super.kg logo

Жыл тогошуп жаткан мүнөттөрдө көз жарган энелер үйлөрүнө чыгарылды

 
Баткен районунун тургуну Күйлү кызы Айпери
Жаңылай деген ысымды алган ымыркай
Ак-Талаа районунун тургуну Бурулсун Ботоканова
Жаңы жыл майрамында төрөлгөн кичинекей Арууке

2017-жыл жаңырган түнү саат 00:00дө Кыргыз өлкөсүндө эки кыз төрөлдү. Наристелердин биринин энеси Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылынын, экинчиси Баткен облусунун Баткен районундагы Чоң-Кара айылынын тургундары.

SUPER.KG порталы энелерди кош майрамы менен куттуктап, абалын сурады.

Ымыркайды жарык дүйнөгө алып келген Чоң-Кара айылынын 22 жаштагы тургуну Күйлү кызы Айпери: "Кызым 3 килограмм 480 грамм болуп төрөлдү. Төрөттү кабыл алган акушерлерге чоң рахмат! 3 күн төрөтканада жатып, андан соң үйгө чыктык. Абалыбыз жакшы. Кызым Жаңы жыл майрамында төрөлгөндүктөн, атын Жаңылай деп койдук. Мындан улуу дагы бир кызыбыз бар", - дейт.

Ал эми Ак-Талаа районунун тургуну, 27 жаштагы Бурулсун Ботоканова: "30-декабрь күнү саат 20:00 чамасында төрөт үйүнө келгем. 3 килограмм 200 грамм салмакта кыз төрөдүм. Бул үчүнчү кызыбыз болуп үй-бүлөбүздүн катарын толуктады. Атын Арууке деп койдук. Төрөт үйүнөн бүгүн, 4-январда үйгө чыгарылдык", - деп билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдиргендей, 31-декабрда эртең мененки саат 08:00дөн тарта 1-январь, 08:00гө чейин өлкө боюнча 316 наристе жарык дүйнөгө келген. Анын 155и уул болсо, 161 ымыркай - кыз.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.01.2017. 17:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
251
Катталган:
02-11-2015
Соӊку аракети:
22-04-2018 00:57
Жынысы:
Белгисиз
-8
Бул келиндердин уй булолоруно, батир бериш керек мамлекет ушундайларды эске алса жакшы болор эле...
04.01.2017. 23:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
217
Катталган:
31-08-2010
Соӊку аракети:
18-02-2020 12:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек, Каракол
+1
Бешик боонор бек болсун эн негизгиси аттарын кыргызча коюпсунар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: