реклама
super.kg logo

Депутаттар министрди кытайлык компаниянын Лексусун минип жүргөнү үчүн сынга алышты. Ал кечирим сурады

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 17-октябрдагы отурумунда депутаттар транспорт жана жол министри Замирбек Айдаровду "Чайна Роуд" кытайлык компаниясынын Лексус LX 570 автоунаасын пайдаланып жүргөнү үчүн сынга алышты.

Депутат Улан Примовдун айтымында, чиновниктер жөнөкөй жарандардай жүргөнгө үйрөнүшү керек. "Тендерлерге катышкан компаниянын сунушунан баш тартыш керек эле, анткени ал компаниядан министрлик көз каранды болуп калышы мүмкүн. Тендерге алдын ала шарт түзгөндөй болуп калат", - деди Примов.

Министр жооп бергендей, Транспорт жана жол министрлигинде 2 кызматтык унаа бар. "Бул унаалардын кыймылдаткычынын көлөмү 2,7 литр. Мындай унаалар менен көп жакка баруу мүмкүн эмес. Менин оюмча, аталган компаниянын унаасын пайдаланып туруудан мамлекетке эч кандай зыян келтирилген жок", - деди министр Айдаров.

Депутат Төрөбай Зулпукаров эгер Кытайда кайсы бир чиновник ушундай ишке барган болсо, аны атып салышарын айтты. Андан соң Зулпукаров "Чайна Роуд" компаниясынын Кыргыз Республикасындагы тендерлерге катышканын текшерип чыгууну тапшырды.

Бул маселени талкуулоонун жыйынтыгында министр Айдаров депутаттардан кечирим сурады. "Эми мындай кайталанбайт. Лексус унаасы менен көп ишти аткардым десем жаңылышпайм", - деди чиновник.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
17.10.2016. 13:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
565
Катталган:
23-08-2011
Соӊку аракети:
01-04-2020 13:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Лексус 570 2.7 литр дегенине ишенбей жатам ! Бензинге кеткен чыгымды текшерсе эле чыгат! Мамлекетти булар менчиктеп эле алыштыгоо !эч бир жоопкерчилик жок! Японияда дачасына служебный машинеси мн барганы учун эле жумуштан кетип жатат! А булар куноосун бетине койсон да, кечирип койгула деп отурганын кара?
17.10.2016. 13:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
543
Катталган:
13-03-2015
Соӊку аракети:
02-04-2020 23:03
Жынысы:
Белгисиз
+5
future_kg,лексус 570 обьему 5.7 Ал айтып атат 2.8 обьемду мингим келбейт дейт.
17.10.2016. 14:25 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
456
Катталган:
14-08-2016
Соӊку аракети:
22-07-2017 12:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
+2
ke4irbegile
17.10.2016. 14:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
270
Катталган:
01-04-2014
Соӊку аракети:
15-04-2017 18:54
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой уятсыз десе, тезинен кызматтан бошотуу керек! Эмне силерге баары боло береби? 2-3-күн мурун Япониядагы губернатор кызматтык унаасы менен дачага барганы үчүн кызматтан кетти, ал деген башка малекеттин атуулунун автомашинасын айдап жатат. Канча эссе кооптуу болушу мүмкүн, эртең ким кепилдик берет, ал мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн каршы иштеп коет деп! Чыккынчы!
17.10.2016. 16:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
22-12-2015
Соӊку аракети:
23-11-2018 00:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+2
Биздеда өлүм жазасын киргизиш керек
17.10.2016. 16:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
13-04-2013
Соӊку аракети:
03-04-2020 00:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
Муну чыккынчылык катары караш керек. Чыккынчыга кечирим болбойт. Кызматынан жон эле кетип калса да ага женил жаза.
17.10.2016. 19:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
04-10-2013
Соӊку аракети:
24-08-2018 23:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул-коррупциясынын ачык туру, оор кылмыш!!! Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоо абзел болчу, бирок АШАнын уруксатысыз бир кадам алга ташталбастыгы азыркы оппозиция соройлорунун жузу, болгон дарамети!!! Ошол эле жепжутарлар эмне учун анын жасаган кыймыл аракеттине юридикалык баа беруу учун тиешелуу органдарга кайрылган жок, эгер официалдуу кайрылганда тиешелуу кызматтык иликтоолор журмок беле!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140467;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: