super.kg logo
«Жылдын супер ремейки»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


“Кумтөр” кызматкерлерин чет өлкөдө окутат

 

“Кумтөр Голд Компани” кезектеги кызматкерин чет өлкөгө окууга жиберүүдө. Компаниянын адиси Мирбек Курманбаев тоо-кен өндүрүшүндөгү оор техника дөңгөлөктөрүн сатуу жана тейлөө боюнча дүйнөдөгү лидер “Кал Тайер” ишканасында 6 айлык тренингден өтөт. Кайтып келгенден кийин азыр чет элдик адистер иштеп жаткан жетекчилик кызматка көтөрүлмөкчү. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Окутуу практикалык ыкмада Батыш Африкадагы Гана Республикасындагы атактуу алтын өндүрүүчү "Тарква" кенинде жүрөт. “Кал Тайер” 40 жылдан бери беш континентти багындырууга жетишкени, 6 айлык окууда жашоого жана барып келүүгө кеткен чыгымдын суммасы 100 000 долларды түзөрү айтылды. Курманбаевдин окуп келиши “Кумтөрдүн” жана жалпы мекенибиздин келечегине инвестиция катары бааланат. Мирбек Курманбаев билимдүү адам каалаган каалгасын ача алат деген ишеничте.

"Компаниябыз кызматкерлерине ушунчалык көңүл буруп, биздин келечектин камын көрүп жатканына чексиз кубанычтамын жана ыраазымын. Кыргыз Республикасында башка мындай компания жок болуш керек. Жетекчилик мага ар дайым “сенин колуңдан мындан да көп нерсе келет, сага ишенебиз” деп дем берип турат. Жарандары билимдүү өлкөнүн келечеги кең. Алган билимим өзүмө гана эмес, компаниябызга да, өлкөбүзгө да пайдасы тиет деген максаттамын”,- деди адис Курманбаев.

Компаниянын билдиришинче, "Кумтөрдүн" 2500дөн ашун кызматкеринин 97 пайызы кыргыз жарандары. Калган 3 пайызы жумуш орунун өлкөбүздө жогорку квалификациялуу адистердин жетишсиздигинен улам тартылган чет элдик билимдүү адистер. Кесипкөйлүгүн жогорулаткан кызматкерлер улам чет элдик адистердин ордун басып, кызматтан жогорулап турат. Компаниянын башкаруучу кызматтарында кыргыз жарандарынын саны ырааттуу өсүүдө.

Мирбек окуусун бүткөндө кендеги оор техникалардын дөңгөлөктөрүн тейлөө жана жөндөө бөлүмүндөгү чет элдик эки кызматкердин бирине алмаштырылмакчы. Жыл аягында экинчи адистин да иш келишими аяктап, 2017-жылдан тарта бөлүмдү жетектөө мекендешибиздин колуна өтөрүн маалымдаган компаниянын техникалык тейлөө бөлүмүнүн менеджери Жеррард Уиглсворс: "Бул Мирбектин профессионалдык өсүшү үчүн да, компания үчүн да маанилүү. Мен анын ийгилигине жеке кызыкдармын жана ал буга жете алат деп терең ишенем. "Кумтөр" компаниясы кызматкерлерин окутууга жана квалификациясын жогорулатуу үчүн, өзгөчө жаш адистер үчүн жакшы иш жасоодо",- деп билдирди.

Мирбек Курманбаев “Кумтөргө” 5 жыл мурда котормочу катары ишке орношкон. Анын жөндөмүнө, жумушка болгон жоопкерчилигине абай салган жетекчилик пландоо бөлүмүнө которгон. Жигердүү ишинен улам Тоо-кен институтунун кендеги техниканы тейлөө боюнча адистигине компаниянын колдоосу менен ээ болгон. Тоо-кен техникаларын жөндөө жана оңдоо бөлүмүндө эмгектенет. Эми дүйнөгө атагы чыккан ишканада билимин жогорулатууга сапар алды.


кошулду


“Кумтөр” компаниясы кызматкерин чет өлкөгө окууга жөнөтүүдө

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
11.02.2016. 20:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
10-03-2015
Соӊку аракети:
13-10-2018 23:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек-Сеул
+4
Лично мага по барабану ал кайжакта окуйт,ким болот,Кумтордогу алтын Кыргыз эли учун болбогон сон!!!
11.02.2016. 21:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
05-02-2016
Соӊку аракети:
25-12-2018 12:25
Жынысы:
Белгисиз
+6
Олкобуздун кучу кайдагы бир канадский компанияга жетпесе бул эмне деген эгемендуулук? Аябай окунучтуу... озубуздун кен байлыгыбызды хотя бы 50/50 кыла албаса бул эмне деген бийлик?
11.02.2016. 23:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
10-01-2016
Соӊку аракети:
22-08-2017 16:47
Жынысы:
Белгисиз
-1
бул кумтор ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-02-12 09:31:49
12.02.2016. 09:32 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8468
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
13-11-2019 20:31
Жынысы:
Белгисиз
0
murat_12 - эскертүү!
Этика нормаларын сактаңыз.
12.02.2016. 09:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
13-01-2011
Соӊку аракети:
28-12-2018 11:07
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирбек менин класташым, мектепте эле эн жондомдуу болчу азамат, жакшы барып кел.
15.02.2016. 19:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
01-09-2014
Соӊку аракети:
15-11-2018 01:26
Жынысы:
Белгисиз
0
jemchuk,азыр баарыле эмнеге окуйт кумторду тартып албайлыбы дешет, бирок бул макоолор келбекечектиеги бул адистин керектигин тушунушпойт. Мирбек азаматсын!
12.02.2016. 09:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
18-07-2011
Соӊку аракети:
04-11-2019 12:38
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы барып, жакшы ийгилектерге жетсин Мирбек!
12.02.2016. 17:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
681
Катталган:
09-11-2015
Соӊку аракети:
13-11-2019 11:38
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирбек окуп келгиче алтын да тугоп канадалыктар да кетип калат
14.02.2016. 06:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
04-05-2014
Соӊку аракети:
01-07-2018 16:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Марста окутуп келседа Кыргызстанга пайдасы тийбегенден кийин не мааниси бар
17.02.2016. 21:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
250
Катталган:
29-01-2014
Соӊку аракети:
04-11-2019 22:32
Жынысы:
Белгисиз
0
bah_tee,силерге окшогондор ошентип суйлой беришетта, он жылдан кийин кумтор токтогондон кийин деле башка ишканалардан эмгектенип мамлекетке пайда алып келет, эмне силерге жеке пайда алып бериш керекпи?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: