реклама
super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы: "Эң ири тарыхый, маданий байлыктардын бири Сулайман-Тоого көңүл буруу күчөтүлөт"

 

Бүгүн, 4-февралда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексин өнүктүрүү боюнча жумушчу жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы Сулайман-Тоо өлкөбүз үчүн абдан тарыхый баалуу жана маанилүү объект экенин белгилеп, аны комплекстүү өнүктүрүү боюнча тез арада чечимдер кабыл алынышы зарылдыгын билдирди. "Сулайман-Тоо - биздин мактанып, коргоого ала турган өтө баалуу тарыхый объекттердин бири. Чындыкты айтсак, аны баалап, сактап, келечекке өткөрүү боюнча толук иш болгон жок. Өз убагында айрым жетекчилер аз акчага азгырылып, комплекстин аймагында ар кандай мыйзамсыз жайларды курууга уруксат берип жиберишкен. Мында жергиликтүү бийликтин тиешеси бар. Бул кемчиликти оңдоп, иретке салчу мезгил келди. ЮНЕСКОнун Маданий мурастар тизмесине кирген жайды туруктуу өнүктүрүү жана сактоо боюнча ишти активдештирүү керек",- деди Т.Сариев.

Өкмөт башчы комплекстин аймагында мыйзамсыз курулуштарды курууга уруксат берген жетекчилердин жоопкерчилиги каралышы керектигин айтып, Сулайман-Тоону иретке келтирүү жана өнүктүрүү үчүн аны каржылоо маселесин чечүүнү тапшырды. Жыйындын жүрүшүндө бул комплекске байланыштуу маселелер боюнча түзүлгөн жумушчу топтун маалыматы угулду. Аталган комиссия комплекстин чегин жана анын аймагында курулган объекттердин мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иштерди жүргүзгөн. Натыйжада учурда комплекстин аймагында мыйзамсыз курулуштар курулганы аныкталган. Ошондой эле Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык
музей-комплексинин учурдагы абалы жана көйгөйлөр боюнча маалымат берди. Премьер-министр аталган комплексти өнүктүрүүгө мындан ары өтө чоң маани берилерин кошумчалап, аны үзгүлтүксүз каржылоо жана баалуулугун арттыруу боюнча активдүү иштер жүрөрүн белгиледи.

Анын алкагында вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиевага 20 күндүк мөөнөт ичинде "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык комплексин өнүктүрүү боюнча токтом даярдоону тапшырды. Аталган токтомдо комплекске тиешелүү бардык маселелерди чечүүнүн жолдору камтылышы керек. Ошондой эле Каржы министрлигине комплексти үзгүлтүксүз каржылоо боюнча сунуш киргизүү, ал эми Ош шаардык мэриясына Сулайман-Тоону иретке келтирүү жана жашылдандыруу боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
04.02.2016. 16:42 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
412
Катталган:
17-06-2015
Соӊку аракети:
10-07-2017 11:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
moscow
-8
Эн туура! Тегерегиндееги уйлорду сурдуртуп салып ! Мыкты тарыхий, мурастоочу жерге айлантуубуз керек! Азыр мобул динчилдер бул нерсени ширк дешип. Кошумча болуп жатышат!!!
bosmos777 түзөттү 2016-02-04 16:45:50
04.02.2016. 17:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
201
Катталган:
30-09-2013
Соӊку аракети:
07-03-2017 18:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жакшы адамдардын арасында...
+4
bosmos777,
Ушул жерге динчилерди аралаштырбай койсон болмок!
Сага ат койгондо ошол динчилер азан менен ат койгон! Сен олсон да ошол динчилер кураан окушат!
04.02.2016. 19:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
674
Катталган:
01-09-2015
Соӊку аракети:
03-03-2016 11:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
bosmos777,баш иштебесе колу буттун шору болуптур да жазганың. Динчил эмес, момун мусулмандар деген сөз туура болот. Сулайман тоого сыйынуу ниетинде эмес, эс алуу ниетинде баруу туура болот. Тоо ташка сыйынуу ширк болот.
06.02.2016. 07:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
138
Катталган:
24-01-2014
Соӊку аракети:
06-04-2020 16:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте ал жер сыйынуу эмес, эс алуу учун жер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140721;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: