super.kg logo
«Жылдын супер актёру»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Беш жүз сомдон башталган бизнес

 

Ооба, учурда бүтүндөй Жети-Өгүз районун кошулмасы жок таза чүчпара менен камсыздап жаткан Улан Маматов ишти адеп 500 сомдон эле баштаган. Ошондуктан "жакшы идея болсо, акча өзү табылат" деп бекеринен айтылбаган чыгар...

Улан Маматов Каарманыбыз элчилеп жогорку окуу жайда окуйм деп опурулбай, Бишкектеги №91-лицейден ашпозчу-кондитер кесибине ээ болгон. Окуусун аяктаган соң жарым жылча борбор калаадагы кафелерде, кондитердик цехтерде иштеп, өндүрүш технологиясын мыктылап өздөштүрөт. Жеке ишкердик менен алектенүүгө көзү жеткенде 2007-жылы туулуп-өскөн Тамга айылына жөнөгөн.

Алгач 500 сомго эт сатып келип, үй шартында чүчпара даярдап, жергиликтүү дүкөндөргө сатыкка чыгарат. Өндүрүмдүн курамы баары таза азыктардан болгондуктан элге даамы жагып, суроо-талап түшө баштаган. Бара-бара той өткөргөндөрдөн буйрутмалар көбөйгөндө эптеп 10 миң сомго бир тоңдургуч (морозильник) сатып алат. Ити чөп жеп, иши жүрүшкөн ишкердин өндүрүш көлөмү барган сайын артып, цехти кеңейтүү максатында 2012-жылы үйдү соодалап, кошумча насыя алып жаңы имаратка көчөт.

"Бизнесте улам бир нерсеси бүтсө, бир нерсеси чыга берет экен" деген Улан мырза: "Кичи көлөмдүү тоңдургучтар тез бузулат жана өндүрүм да бат бузулуучу азыктарга киргендиктен, чоң тоңдургуч камера орнотуу зарыл болду. Анын үстүнө камерада иштөө жеңил. Көлөмдү дагы көбөйтүп, Жети-Өгүздү гана эмес, көлдү тегерете камсыздап, андан ары Бишкекке, Казакстанга чейин чыгуу планым бар",- дейт.

Бирок тапканы жумушчулардын айлыгына жана насыяны жабууга кеткендиктен, төрт жылдан бери сактоочу камерага жетпей келсе, быйыл кыялы орундалып кубанычы койнуна батпай турган кези. Дегеним, былтыр көл кылаасындагы жаштарды көтөрүү максатында уюштурулган "Жаштар ишкерчилиги" долбооруна катышып, мыкты бизнес идеяга ээ 17 жеңүүчүнүн катарына кирген.

Аталган иш-чараны толугу менен каржылаган "Кумтөр" сыйлык катары 10 миң доллар бөлүп, кечээ жакында Түштүк Кореяда чыгарылган өндүрүм сактоочу жабдууларды сатып берди. Биринин көлөмү 6 куб метрди түзүп, чийки азыктарды сактоого ылайыкталса, экинчиси 20 метр кубдук камера даяр өндүрүм чүчпарага арналган.

Сыйлыкка жеткирген долбоордун шарты боюнча беш кишини ишке алуу шарты коюлган, Улан мырза болсо учурда жети адамды жумуш менен камсыздоодо. Алардын бешөө чүчпара түйүү менен алектенип, ар бири күнүнө 20 килограммдан 50 килограммга чейин өндүрүм чыгарышат. Айлыгы иштегенине жараша, 1 килограмм чүчпарага 11 сом каралган. Бакубат турмуш эмгек менен жараларын айткан Улан мырза чүчпара менен чектелбей ассортиментке манты, фрикадельки жана котлета да кошкон.

Бизнести 21 жашында алакандай акчага баштаган Улан мырза иш жок деп алакан жайып отурган жаштарды изденүүгө чакырат. "Башында мен да коркком, бирок аракет кылсаң баары болот турбайбы" деген ал: "Күнүмдүк жашоого акча болуп турсун деп үйдөгү өрүктүн кагын соодалап, андан түшкөн 500 сом менен баштаган иш ушундай чоң бизнеске айланарын ошол учурда ойлогон эмесмин. Адамдын колунан баары келет. Сувенир жасап, бул жердеги санаторийлерге барып сатып, түшкөн акчага экини, анан үчтү жасап дегендей, айлантуу, акчаны туура пайдаланууга үйрөнүү керек. Жумуш жок деп мамлекетти жамандап, өкмөткө таарынбай, жаштар бир нерсе жасаса. Биз жасабасак ким жасайт? Аракет кылсаң анан мамлекет да жардам кылат, мына минтип "Кумтөрдүкүндөй" долбоорлор каралашат",- деп жаштарды тагдырын өз колуна алып, ак эмгек менен бакубат турмуш курууга үгүттөйт.

Айтемир Аскеров



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(18)
14.04.2016. 10:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
24-07-2012
Соӊку аракети:
16-10-2019 20:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+7
Азамат
14.04.2016. 10:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
274
Катталган:
12-03-2014
Соӊку аракети:
24-10-2019 10:53
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мен да бир ишти ичимен бышырып журом, ишке ашаар бекен,духум жетпей журот, же убактысы келе элекпи, азырынча озумо ишенбей турам. Ой кулук деп коет ко ооо бир заматта эле крупный бизнесмен болуп кетем кыялдарымда.
14.04.2016. 12:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
251
Катталган:
02-11-2015
Соӊку аракети:
22-04-2018 00:57
Жынысы:
Белгисиз
+3
aiba_00, мага айтсан жакшы идея болсо мен баштайм. Духум жетет анан сени да жумушка алам если что резюмун жагыа каоса.
14.04.2016. 15:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
06-04-2014
Соӊку аракети:
16-10-2019 16:33
Жынысы:
Белгисиз
0
aiba_00,окшош экенбиз
14.04.2016. 19:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
410
Катталган:
03-03-2016
Соӊку аракети:
10-06-2016 16:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын, Атбашы
0
Niet.,окшошпой, өзгөчө бол .
27.10.2016. 04:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
06-10-2016
Соӊку аракети:
27-01-2017 19:10
Жынысы:
Белгисиз
0
aiba_00, Боишься не делай. Делаешь не бойся. Деген Чынгыз Хан. Адамдын олгону озунон кумон санаганы. Избранные адамдар жок бул дуйнодо,болгону озуно ишенген,эмгекчил,
эрки кучтуу,тайманбас,кайратту адамдар алар.
Ошондуктан сенин деле ийгиликтуу бизнес ээси болууга акын бар)
14.04.2016. 11:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
07-09-2015
Соӊку аракети:
12-11-2019 22:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Таңдын атканын Азан менен билдирген жер
+2
Мен дагы оз бизнесимди ачсам дейм. А бирок кантип качан билбейм, ушинтип журуп отуп кетпесем болгону.
14.04.2016. 11:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
03-03-2016
Соӊку аракети:
27-09-2016 19:43
Жынысы:
Белгисиз
0
ким кандай бизнес кылышты ойлоп жүрөт айткылачы(идеа)
14.04.2016. 19:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
410
Катталган:
03-03-2016
Соӊку аракети:
10-06-2016 16:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын, Атбашы
0
Жеке медициналык борбор ачышып кой. Главный сен болосуң.
14.04.2016. 11:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
22-02-2014
Соӊку аракети:
13-11-2019 15:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош облусу
+2
Аракетке берекет! Аллах баарыбызды колдосун. Ин ша Аллах!
14.04.2016. 13:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
19-02-2013
Соӊку аракети:
03-10-2019 07:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мекеним Кыргызстан
0
аракетке берекет иш илгерии болсун ишинерге ийгилик
14.04.2016. 13:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
12-11-2019 17:39
Жынысы:
Белгисиз
0
айда баракелде!!!
14.04.2016. 15:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
06-09-2010
Соӊку аракети:
13-11-2019 13:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Italia,Sardegnia.
0
Кантип эле жазап кетет мумкун таанышы бардыр. Мен жазаганда бизнес эмес кичинеден баштагам, тилекке каршы текшеруучу коп, алган кредитимди карматып алдыга эмес артка кеткем. Сонун пландарым олду.
14.04.2016. 16:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
11-04-2016
Соӊку аракети:
04-02-2019 16:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик брать Ишине ийгилик
14.04.2016. 19:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
01-09-2014
Соӊку аракети:
15-11-2018 01:26
Жынысы:
Белгисиз
-1
кумтор баштаган жаштар учун долбоорлор коптогон жаштардын потенциалдарын ишке ашырганга жардам берип атат. бул потенциалдарын жаштар туура колдонбосо келечектери кандай болот эле?
14.04.2016. 20:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
13-03-2016
Соӊку аракети:
07-07-2016 02:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобокел кылгыла да ачкыла.
14.04.2016. 20:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
13-03-2016
Соӊку аракети:
07-07-2016 02:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Улан.
17.04.2016. 20:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
913
Катталган:
16-08-2015
Соӊку аракети:
04-09-2019 09:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллага чексиз шугурлорду айтыныз!Ишинизге ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: