super.kg logo
«Жылдын супер ырчы мырзасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


"Центерра Голд" Кыргыз Республикасы тараптан экологиялык дооматтар жөнүндө билдирет

 

"Центерра Голд Инк." компаниясы (мындан ары: "Центерра" же "Компания") Кыргыз Республикасында Бишкек райондор аралык соту 2016-жылдын 25-майында "Центерранын" 100 пайыз туунду компаниясы "Кумтөр Оперейтинг Компанияга" (КОК) карата КРнын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын (ЭТКМИ) экологиялык дооматтарын канааттандырып, 6 698 878 290 сом компенсация төлөөгө милдеттендиргени жөнүндө билдирет.

ЭТКМИ бош текти "Кумтөрдүн" төгүндүлөрүндө жайгаштырууда өнөр жай жана тиричилик калдыктарына колдонулуучу тарифтер боюнча акы төлөөгө жатат деп тастыктады. Ошентип, Бишкек шаарынын райондор аралык соту ЭТКМИнин экинчи дооматын канааттандырды, себеби 24.05.2016-жылы ЭТКМИнин өнөр жай жана чарбалык-тиричилик агындыларын тазалоочу жабдуулардын эсепке алынбаган калдыктарына байланыштуу 663 839 сомго дооматы канааттандырылган.

"Центерра" жана КОК ЭТКМИнин дооматтарында билдирилген талаптарга таптакыр каршы жана эки соттук чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна жана зарылчылык болсо, КРнын Жогорку Сотуна даттанмакчы. Андан тышкары "Центерра" да, КОК да мындай түрдөгү талаштарды эл аралык арбитражга берүү укугун колдоно алары белгилүү. Мурда түшүндүрүлгөндөй, "Центерра" ЭТКМИ да, КТЧКжТЧМА да койгон талаптарга таптакыр каршы жана ал дооматтарды орунсуз деп эсептейт. "Кумтөр" долбоорунун ишмердүүлүгү толугу менен долбоор боюнча 2009-жылкы келишимди так аткарууга багытталып, келишимдеги макулдашуулар аркылуу жөнгө салынат. Бул макулдашуулар өзүнө 2009-жылдагы кайра каралган инвестициялык келишимди камтып, анда "Кумтөр" долбоору боюнча бардык милдеттүү төлөмдөр менен салыктар жана башка төлөмдөрдүн толук тизмеси камтылат.

Андан тышкары "Кумтөр" долбоору көптөгөн жылдар бою кыргыз жана эл аралык эксперттерди тартуу менен жүргүзүлгөн системдүү текшерүүлөр жана иликтөөлөргө алынып, алар "Центерра" компаниясынын Директорлор кеңешинин Коопсуздук, ден соолукту жана курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери боюнча комитетинин өтүнүчү боюнча "Кумтөр" тарабынан коопсуздук, ден соолукту жана курчап турган чөйрөнү коргоо нормативдеринин сакталуу маселесин тыкан изилдеп чыгышкан.

Компания "Кумтөр" долбоору иштеген бүт мезгил аралыгында КРнын мамлекеттик органдары менен конструктивдүү нукта жемиштүү, тыгыз кызматташкан жана "Кумтөр" долбооруна таасир этүүчү бардык талаш маселелерди, анын ичинде:
а) ЭТКМИ жана КТЧКжТЧМА тарабынан экологиялык дооматтар;

б) КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан "Кумтөр Голд Компани" (КГК) компаниясынан "Центерра" компаниясына 200 миллион АКШ доллар суммасындагы корпорация ичинде дивидендди которуу жана бул дооматтын алкагында 2016-жылдын 28-апрелинде КГКнын Бишкек кеңсесинде тинтүү жүргүзүү фактысы боюнча;

в) Башкы прокуратура тарабынан коюлган "Кумтөрдүн" жерди пайдалануу сертификатын жокко чыгаруу жана бир катар аянттарды "Кумтөрдүн" концессиялык аймагынан алып коюу;

г) Алардын жоктугу "Кумтөр" долбоорунун 2016-жылдын 1-июлунда токтоосуна алып келүүчү кен ишканасынын ар жылдык иш планы боюнча уруксат берүү жана макулдашуулар жөнүндө азыркыга чейин чечилбеген маселени чечүү максатында мындан ары да бул кызматташуу милдеттенмесинен баш тартпайт.

Ошол эле учурда компания "Кумтөр" долбоорунун иштешине таасир этүүчү бардык же кайсы бир маселени ийгиликтүү чече аларынан эч кандай кепилдик жок. Аталган жагдайда КРнын Өкмөтү жана парламенти "Кумтөр" долбоору боюнча макулдашууларга КРнын Өкмөтүнүн милдеттенмелери дал келбөөчү, мисалы, "Денонсация жөнүндө" мыйзамды же "Кумтөр" долбоору боюнча макулдашуулардын же КРда ага байланыштуу кабыл алынган мыйзамдарды жокко чыгаруу же токтотуу каралган башка мыйзам кабыл алууга алып барбайт деген да кепилдиги жок.

Бардык көрсөтүлгөн маселелерди ийгиликтүү чечүүнүн мүмкүн эместиги компаниянын болочок накталай агымдары, кирешелери, өндүрүштүк натыйжалары жана финансылык абалын алганда олуттуу терс кесепеттерге ээ болушу мүмкүн.

Пресс-релиз толугу менен бул жерде: http://www.kumtor.kg/kg/centerra-gold-provides-update-on-kyrgyz-republic-environmental-claims/


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
30.05.2016. 15:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
350
Катталган:
10-01-2015
Соӊку аракети:
12-11-2019 16:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне болду ошондо эми...2009-жылкы келишимге такап туруп кыргыз окмотунун койгон дооматтар четке кагып аты жокун коргозуп бир тыйын толобой койоун деп жатабы? Бизге Кыргыз мамлекетине аягына туруп онуккон мамлекет болуусуна бир ден бир булак ушу Кумтор кени болчу эгерде адамдык напсисин тыйып элине келечек муунга бираз ойлонуп алдым жуттумду озум олбойун деген чиновниктер жок болгондо. Азыр ошол дооматтан оной кутулуп кетуусуно да чириген ириген адаидар жардам берет,бир тыйын толобойт деп ойлойм
31.05.2016. 09:09 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-11-2014
Соӊку аракети:
31-01-2017 14:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БиШкЕк
+1
Каерде эле Кумтор Кыргызстанга "экологиянарга зыян келтирип алдык, мегиле акча"-деп акча толоп журду эле?
31.05.2016. 11:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
12-01-2012
Соӊку аракети:
12-09-2017 23:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Азаматсыңар райондор аралык соту, бул багытыңардан тайбай Кыргызстандын таламын талашып жүрө бергиле. Патриот экенсиңер, Рахмат. Бирок алар Жогорку сотко кайрылып, пара берүү менен соттон жеңип кетпесе экен.
05.10.2016. 00:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
26-09-2016
Соӊку аракети:
13-11-2019 19:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай жерлерди сатканга эле даяр чондор. Озубуздо бар алтынды озубуз колдоно албайбыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: