super.kg logo
  Саясат  

"Жер-жерлердеги нааразычылыктар мамлекеттик сатып алуудагы туура эмес иштерден чыгып жатат" деди өкмөт башчы

 

"Бюджеттик ачыктыкты камсыз кылууну күчөтүү керек". Бул тууралуу 8-февралда премьер-министр Темир Сариев Каржы министрлигинин 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйынында билдирди. Премьер-министрдин айтымында, Кыргыз Республикасы Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде эң ачык саясат жүргүзгөн өлкө. Өлкөдөгү саясий систем ачыктыкты жана теңдештикти камсыз кылууга багытталган. Темир Сариев бюджеттин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча бир топ иштер аткарылып жатканын жана аларды улантуу керектигин талап кылды.

“Бул жаатта Каржы министрлигине эң жогорку талаптар коюлган. Аны кемчиликсиз түрдө аткаруу керек. Мамлекеттик сатып алуудагы ачыктык-айкындыкты камсыз кылуу боюнча электрондук түрдө жүргүзүлүп жатат. Анын эсебинен 6 миллиард сомго чейин үнөмдөлгөнү белгилүү болду. Биз муну менен токтоп калбастан, дагы жакшыртууга бет алышыбыз керек”,- деди Темир Сариев.

Премьер-министр мамлекеттик сатып алуудагы коррупциялык иштерди кыскартуу боюнча дагы жаңы ыкмаларды киргизип, жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алып барууну тапшырды.

Премьер-министр Евразия экономикалык биримдигинин алкагында аукциондорго кыргыз ишкерлеринин катышышы үчүн шартты түзүүнү эртелетүү тапшырмасын берди.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.02.2016. 09:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
369
Катталган:
04-08-2015
Соӊку аракети:
19-04-2016 18:19
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажоң баштап кожоң коштоп эми кетишиңер керек,бул бийлик Кыргызстанды сатып жиберетго.
09.02.2016. 09:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
09-06-2015
Соӊку аракети:
02-04-2016 12:14
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай кете берсенер Жаз митинг менен коштолот.
09.02.2016. 10:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
159
Катталган:
19-11-2014
Соӊку аракети:
21-01-2020 18:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Азыр Москва
+1
Бул макаланын темасында жазылган нааразычылык жонундо эч бир соз жокко. Темасы боюнча жооп жаза кетсем, нааразычылык баардык нерсени кымбаттатып, элде болгон женилдиктерди алып салгандыктан болуп жатат урматтуу Темир Сариев мырза. Сизди Жана башка атканимерлерди айына 5-10 мин сом берип 4-5 ай кантип жашаганынарды туз эфирден ток- шоу кылып тартыш керекда, ошондо тушунот эленер нааразычылык эмнеден чыгып жатканын. Озунор баш болуп чыгат эленерго ошондо биринчилерден болуп.
Aika96 түзөттү 2016-02-09 10:27:54
09.02.2016. 10:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
188
Катталган:
03-08-2015
Соӊку аракети:
09-06-2019 23:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Aika96, Буларды антип жашатса Дом2 дан айырмасы жок болуп калатда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136389;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: