реклама
super.kg logo

Депутаттарга жаңы 120 кресло сатылып алынды

 

Жогорку Кеңештин депутаттарына жаңы креслолор сатылып алынды. Маалыматты 7-октябрда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан тастыкташты. Креслолор донорлордун акчасына сатылып алынганы, бюджеттен эч кандай каражат жумшалбаганы айтылды. Депутаттардын отургучун жаңылоого эл аралык уюмдардын бири жардам көрсөткөн, баасы канчадан экени маалымдалган жок.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 8-октябрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарына 2 миллион 682 миң сом сарптап жаңы 120 кресло сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Сатылып алынуучу 120 кресло интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкууну жаратып, нааразычылыктардан кийин парламент бул тендерди жокко чыгарган эле. Депутаттарга баары бир жаңы кресло сатылып алынарын 4-ноябрдагы парламент жыйынында спикерликке талапкер Асылбек Жээнбеков билдирген. Айтылгандай эле, баары бир сатылып алынды.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 4 миллиард 75 миллион долларга жетти. Карыздын өсүшүнө чиновниктердин ушул сыяктуу муктаждыктарына жумшалган акчалар, сырттан алынган гранттар жана насыялар да себепчи болууда. Ошол эле учурда өлкөдө донорлордун каржылык колдоосуна муктаж жарыксыз же таза суусуз айылдар көп.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(36)
07.10.2016. 10:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
202
Катталган:
20-04-2016
Соӊку аракети:
28-04-2017 13:42
Жынысы:
Белгисиз
+22
Чириген компьютерге эми жаңы креслолор жарашпай калбайбы?
07.10.2016. 12:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
602
Катталган:
07-03-2016
Соӊку аракети:
26-02-2020 12:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кадамжай
+5
take220281,
Креслолорду алмаштырганча 120 депутаты кошо алмаштырышпаптырда (((((( эхххх
07.10.2016. 16:19 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
429
Катталган:
10-06-2016
Соӊку аракети:
04-06-2018 17:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
Донорлор 120 креслонун акчасын, 12000 креслодой кылып чыгарып алат.
Бул уюмдар элди бузууга гана келет.
07.10.2016. 10:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
15-05-2016
Соӊку аракети:
17-01-2020 19:06
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эмне дешти да билбейм буларга,озубуз куноолуубузго дейм шайлап алган ушундай жепжутаттарды. Элдин эсебинен чириген компьютеринерди да алмаштыргыла эми .
07.10.2016. 10:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
126
Катталган:
09-12-2012
Соӊку аракети:
03-04-2020 06:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
Oreanda,туура
07.10.2016. 10:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
155
Катталган:
22-02-2016
Соӊку аракети:
25-10-2016 11:05
Жынысы:
Белгисиз
+19
Креслого эле жалка да.120-150кг салмакты которгонго.Креслодон коро турмодон 120места алып берсе болмок
07.10.2016. 16:20 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
429
Катталган:
10-06-2016
Соӊку аракети:
04-06-2018 17:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
Түрмөдө буларды ким багат ? Балким Тынар айтсакчы 120 койду сатып жиберип, 70-80 депутат отуругузабыз ?
07.10.2016. 10:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
17-09-2014
Соӊку аракети:
02-04-2020 14:35
Жынысы:
Белгисиз
+26
кааласанар мени банга кетиргиле бирок мынабул 120 ХХХ колунан ХХХ да келбейт оздорун ойлогондон башканы билбеген ХХХ.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-07 12:18:30
07.10.2016. 12:18 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8505
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
02-04-2020 22:44
Жынысы:
Белгисиз
-9
suksuraliev1990, этика нормаларын сактаңыз!
07.10.2016. 10:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
451
Катталган:
15-10-2012
Соӊку аракети:
31-01-2018 10:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+13
Буларга мин айтсан да соз жетбейт экен да.Ошол эски креслосу баарыныкы эле эскирип жараксыз абалга келбесе керек эле.Бул жепутаттар жаны креслону да жеп жутуп сындырышат.Буларга негизи эле алыскы Алай куу ороонунун кызыл карагайынан кыйып алып келип, пилорамадан жалпак узуун кылып тилдирип,200 дук мык менен туш тарабын мыктап олтургуч кылып бериш керек болуп калды.Бул 120 килолук адамдарга ошол тутот,а так кресло азыркылары назик эртен эле сындырышат буларын.Анан аны да сындырса ташка олтурсун.
07.10.2016. 10:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
20-11-2007
Соӊку аракети:
02-04-2020 23:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
г. Бишкек
+14
Элди эмес, жамбаштарын катуу сыйлашат да
07.10.2016. 10:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
257
Катталган:
16-05-2016
Соӊку аракети:
25-02-2017 01:29
Жынысы:
Белгисиз
+10
жок кимисинин пулу бар ар бири өздөрүнө жакканын өз акчасына сатып ала бербейби дейм да жарыя боло беришпей. Эми малдарга миң какшасан деле сөз жетпей атса кантесиң. Жалаң өзгөрүлуш болуп башкале поколегия келип отуруп калса экен,булардын тукумун үзүш аябай эле кыйын болду го. Нааалып атып өзүбүз булардан мурун өлө турган болдук
07.10.2016. 11:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
12-04-2016
Соӊку аракети:
03-12-2018 15:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
АЙ
+2
бийликке жалан жаштарды отургузуш керек
07.10.2016. 11:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
29-06-2014
Соӊку аракети:
03-02-2019 12:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эски креслолорун багы депутат айым айткандай чабан .саанчыга окшогон мугалимдерге беришсин жуксун жуксун болот баламы мектепке апарсам парта жетишбейт деп албады ушуга окшогон койгойго конул бурсанар
07.10.2016. 11:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
356
Катталган:
25-06-2016
Соӊку аракети:
19-02-2019 13:38
Жынысы:
Белгисиз
-6
Буйурсун, бекер кресло болсо жаманбы. Бекер болсо ала бергиле.
07.10.2016. 11:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
17-03-2016
Соӊку аракети:
04-11-2017 15:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+6
жон эле койбоптурда ушуну кыйратып иштеп койгонсуп мисалы мектептерде ооруканаларда тынымсыз иштеп сынган катуу стулдарда эле отуруп келе жатышатго
07.10.2016. 11:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
565
Катталган:
23-08-2011
Соӊку аракети:
01-04-2020 13:04
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жанар мырза буга эмне дээр экен ? Же буроонун Бекер акчасына жылуу-жумшак унчукпай отура берет бекен?
07.10.2016. 16:21 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
429
Катталган:
10-06-2016
Соӊку аракети:
04-06-2018 17:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бекер акчанын да бир талабы бар да.
07.10.2016. 11:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
01-12-2014
Соӊку аракети:
02-04-2020 23:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Буларды шайлап алданып калган экенбиз.Кийинки шайлоого катышпай деле койсок болчудай экен.
07.10.2016. 11:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
13-04-2014
Соӊку аракети:
31-03-2020 16:57
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бардык комментарийлерге +
07.10.2016. 11:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
10-12-2015
Соӊку аракети:
29-03-2020 22:51
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чириген компьютеринерди да алмаштыргыла, силерге кыргыз эли толук шарт тузуп бербесе кыз боозуп энесин коркутат дегендей эле болуп атасынар!
07.10.2016. 12:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
876
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
02-04-2020 21:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+2
Буларга акчасы кымбатка тушсо да сессия учурунда уктап калса же копко чейин келбей койсо май куйрука шиш сайылгыдай кылып жасап бериш керек. Болбосо булар уктап чардагандан башка жарытарлык иш кылбайт.
07.10.2016. 12:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1490
Катталган:
04-03-2015
Соӊку аракети:
03-04-2020 05:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эркин Тоо
+1
Ойлонуп алданбай шайлайлы эмкисин озубуз куноолубуз жанбашын сыйлагандар кереги жок бизге элди сыйлаган керек бизге
07.10.2016. 16:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
257
Катталган:
16-05-2016
Соӊку аракети:
25-02-2017 01:29
Жынысы:
Белгисиз
0
zhykyo,эмкиси деле ушу да аккан арыктан суу агып атат го
07.10.2016. 12:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
187
Катталган:
16-01-2015
Соӊку аракети:
03-04-2020 02:15
Жынысы:
Белгисиз
+5
Артынардан муйуз осуп чыкса экен ошол креслого олтуруп
07.10.2016. 12:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
187
Катталган:
16-01-2015
Соӊку аракети:
03-04-2020 02:15
Жынысы:
Белгисиз
+3
Республиканский больница да лифт эскилиги жетип кунуно 3 жолу бузулат операция болгон адамды нары бери которуп кыйнап атат айла жок жок дегенде корунуктуу республикалык больницаны ондосо ошол кеткен акчага канчалаган адамдар раазы болмок
07.10.2016. 16:24 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
429
Катталган:
10-06-2016
Соӊку аракети:
04-06-2018 17:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
Больницанын эмне кереги бар ? Ооруп калса президент баш болуп Туруияга же Москвага барып дарыланып келет.
Ошол өзүнүн өлкөсүндө жатып дарылана турган шарт түзө албаган Атамбаевге уят. Балдарыма да , неберелериме да айтам :)
07.10.2016. 12:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
07-04-2018 11:42
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bulardychy napsi degen balee bashkarat Allahga koiduk, akyretke barchu kununor dele alys emes baarynar omurunordun 60paiyzyn jawap koidunar oilongulachy.....
07.10.2016. 12:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
04-03-2014
Соӊку аракети:
07-09-2017 16:19
Жынысы:
Белгисиз
+1
Отурган креслосун актабайт бул жеп жутарлар
07.10.2016. 13:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
228
Катталган:
04-12-2015
Соӊку аракети:
03-01-2017 20:42
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мээси аз иштеп жарытпаган жеп ичкенден башканы билбеген байкуштарды мынча не барктадык.Европанын Россиянын парламенттеринин депутаттары олбой эле иштеп атышат жонокой эле олтургучка олтурушуп компьютери жок эле.Англияны карагыла бир местада экиден учтон тыгылып жардамчысы жок эле эл учун иштеп атышат.Биздикилер эле кутурду го кудайдын тун уулунан бешбетер.Жок эле дегенде бир аз кирди чыкты акылы болсо да мейли дейт элек
07.10.2016. 13:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
263
Катталган:
27-12-2014
Соӊку аракети:
02-04-2020 20:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+2
Буларга кресло жалка да аны да сындырат. Буларга дөңгөч эле бериш керек 120кгдан 150 кг га дөңгөч эле чыдайт. Мектептерге парта стол алып берсе болмок
07.10.2016. 13:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
07-12-2015
Соӊку аракети:
29-11-2018 10:21
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тордон орун тийген болсо нааданга,
Босогодо калганына арданба....
07.10.2016. 14:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
26-04-2014
Соӊку аракети:
05-12-2019 18:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечээ сессия коруп отуруп бир нерсеге тан калдым,залда аааз эле депутат отурду,анан эле добушка келгенде 88 депутат добуш берди!Уялбастан келбеген депутаттардын ордуна кантип добуш беришти?Эмнеге келишпейт?Креслонун эмне кереги бар буларга?Асмандан келбеди го коротулган акчалар!Карызыбыз чачыбыздан коп болуп кетти го!Ким жооп берет буларга?
07.10.2016. 14:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
26-04-2014
Соӊку аракети:
05-12-2019 18:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Замандаш"партиясына добушумду бердим эле,ким билет алар отсо кандай иш кылышаарын,кийинки шайлоого барбайм,озумду 5жыл куноолу сезбеш учун
08.10.2016. 07:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
641
Катталган:
02-10-2015
Соӊку аракети:
26-08-2019 21:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Qnet,КСДПга бердим деп койсом канча минус болот экен!
07.10.2016. 18:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
26-12-2015
Соӊку аракети:
01-04-2020 11:02
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ит экенсинер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140467;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: