super.kg logo
«Жылдын супер ырчы мырзасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Бош орундар жарманкеси – жумуш орундарын табуу, өзүнүн талантын көрсөтүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк

 

2016-жылдын 25-июнунда Чолпон-Ата шаарындагы борбордук гүл бакчада эл аралык бош орундар жарманкеси болуп өттү. Анда Бишкек шаарындагы белгилүү уюлдук кызмат көрсөткөн компаниялар, банктар, туристтик фирмалар жумуш издеген жаштарга консультация берип, каалоочулардын резюмесин алып жатышты.

Жарманкенин ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Кадр кызматынын түндүк аймагынын жетекчиси Нуркул Алдаяров, Борбордук Азиядагы Евразия фондунун аткаруучу директору Динара Мусабекова сөз сүйлөдү.

“Бош орундар жарманкеси – мүмкүнчүлүктөрдүн иш-чарасы, себеби бул жерде көп сандагы кызыктуу бош орундар чогултулган. Биз бул жерге болушунча Бишкек шаарындагы "Мегаком", "Демир банк", "КICB" сыяктуу ири жумуш берүүчү компанияларды чакырганбыз. Ошондой эле бүгүнкү иш-чарадан Ысык-Көл облусунда жайгашкан пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн жумуш берүүчүлөрүнөн сезондук бош орундар тууралуу маалымат ала аласыздар.

Бош орундар жарманкесинде 45тен ашуун жумуш берүүчүнүн бир нече миңден ашуун бош орундары назарыңыздарга сунушталып жатат. Ошондуктан жаштар үчүн бул жарманке - татыктуу жумуш орундарын табуу жана өзүнүн талантын, өнөрлөрүн көрсөтүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк.

Бул иш-чара Борбордук Азиядагы Евразия фонду тарабынан уюштурулган “Жаштар ишкердиги” долбоорунун алкагында “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын каржылоосунда уюштурулуп жатканын белгилеп кетейин. Долбоор Ысык-Көл облусундагы жаштарды колдоого багытталгандыктан, Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат”, - деп билдирди Борбордук Азиядагы Евразия фондунун аткаруучу директору Динара Мусабекова.

Андан соң келген конокторго, жарманкенин катышуучуларына арналган чакан майрамдык концерт болду. Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү таланттуу ырчы Аяна Касымова, рэп ырчысы Баястан өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле атайын келгендерге бекер лотерея билеттери таратылып, ойнотулду. Бактылуу билеттин ээлери кызыктыруучу белектерге ээ болушту.

Жарманкенин алкагында жумуш берүүчүлөр каалоочуларга резюме түзүү, коштомо кат жазуу жана маектешүүдөн кантип ийгиликтүү өтүү керектиги тууралуу мастер-класстарды көрсөтүштү.

"Жаштарды колдоо жана алардын потенциалын өнүктүрүү – биздин компаниянын туруктуу өнүктүрүү боюнча маанилүү түпкү максаттарынын бири. Бош орундар жарманкеси “Жаштар ишкердиги” долбоорунун алкагында өтүп, бул убактылуу жана туруктуу иш менен камсыз болууга жаштарга мүмкүндүк берет”, - дейт Тобокелдерди башкаруу, нормативдик негизди сактоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын вице-президенти Родни Ступарик.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
28.06.2016. 09:41 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
429
Катталган:
10-06-2016
Соӊку аракети:
04-06-2018 17:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр ойдогу ишти табуу кыйын. Перспектива болсо кирип ала бериш керек.
Анча мынчалар ишке киргенде эле толтура акча кармагысы келет. Бирок көп акча көп убакытты талап кылаи экен .
28.06.2016. 10:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
81
Катталган:
04-03-2013
Соӊку аракети:
13-11-2019 17:54
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай нерселерди Кыргызстандын башкада аймактарында откорсо болбойт бекен? Бир гана колдо откоро бербей.... Башка жактагы жаштардында иштегилери келетко...
28.06.2016. 19:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
404
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
27-08-2019 00:30
Жынысы:
Белгисиз
0
tynar92kg,колдо биринчиле жолу отуп жатат
28.06.2016. 22:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
18-03-2015
Соӊку аракети:
07-11-2019 13:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуга окшогон жарманкелерден жумуш тапкандар деги эле барбы озу?
29.06.2016. 06:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
205
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
28-10-2019 12:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Исфана
0
Жарманкеге Билайн компантясынан да чакырбапсынар себеби компаниянын акысыз 0611 номуруна чалганда атайын адистер бош эмес болгондуктан 10муноттон ашык кутот экенсин адам ошондой кыйынчылыктарга богот коюп атайын жаны кадрларды даярдаса жакшы болмок эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: