super.kg logo

Акындардын тилге арналган ыр саптары: "Эне тилин эсирип чангандарды, Эне тилде ашатып сөккүм келет!"

 

Бүгүн, 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү. Кыргыз тили - Кыргыз Республикасынын негизги калкынын, кыргыз улутунун тили. Эне тилди сүйүү ар бир атуулдун адамдык парзы, тагыраагы, эне тил - адамдын кан-жаны менен кошо бүткөн, боор эт менен тең, эч нерсе менен алмаштыргыс ыйык дөөлөтү, сыймыгы.

Кыргыз тили байыркы бай тилдердин бири экендиги тарых барактарында маалымдалат. Бирок заманбап жашоо, технологиянын өнүгүшү, неологизмдердин (жаңы сөздөр) пайда болушу да кыргыз тилине өз таасирин тийгизген. Андыктан кыргыз тилин кадырлоо, сүйүү, өнүктүрүү тууралуу көптөгөн иш-чаралар, акциялар жүргүзүлүп келет.

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата назарыңыздарга эне тили тууралуу жазылган ыр саптарын сунуштайбыз. Ал эми кээ бир ыр саптары кыскартылып берилди.

Алтынбек Исмаилов

"Мен - кыргызмын!"

Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон.

Ташты сыгып тарыхты тапкым келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!

Байдылда Сарногоев

Тоо инженер Молдобек,
Дайым сүйлөйт орусча.
"Привет" деп кол берет,
Тааныштары жолукса.
Агроном Дүйшө да,
Же орусча так билбейт.
Кыштакта туулуп-өссө да,
Кыргызчалап аз сүйлөйт.
Бассаң, турсаң эрте-кеч,
Байка алардын балдарын.
Аталары келсе кез
"Папалашат" ар дайым.
Орус тили жылдызда,
Биздин улуу заманда...
Бирок кыргыз кыргызча,
Сүйлөбөсө жаман да!
Эне тилин билбеген,
Эси жогун аныктайт.
Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт.

Шайлообек Дүйшеев

"Эне тилин унуткандар"

Чырмалышкан иштин да чатышы бар,
Чындыктын да чыгышы, батышы бар.
Чытырмандын Кудайы пил эле эмес,
Чымындын да жашоого акысы бар.

Сайдын дагы башталган башаты бар,
Саяпкердин сактаган такасы бар.
Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да,
Өз тилинде чардаган бакасы бар.

"Кыргызмын" дейсиң мага,
Кыйшактап бийлеп туруп.
"Кыргызмын" дейсиң мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп.

Кыргыз эмес, кыргызды жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхын унуткандар.
Кыргыз эмес, кыйшайтып калпак кийип,
Кадыр-баркын калкынын куруткандар!

Тил жоголбойт, жоголсо, жоголот дил,
Уулуң дагы, кызың да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган,
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес.

Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
"
Жылт" эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан менен,
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!

Тил жоголбойт, жоголсо, жоголот дил.
Тукумуң да, тууруң да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

Жеңишбек Жумакадыр

"Кыргыз тилим минип калды араба"

Буга чейин айтты далай акындар,
Антсе дагы айта турган акым бар.
Кыргыз болуп төрөлгөндөр,
Кыргыз тилин унутууга, айтчы, кандай акың бар?

Кыргыз туруп орусчалап сүйлөгөн,
Өз баласын орусчалап тилдеген.
Кыргыз туруп кыргыз тилин сүйбөгөн,
Арабызда кыз-уландар жок бекен,
Салам менен "приветтин" айырмасын билбеген.

Казактарды карагыла, казакча го ырлары,
Өзбектерди карагыла, өзбекче ырдады.
Орусчалап бийлегин деп,
Орусчалап сүйлөгүн деп силерди ким кыйнады?
Чет тилди да үйрөнөлү,
Бирок анын с
үйлөй турган жери бар,
Ата-бабам айтып келген, ар нерсенин чеги бар.
Айткылачы, кыргыздарым,
Кыргыз тилдин башка тилден кай жеринен кеми бар?

Таза туруп баттык окшойт санаага,
Ак нерсени алмаштырдык карага.
"Ата" дешти алмаштырып "папага",
"Эне" дешти алмаштырдык "мамага".
Башка тилдер минип жүрсө Мерседес,
Кыргыз тилим минип калды араба.

Кыргыз дебейм, кыргыз үчүн көксөбөгөн максатты,
Кыргыз дебейм, элди бөлгөн, жерди бөлгөн аймакты.
Кыргыз дебейм, сатып жүргөн өз мекенин, там-ташты,
Кыргыз дебейм, өз тилинде сүйлөбөгөн акмакты.

Бул ыр саптары Кочкор районундагы А.Жалпетеков атындагы мектептин кыргыз тили, адабияты мугалими Сыдыкбек Самүдүновго таандык.

Эне тилин өгөйлөп жектегендер,
Эне тил элегинен өтпөгөндөр,
Кыргыздын өзүн чанып, сөзүн чанып,
Кыргызча кымыз ичип, эт жегендер,
Калайык, айткылачы, булар кимдер?

Улуттук ар-намысты тепсегендер,
Улуттун кадырына жетпегендер,
Өздөн чыккан жат болуп, дилин сатып,
Өзүнүн маңкурттугун сезбегендер,
Кыргызым, айт чыныңды, булар кимдер?

Бабабыз Манас тилин билбегендер,
Балдарына орусча сүйлөгөндөр,
Калкы эмес, керт башынын камын көрүп,
Кыргызга кымындай да күйбөгөндөр,
Оо, журтум, айткылачы, булар кимдер?

Кыргыздын ак калпагын кийбегендер,
Кыргыздын эсебинен күн көргөндөр,
Туя албай эне тилдин улуулугун,
Түбөлүк жан дүйнөсү кирдегендер,
Эл-журтум, айткылачы, булар кимдер?



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(7)
23.09.2016. 14:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
386
Катталган:
09-07-2016
Соӊку аракети:
29-09-2019 13:06
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туштукто озбекче аралаш тундукто Орусча аралаш... Тилибиз жонокой эшек араба эмес чолок, бир козу корбогон эшек араба минип калдыго чиркин.
23.09.2016. 14:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
04-11-2015
Соӊку аракети:
02-08-2019 05:33
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандай гана жагымдуу алтын саптар !
23.09.2016. 15:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
30-03-2015
Соӊку аракети:
13-01-2018 21:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
ген пракрор кыргыз аял кыргызчаны акцент менен суйлогон тилди тоолук билбейт екен ошондой адамдарды ишге койгондорго нааразымын
23.09.2016. 16:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
07-05-2015
Соӊку аракети:
17-04-2019 08:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Коп тил билуу азыркы заманда жакшы денизчи.Бирок керектуу учурда колдонсок жакшы болмок.Кандай дейсиздер??? Улут болсон тилин менен улутсун демекчи,келгиле тилибизди урматтайлы данктайлы сыйлайлы.
23.09.2016. 18:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
208
Катталган:
12-01-2016
Соӊку аракети:
24-12-2016 09:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз тил
23.09.2016. 18:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
208
Катталган:
12-01-2016
Соӊку аракети:
24-12-2016 09:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча жазса жакшы болот
23.09.2016. 18:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
208
Катталган:
12-01-2016
Соӊку аракети:
24-12-2016 09:14
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз тил комиссия сы Ош шаарындагы газеталарды карабайбы кенири озбекче жазып журот го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 2 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 2) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132547;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: