реклама
super.kg logo

MC_Doncha'нын зордукталган Диана Шурыгина тууралуу ролиги блоггердин сынына кабылды

 

Данияр Айтман

Популярдуу вайнер MC_Doncha кезектеги ролигинде Орусияда зордукталган өспүрүм Диана Шурыгина тууралуу ырдаган. Бул ролиги бир жума ичинде 595 354 жолу көрүлүп, "Пусть говорят" телеберүүсүнө барууга себеп болгон. Ролик блоггер Данияр Айтмандын сынына кабылды. Блоггер өзүнүн оюн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Жамандыктын жүзү көп. Алардын бирин - таң калычтуусун жана аңкоосун төмөнүрөөк көрө аласыз. Бул Данияр Токтомаметов, көбүнө Инстаграмдагы кыска музыкалдуу видеороликтери аркылуу MC_Doncha катары таанылган. Балага 500 миңдей колдонуучу жазылган, анын клиптери менен Тимати өзү бөлүшкөн, аны өзүнүн телеберүүсүнө Андрей Малахов эки ирет чакырды. Кыскасын айтканда, MC_Doncha чыныгы жылдызга айланды. Кадимкидей эле, кыргыздар мекендеши чет өлкөгө таанылгандан кубанышты. "Жаштар агат оңго, жаштар агат солго" деп ырдап калышкан Дончаны кумир туткандар. Айтмакчы, ага даңкты алып келген бул ырда Донча орусча чала сабаттуу сүйлөгөн "мырктын" образында (өзү орусча жакшы сүйлөйт) аны кабыл албай койгон кыз тууралуу таарынган, капаланган үн менен ырдаган: "Сен мени колдондуң, а мен сени сүйөм". Кыз аны "майонез жана "грамотный" дюшес" менен тойгузган балага бербей койгон. Ыр күлкүлүү, тамашалуу көрүнөт, баары эле ошондой кабыл алышкан. Бирок Дончанын акыркы видеолорунан улам анын алгачкы хитинде кадимки мизогиния байкалууда. Тагыраагы, эркектин аялга болгон капасы, жек көрүүсү.MC Doncha, Диана Шурыгина

Орусияда Диана Шурыгина аттуу кыз зордукталган. Зордукчуну камашты, ал эми малдай болгон эл катмары кылмышкерди колдоп, Диананы өзүн зордуктоого "провокация жараткан" деп, жалаа жаап жатышат. Иш элге тарап кетти. Диана Орусияга таанылды, аны теле алып баруучулар, блоггерлер жана ар кандай белгилүүлөр тебелеп кетишти. Башкалардын баары үчүн 17 жаштагы кыздын ич кийиминин астына кирүү кызыктуу болуп, анын интимдик жашоосун талкуулагылары келди. Биздин Донча ушу жерден чыга калды. Жакынкы күндөрү Малаховдун "Пусть говорят" телеберүүсүнө барып, Диананы "дурус эле балдарды" 8 жылга соттотконуна күнөөлөдү. Чынында "мырк" Дончанын сахналык образы эмес, анын өзү экен.

Донча Диананы бир жакка жибергени тууралуу ролик жарыялады, ал жарым миллиондой кароого ээ болду. Эми Донча малдай болгондордун кумирине айланды. Чыныгы эркек, эмне дейм. Эркек аялдын намысын коргобойт, эркек аялды жаманатты кылат жана андан акча табат. Донча - ал тамаша эмес. Бул аялдарга таарынган агрессивдүү армиялуу ырчы. Ишенбесеңер, анын Инстаграмына кирип көрүңүз. Эгер силер, "мизогиния" эмне экенин билбеген болсоңор, анын кандай экенин көрөсүңөр. Донча, балким, сен кыйын баласың, бирок сени "эркек" деп биологиялык жактан гана атоого болот", - деген Данияр Айтман.

Диана Шурыгинага жасалган мемБелгилей кетсек, Диана Шурыгина 2016-жылы 31-мартта Ульяновскто Сергей Семёнов тарабынан зордукталганы аныкталган. Шурыгина 1-апрелде арызы менен укук коргоо органдарына кайрылып, декабрь айында зордукчу 8 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк жогорку инстанциядагы сот Семёновду 3 жыл, 3 айга кескен. Бул окуя коомчулукка Шурыгина январь айында "Пусть говорят" телеберүүсүнө келгенден кийин тарап кеткен. Коомчулук экиге бөлүнүп, бири кызды алдамчылыкка күнөөлөсө, бири аны коргоого киришкен. Анын эфирдеги сөздөрү бир нече мемдерди жараткан.



МС Дончанын Диана Шурыгинага арнаган ыры

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
Медиа-портал
10.03.2017. 11:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
10-07-2016
Соӊку аракети:
29-03-2020 11:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас
+4
Супер
10.03.2017. 11:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
420
Катталган:
14-08-2016
Соӊку аракети:
25-09-2017 18:31
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ошондо Мс Дончаны гей дегени турабы э.
Озун аябай которуп алган го,аябай бийик сезип,бироону сындап.
10.03.2017. 11:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
06-04-2011
Соӊку аракети:
28-03-2020 20:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+5
Туура, бироону, болгондо да кыз кишини эмнеге антип послать этет?
10.03.2017. 12:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
258
Катталган:
08-06-2011
Соӊку аракети:
26-03-2020 19:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Рига
+5
Ал жерде биз шам кармап турбагандан кийин,мазактоо,каралоодон алыс бололу.Ар ким колу менен жасаганын мойну менен тартат...убакыт сааты чыкканда.
10.03.2017. 13:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
149
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
26-03-2020 11:58
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Жылдыз"болуп бараткан го биздин"Донча".Жон эле дюшестер жонундо ырдап журо бербептир да.
10.03.2017. 13:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
07-05-2015
Соӊку аракети:
09-10-2018 23:36
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушу бизди уяат кыла турган болду кыргыз эли Чынгыз Курманжан Бусара айтсан деги коп ушулар сяакту адамдар талантары менен кыргыз Элин дуйно жузуно таныткан каяактагы нукулин болуп дабдыргалап чыгат ушу
10.03.2017. 13:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
521
Катталган:
01-02-2015
Соӊку аракети:
02-11-2019 10:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-2
Диана Шурыгина мас болобу алдамчылык кылабы ..мыйзам деген бар да.Жигит өзүнүн жазасын алыш керек деп ойлойм.Диана жылдыз болуп кеттиго, бизге чейин талкуу кылынып.Өзү ал кызга бир аз жетишпейт экен, бирок 8 жылга түрмөгө отургузуп туура кылды.Ал эми Донча тиги жигитти норм. жигит деп ырдабай эле койбопсуң.Кылмышына жараша жаза алыш керек.Андан көрө #надонышке деп пародия чыгарсаң жакшы болмок экен
10.03.2017. 13:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
138
Катталган:
04-08-2016
Соӊку аракети:
03-08-2017 22:14
Жынысы:
Белгисиз
+2
А че красавчик азыр ушундай кыздар кобойуп кетти жон жерден подстава кылып.кебетисинен эле корунуп турбайбы кандай кыз экени
10.03.2017. 14:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
31-07-2013
Соӊку аракети:
22-08-2018 19:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кант
+2
Окурмандар,силерден сураныч ушул Диана Шурыгинанын катышуусундагы "пусть говорят"тын 3 (уч) жолу чыгарылышын корсонор,анан терениреек тушуносунор.Аял заты болсом да Диана тарапта боло албадым,мен, жок жерден 8 жылга камалып кеткен Сергейдин тарапташымын.А биздин Дончага келсек бул ырдаганы ерунда,себеби интернеттен Диана жонундо мындан да жаман нерселер журот.
10.03.2017. 15:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
658
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
28-03-2020 15:24
Жынысы:
Белгисиз
+5
"Пусть говорят"ты толугу менен кордум бул кызга бир аз жетишпегендей ой калды.
10.03.2017. 15:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
386
Катталган:
09-07-2016
Соӊку аракети:
29-09-2019 13:06
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу дончадай болуп хит боло албай жалаа жапканын. Озун ХХХ экенсин чынында.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-03-10 16:00:47
10.03.2017. 16:02 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8497
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
29-03-2020 11:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur1k, этика нормаларын сактаңыз!
10.03.2017. 18:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
19-08-2016
Соӊку аракети:
05-09-2018 19:01
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул Данияр дегени Дончанын популярный болуп кеткенине тымызын ичи куйуп жургондой го,анан шанстан пайдаланып ага болгон ичкуйдусун чыгарып алгандай туюлду мага, Диана просто шылтоо болуптур да ага...
Иди на деген жерин ашырып жибериптир бирок Донча...
11.03.2017. 19:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
281
Катталган:
19-10-2013
Соӊку аракети:
12-09-2018 09:38
Жынысы:
Белгисиз
0
lady_91,tochno
11.03.2017. 02:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
10-09-2016
Соӊку аракети:
07-03-2020 05:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ЖАШАСЫН
0
Мен вообще тушунбодум))
11.03.2017. 14:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
10-09-2016
Соӊку аракети:
24-01-2018 21:47
Жынысы:
Белгисиз
+3
хмм ким бул озу Данияр Айтманынар.Шурыгинанын баардык видеолорун коруп анан кандай кыз экенин билип жазбайбы.Ал зордукталган кызга окшобойт жон эле озун пиар кылып жатат.Данияр Айтмандын кучу МСДончага эле жетиппи.Ошол передачада Соболев,Эдуард дагы канчалаган адамдар ал кызга каршы и паска уруп суйлоп ырдап эле журушотко,кыйын экен ошолорго жооп жазбайбы УЙДО БААТЫР ЖОЛДО ЖОК БОЛБОЙ.МС Дончага ийгилик кообуроок чыга берсин ушундай вайнерлер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140096;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: