реклама
super.kg logo

Авиакырсык: 17-январь өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыяланды

 

Бишкектин четиндеги авиакырсыкка байланыштуу Кыргыз Республикасында 17-январь аза күтүү күнү деп жарыяланды. Маалыматты бүгүн, 16-январда президенттик аппараттан билдиришти. Буйрукта булар айтылат:

  • Кыргыз Республикасында 2017-жылдын 17-январы аза күтүү күнү деп жарыялансын.
  • Аза күтүү күнү Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу түшүрүлсүн.
  • Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга керектүү жардамдарды берип, колдоо көрсөтсүн.
  • Бул жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Курулуш башкармалыгынын дачаларындагы (Дачи СУ) үйлөрдүн үстүнө Боинг учагы кулаган. Гонконг-Стамбул багытында бараткан жүк ташуучу Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөнү айтылды. Бишкектен май куюп алып, андан ары Түркияга учмак. Акыркы маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 35ке жетти. Булардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар. Оор абалда ооруканада жаткандар дагы бар. Окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Транспорт жана жол министрлигинин жетекчилери, премьер-министр жүрөт. Аэропорт убактылуу жабылды.

Акыркы жолу өлкөдө 2016-жылдын 29-августунда аза күтүү күнү жарыяланган. Бул чечим Орусияда өрт кырсыгынан 14 Кыргыз жаранынын каза болушунан улам кабыл алынган.


кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
16.01.2017. 11:46 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
456
Катталган:
14-08-2016
Соӊку аракети:
22-07-2017 12:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
+9
Баардыгы бейишке чыгышсын!
Seryi-Kardinal түзөттү 2017-01-16 11:47:27
16.01.2017. 11:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
11-03-2012
Соӊку аракети:
12-02-2020 19:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-5
Ошондо аза кутуу куну качан?
16.01.2017. 13:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
14-01-2015
Соӊку аракети:
07-11-2019 16:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+1
juma11anara,Эртен 17.01.2017 жыл!!!
16.01.2017. 13:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
11-03-2012
Соӊку аракети:
12-02-2020 19:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Begimkyz.,Кеч болсо да рахмат маалыматынызга.
16.01.2017. 13:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
20-10-2016
Соӊку аракети:
10-11-2018 11:38
Жынысы:
Белгисиз
+2
Begimkyz.,Аллахым жаман кырсыктан өзү сактасын Кыргыз элимди
16.01.2017. 13:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
386
Катталган:
09-07-2016
Соӊку аракети:
29-09-2019 13:06
Жынысы:
Белгисиз
0
juma11anara, сага каза болгондон да аза кутуу куну маанилуу окшойт э? Эхх эмне дешимди да билбей турам жаткан жерлеруу жайлуу топурагы торко болсун(((
16.01.2017. 13:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
31-03-2020 01:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаман болуптур,конул айтабыз
16.01.2017. 17:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
12-04-2015
Соӊку аракети:
30-03-2020 19:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
АКСЫ
+1
жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун.
19.01.2017. 13:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
23-07-2013
Соӊку аракети:
11-03-2020 11:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек - Ысык-Кол
0
Жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140232;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: