруйт, балама да ошон үчүн чай берем. Ал чай ичем деп айта албайт эмеспи", "балам суусаган чыгар, бир аз суу берейин", "менин сүтүм көк же суюк экен, ошого кошулмалардан тамак даярдап берем" деген сөздөрдү угууга болот. Бул сөздөр канчалык чындыкка дал келери тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, профессор Турсун Мамырбаева айтып берди.

Ал өзүнүн 30 жылдык тажрыйбасында туш болгон окуяларына токтолуп, төрөтканада эле сүт кошулган чайды жаңы төрөлгөн балдарына берген энелерди жолуктурганын айтат.

"Жаңы туулган ымыркайга эне сүтү суусундук да, тамак да боло алат. Эненин сүтүнөн артык балага эч нерсенин кереги жок. Балага да, энеге да эмчек эмизген абдан пайдалуу. Мисалы, түн ичинде туруп кошулмалардан тамак даярдаганда идиштин жуулганы, суу тазалыгы боюнча кепилдик жок. Баланы 6 айга чейин эч кандай кошумча тамак бербей эне сүтү менен баккан туура", - деди Мамырбаева.

Бала эмизүү эненин дене түзүлүшүнүн өзгөрүшүнө таасир этпешин айтып өтүштү. Ошону менен бирге 6 айга толо элек балага суу, чай берүүгө болбой турганын белгилешти.

"Балага суу бергенде анын ашказанынын бир бөлүгүн суу ээлеп калат. Мындан улам сүт аз эмет. Эне сүтүн эмген бала суусайт деген туура эмес", - дейт бала эмизүү боюнча адис Елена Акылбекова.

Энелер дарыгерлерге бала эмизүүгө байланыштуу уккан кептеринен тартып баланы туура тамактандырууга чейинки суроолорун беришти. Ал эми уюштуруучулар даярдаган суроолорго жооп берген катышуучуларга белектер тапшырылды.

Адистерден жаш балалуулар үчүн 7 кеңеш.
1. 6 айга чейин ымыркайыңызга жалаң эмчек эмизиңиз. Бул анын ден соолугу чың жана келечектен жолдуу болуп чоңоюшуна өбөлгө түзөт.

2. 6 айга чейин ымыркайга эч кандай тамак бербеңиз, атүгүл суу же чай да ичирбеш керек. Сиздин эмчек сүтүңүздө балаңыздын ден соолугуна жана өсүшүнө керектүү азыктардын баары толук жетиштүү (суусу да, сиңимдүү тамактары да камтылган).

3. Балаңызды шашылбай эмизиңиз. Бир эмчегиңиздеги сүттү какшыта эмизиңиз, ошондо ал сууну да, сиңимдүү азыктарды да толугу менен алат. Ошондон кийин гана экинчи эмчегиңизди эмизе баштайсыз.

4. Балаңызды өзү каалаган учурда эмизиңиз жана эмчегиңизди ал моокуму кангыча эмгидей болсун. Сиз балаңызды күнү-түнү менен канчалык көп эмизсеңиз, эмчек сүтүңүз да ошончолук мол болот. Ошондо балаңыз кана тойот.

5. Бала 2 жашка чыккыча эмчек эмизгенди уланта бериңиз.

6. Эмчек эмизип жатканыңызда балаңыз менен баарлашуунун эң ыңгайлуу шарты келет. Анын көзүнө карап, жылмайыңыз, мээримиңизди төгүңүз. Балаңыз жетилген сайын аны менен тынымсыз сүйлөшө бериңиз жана сөздөрүңүздү ар түрдүү үндөр жана жаңсоолор менен коштоп туруңуз.

7. Балаңызга чоң жана ачык түстүү оюнчуктарды берип, балаңыз аларды суктана карап, оюнчуктарга умтулгудай болсун.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(6)
06.08.2017. 14:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
25-06-2014
Соӊку аракети:
22-01-2020 08:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+8
Сонун!!Баланы эмизген кандай гана ырахат!Бул бакытты ар бир аял затына каалайм)))
06.08.2017. 15:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
19-01-2020 01:14
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баланы созсуз эмизуу керек,кийин ата энесине куйумдуу болот
Орустар эмизбеген учун ата энесин карабайт олгонундо келлип квар н алышат
06.08.2017. 16:01 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
413
Катталган:
16-02-2017
Соӊку аракети:
30-03-2019 14:30
Жынысы:
Белгисиз
0
2 жашка чейин болбосо да 1-1,5 жашка чейин эмизуу керек...
06.08.2017. 16:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
19-03-2016
Соӊку аракети:
30-11-2017 08:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Куран китебинде айтылган 2жашка чейин деп....
06.08.2017. 22:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
280
Катталган:
17-09-2010
Соӊку аракети:
11-12-2019 23:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек-Ankara
0
Кээ бир педиатрлар баланын ичи катканда 2-3 кашык суу бергиле деп айтышат.
07.08.2017. 08:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
10-01-2015
Соӊку аракети:
07-01-2020 09:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бойумдагы торт айлык болгуча колумдагы кызымды эмизип журдум бешинчи айга откондо эмчегимдин урптору ооруй баштаганда чыгарып салдым бирок ичи да отподу кускан да жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136389;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: