реклама
super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Жалал-Абад шаарындагы Нагима Айтматова көчөсүнүн абалы начар

 

Жалал-Абад шаарындагы Нагима Айтматова көчөсүнүн абалы начар. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирген.

"Сүрөттө Нагима Айтматова көчөсү. Шаардын борбордук аймагында жайгашкан. Кыш дебей, жаз дебей ушундай абалда турат. Кар же жамгыр жааганда суу каптап калат. Анысы аз келгенсип, унааларды токтотуп коюшат. Кайсы жагы менен өтүүнү билбейсиң. Жок дегенде 1 унаа шагыл төгүп койсо жакшы болмок",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.



 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.02.2016. 19:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
114
Катталган:
10-01-2016
Соӊку аракети:
15-03-2017 04:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кызыл-кыя
-1
Сабыр берсин
02.02.2016. 20:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1010
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
19-03-2020 02:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ата-энемдин журогу...
+1
Кыргыстандагы баардык кочорол начар,бул нерсе биз учун жанылык деле эмес...
02.02.2016. 23:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
201
Катталган:
30-09-2013
Соӊку аракети:
07-03-2017 18:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жакшы адамдардын арасында...
+1
Мындай жол Кыргызстанда толуп атпайбы.
03.02.2016. 00:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
188
Катталган:
03-08-2015
Соӊку аракети:
09-06-2019 23:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми элдик кабар чыгып кээбир бекерчилер колчук корсода, жолдун ортосунда таш жатсада аны алып койбой кайра тартып жанылык кылып жоното беришет экенда. Актуальдуу проблемаларды же мыйзамсыз корунушторду жонотсонор?
03.02.2016. 04:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
22-03-2012
Соӊку аракети:
06-04-2020 20:50
Жынысы:
Белгисиз
0
мен 2006-жылы окуп жатканда эле ушундай абалда эле, эч кандай озгоруу болбоптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140721;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: