super.kg logo
«Жылдын супер балбаны» (Добуш берүү токтотулган)


Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү)
93,6% (1105)
Жоломан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү)
2,5% (29)
Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү)
1,2% (14)
Атабек Азисбеков (грек-рим күрөшү)
0,9% (11)
Каныбек Жолчубеков (грек-рим күрөшү)
0,9% (11)
Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү)
0,6% (7)
Мурат Романов (грек-рим күрөшү)
0,3% (4)

Жалпы добуш (1181)


Венера Юн: "Банк кызматкерлеринин айынан баламдын жүрөк оорусу кармап, кызымдын оорусу күчөп каза болду"

 

Бүгүн, 27-сентябрда Бишкекте насыяга коюлган үйдү бошотуу учурунда Насыя алгандардын укугун коргоо уюмунун мүчөлөрү менен милиция кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Аталган уюмдун өкүлү Кубан Чороев үйдү күрөөгө коюуда алдамчылык фактысы болгонун айтып, буларга токтолду: “Бүгүн Улуттук илимдер академиясында насыя алып, аны төлөй албай калгандардын чогулушу болмок. Ага өкмөттүн, Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышмак. Үйү бошотулуп жаткан Венера Юн да Насыя алгандардын укугун коргоо уюмунун мүчөсү. Мындан улам уюмдун айрым өкүлдөрү анын үйүндө чогулуп, Илимдер академиясына келишмек. Ошол учурда сот аткаруучулар милиция кызматкерлери менен келип, үйдү бошотуу керектигин айтышкан. Анан эки ортодо түшүнбөстүктөр чыгып кетти”.

Ал эми үй ээси Венера Юн Бишкектеги “Халык Банктын” кызмат адамдарын жана Чыңгыз Жакыповду жоопко тартуу боюнча тиешелүү жактарга арыз жазган. Арызда 2013-жылдын башында “Халык Банктан” 44 айга 100 миң доллар насыя алып, ал үчүн Күрөңкеев көчөсүндөгү турак үйүн күрөөгө койгону жазылган.

2013-жылдын февраль айынан 2014-жылдын март айына чейин жалпы 47 593 доллар банкка төлөгөм. Кийин банктан акча алууда ортомчу болгон Ли С.Н., Ким К.В., жана Ли Р.Н. аттуу жарандар мени 105 миң долларга алдап кетишти. Мындан улам банкка тиешелүү сумманы убагында төлөй албай калдым. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 2015-жылдын 25-февралында мени жана жолдошумду үйдөн чыгаруу боюнча чечим чыгарды. Соттун чечими күчүнө кире электе эле, тактап айтканда, 26-февралда “Халык Банктын” кызматкерлери Чыңгыз Жакыпов аттуу жаранга мыйзамсыз сатышкан. Ошол учурда турак үйдүн бааланган баасы 101 160 долларды түзгөн, бирок алар 91 миң долларга сатышкан. Келишимге ылайык, турак үй бааланган баасынан төмөн сатылбаш керек болчу”, - дейт Венера Юн.

Ошондой эле ал арызда окуядан улам баласы жана кызы каза болгонун жазган. “2014-жылдын 15-декабрында банктан үйдөн чыгаруу боюнча кагаз келген. Аны окуган балам Андрей Кимдин жүрөк оорусу кармап, анын кесепетинен каза болгон. Эки айдан кийин банк кызматкерлери дагы келишип, кызым Татьяна Ким менен уруша кетишкен. Натыйжада кызымдын мурдагы боор оорусу күчөп, ал дагы каза тапты. Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында үйгө келген сот аткаруучу менен банк кызматкерлеринин кысымынан улам жолдошум Сергей Кимдин жүрөк оорусу кармап, жандандыруу бөлүмүнө жатып калды”.

Бул боюнча “Халык Банкка” кайрылганыбызда, банк кызматкери турак үй 2015-жылы сатылганын, бүгүнкү үйдөн чыгаруу процессине эч кандай тиешеси жок экенин айтып, башка маалымат берүүдөн баш тартты.



Бишкекте насыяга коюлган үйдү бошотуу учурунда чыр чыкты

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
Медиа-портал
27.09.2016. 16:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
23-10-2015
Соӊку аракети:
30-05-2018 04:25
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кыргыздын аялдары ажылдап маданиятсыз болуп кеттик уят.
27.09.2016. 19:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
179
Катталган:
02-04-2013
Соӊку аракети:
03-12-2019 18:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Орустун батири
+10
Алып жатканда эч ойлонбостон алышат да кредитти.Как будто беуер берип жаткандай...
27.09.2016. 19:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
02-04-2014
Соӊку аракети:
14-11-2019 17:19
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мына сага!Кредит далай адамдын омурун алып тыныптыр да...
27.09.2016. 20:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
23-02-2013
Соӊку аракети:
16-12-2018 12:10
Жынысы:
Белгисиз
+3
уйумду тартып алды деп банк кызматкерлерин сотко бергенче ойлонуш керек да алып жатканда баардык шартына макул болуп эртерээк берсе экен деп алабыз да алган акчаны колдонуп салгандан кийин тологубуз келбей... бул адамдык сапатка жатпайт.
27.09.2016. 21:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
21-03-2012
Соӊку аракети:
14-10-2019 20:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
100 мин доллар да алабы
27.09.2016. 21:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
09-01-2012
Соӊку аракети:
22-10-2018 00:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+3
Пайызы менен толомокко карыз акча алуу биздин шариятка туура келбейт.
Медиа-портал
27.09.2016. 22:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
05-12-2019 23:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас
+2
Анда кредит албай эле койбойбу.
Медиа-портал
28.09.2016. 02:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
160
Катталган:
08-03-2016
Соӊку аракети:
18-05-2019 13:55
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жараткан Аллахым сактасын кредит алып калгандан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134910;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: