super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Жаңы жылыңыздар менен, мекендештерим!"

 

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жарандарын Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Куттуктоодо булар айтылат:

“Урматтуу мекендештерим!

Ардактуу агайын-туугандар!

Мына, ар бирибиз күткөн ирмемдер да келип калды. Дасторконду жайып, өткөндү эстеп, эртеңкиден жакшылык тилеп отурабыз. Албетте, биринчиден, өтүп бараткан 2015-жылга рахмат айтсак. Кандай болсо да аман-эсен жаңы жылды тосуп жатабыз. Өтүп бараткан жылда бир топ жакшылыкка да күбө болдук.

"Кыргыз мамлекети жок болот, эли кор болот" дегендердин тилеги таш каап, саныбыз 6 миллионго жетти!Элибизди, жерибизди колдогон Кудайга рахмат! Кандай зор кыйынчылыктар болсо да, Жараткан элибизди, жерибизди дайыма сактап, коргоп келатат.

Улуу тоолорду аралап узак жолдор салынып жатат. “Жолу оңолгондун иши оңолот” дегендей, 2015-жылы бүт өлкө боюнча жолдор оңдолуп баштады. Парламенттик шайлоону адилет жана тынч өткөрдүк. Бул да чоң жакшылык. "Датка-Кемин" электр линиясы ишке берилип, коңшуларга кор болбой калдык. Бул, чындыгында, тарыхый окуя.

Эң негизгиси, жерибизде тынчтык, эл ичинде ынтымак болгондо гана оомат ооп келерин көрдүк. Ак эмгек менен адил сөз гана ар бир жаранды дөөлөткө жеткирерин көрдүк. Кирип келе жаткан 2016-жылы эгемендүү мамлекетибиз болгону 25 жашка толот. Кыргызстандыктар дүйнөдө калкы жаш өлкөлөрдүн катарына кирет. Мамлекетибиз жаш болгону менен, элибиз кылымдарды карыткан эң байыркы элдердин бири. “Өткөнүн унуткан келечекке жол таба албайт” деген сөз бар. Ошондуктан тарыхыбызды, өткөн жолдорубузду изилдеп, элибиздин келечеги үчүн өмүрүн берген ата-бабаларыбызды эскерип, тилибизди, дилибизди, маданиятыбызды көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек. Бирөөлөрдү ээрчип, маңкурт болбошубуз зарыл. Кыргыз көчү эч качан үзүлбөшү керек...

Тилекке каршы, дүйнөдөгү акыркы каргашалуу окуялар бардык өлкөлөргө, анын ичинде мамлекетибизге да кесепеттерин тийгизүүдө. Бирок кандай гана кыйынчылыктар болбосун, элибизди кайыштай чыйралтып, намыс менен чыгып келгенбиз. Биз өткөн тайгак кечүүлөрдөн далай элдер, далай өлкөлөр өтө албай кыйналып турат.

“Ит үрө берет, кербен жүрө берет” дегендей, жолдогу таштар, ар кайсы кыйынчылыктар, ушак менен көрө албастык бизди токтото албайт. Кыргыз эли өзүнүн жолун тапкан, Кудайга шүгүр. Эми көчүбүз жылдан-жылга түзөлүп, токтобой алга, келечекке баратат.

Жамандыкты амандык жеңет... Аман-эсен болгула, мекендештерим менин! Алла Таала ар бир үй-бүлөгө жакшылык, дөөлөт берсин! Ар бириңиздерге узун өмүр, бакыт-таалай каалайм!

Жараткан өлкөбүздү бөөдө кырсыктан сактасын! Элибизге ынтымак, жерибизге береке берсин!
Жаңы жылыңыздар менен!”



КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жаңы жылдык куттуктоосу

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(26)
01.01.2016. 00:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
242
Катталган:
25-02-2013
Соӊку аракети:
20-01-2020 20:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кереметтүү жерде.
+4
Жаңы жылыңыздар менен Кыргыз элим!
01.01.2016. 00:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
07-05-2015
Соӊку аракети:
09-10-2018 23:36
Жынысы:
Белгисиз
+5
рахмат урматуу Алмазбек Атамбаев озунуздун да жаны жылыныз менен, Айтканыз келсин оомин
01.01.2016. 00:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
315
Катталган:
11-12-2010
Соӊку аракети:
02-11-2019 19:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+4
Жаны Жылыныздар мн Кыргыз элим Москвадагы мекендештерим 2016-жыл жакшылыктын жылы болсун эски жылда жетпеген ой максаттарыбызга жаны жылда жетели.уй булонуздорго ынтымакты мекениме тынчылык каалаайм!
01.01.2016. 01:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
14-05-2015
Соӊку аракети:
13-01-2016 16:28
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаны жылыныздар менен! Жакшылыкты, чын ден соолук, узун омур жакындарыбыз менен бактылуу болушубузду каалайм!!!
01.01.2016. 01:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
27-01-2013
Соӊку аракети:
28-08-2016 13:13
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алмазбек Атамбаев сиздинда майрамыныз менен 2015 жылы жакшы жыл болду десем жанылышпайм коптогон ийгиликтерге жетишип,тынч жашоодо жашадык,келе жаткан жылы жакшылыктын молчулуктун,токчулук,арзанчылыктын,ыр кулкунун жана кыргыз элим онугуп оссун демекчимин.
01.01.2016. 19:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
270
Катталган:
01-04-2014
Соӊку аракети:
15-04-2017 18:54
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кыргыз Республикасынын аймагында 2015-жылы терроризм менен калп эле күрөшкөндөй жыл болду окшойт! Ал эми мамлекет өзү эч бир ийгилик жарата алган жок, жок дегенде бир ширенке же кашык чыгарчуу завод да кура алган жок! Жеке ырчылар кээ бир спортчулар өлкөгө чоң жеңиштерди алып келди, бул жерде айта кетүү керек, өкмөттүн эч кандай салымы жок! Спортчулар акча төлөп машыгууга барышса, ырчылар ар кандай студияларда жеке чөнтөктөрүнөн акча төлөп ыр жаздырып сынактарга катышып жатты! Кошоматчы!
STAN_KG түзөттү 2016-01-01 19:07:48
01.01.2016. 21:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
26-07-2015
Соӊку аракети:
28-08-2019 10:52
Жынысы:
Белгисиз
+5
STAN_KG, ушу Жаны жылдын биринчи кунундо да вонять эткенинерди койбойсунар ээ,не деген калксынар ужас!Жакшы каалоо-тилек айтып жургуло,жакшы тилек-жарым ырыс дегендей...
02.01.2016. 11:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
270
Катталган:
01-04-2014
Соӊку аракети:
15-04-2017 18:54
Жынысы:
Белгисиз
-1
dubai, Ооба, туура айтасыңар, ал жөн гана каалоо тилек жазганда үн чыкмак эмесмин! Жалганды жазса да, айтса да бул калп деп айтпагандын кесепетинен ушул деңгээлге жетпедикпи, же мен жалган айтып жатамбы? же мен да кошомат кылышым керекпи?
01.01.2016. 02:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
407
Катталган:
15-04-2015
Соӊку аракети:
25-01-2020 11:52
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чооң рахмат
01.01.2016. 02:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
652
Катталган:
31-03-2011
Соӊку аракети:
08-11-2019 17:30
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудай деп суйлогонуно рахмат!
01.01.2016. 02:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
29-06-2014
Соӊку аракети:
03-02-2019 12:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2015-жыл эмне жылы деп белгиленди эле Жана быйылкы жылды да жазып отсонор
01.01.2016. 06:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
160
Катталган:
23-08-2011
Соӊку аракети:
25-01-2020 20:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Biwkek
-2
elish87, 2015 кой жылы белгиленген 2016 маймыл жылы
02.01.2016. 00:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
29-06-2014
Соӊку аракети:
03-02-2019 12:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mr.ulan89,тушунбодун окшойт менин ?мо,
02.01.2016. 13:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
20-03-2014
Соӊку аракети:
04-07-2018 15:58
Жынысы:
Белгисиз
0
mr.ulan89,))))))))))))))))))))))))))))
02.01.2016. 11:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
11-11-2010
Соӊку аракети:
04-09-2016 17:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Biwkek
0
elish87,2016 - Тарых жана маданият жылы жанылышпасам :)
01.01.2016. 07:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
30-03-2015
Соӊку аракети:
25-10-2017 23:35
Жынысы:
Белгисиз
-11
Мамлекеттин чогуп дохлыйлыгынан Бишкектеги кыргыз орус институтун бутолбай калдым ата энемди кыйнай албпдым,бизге кандай калоо тилек Москвада иштеп журом ответ барбв
02.01.2016. 02:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
26-07-2015
Соӊку аракети:
28-08-2019 10:52
Жынысы:
Белгисиз
+2
Manas1983,алма быш оозума туш дебей озун аракет кылып окусан баардыгы болот,же алын келген окууну окушун керек эле,негизи мамлекетке наалый бербестен ар кимибиз оз алдынча оокат кылганды уйронушубуз керек,аракет кылсан берекет дегендей...
Super TV
01.01.2016. 12:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
16-12-2015
Соӊку аракети:
25-12-2018 02:44
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чоон рахмат урматтуу президент!!!
Super TV
01.01.2016. 15:54 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
08-05-2015
Соӊку аракети:
21-06-2017 11:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Dubai
+1
Рахмаат
Медиа-портал
01.01.2016. 19:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
270
Катталган:
01-04-2014
Соӊку аракети:
15-04-2017 18:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла Таала таза жана акыйкат башкарып, өлкөңөрдү өстүрүп, коргогула деп айтканын унутуп калдыңарбы? Мен аз аздан сатып жатам, мага чейинкилер да сатышкан экен, алардын жолун мен улантып жатам деп айтпайбы? Алланы оозуна алгандан кийин таза иштөөсү керек да! элдин көзүнө көрүнүү үчүн Алла сөзү мода сөз болуп бара жатканы өкүндүрөт!
01.01.2016. 21:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
26-07-2015
Соӊку аракети:
28-08-2019 10:52
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу Ажо,айткан тилектериниз кабыл болсун,сизди да Жаны жылыныз менен куттуктайбыз.
Медиа-портал
02.01.2016. 19:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
22-06-2014
Соӊку аракети:
08-12-2019 10:04
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаманбы, жакшыбы Алмазбек Шаршенович Атамбаев Кыргыз элинин башчысы, айткан каалоо тилектериниз кабыл болсун. Сизди да куттуктайбыз!!!
Super TV
03.01.2016. 12:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
16-10-2015
Соӊку аракети:
14-11-2017 14:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаманбы,жакшыбы кыргызстандын президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаев,эч качан президентти жамандабаш керек.
Super TV
04.01.2016. 22:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
01-01-2016
Соӊку аракети:
12-12-2016 18:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чон рахмат.Ишинизге ийгилик.Бул кризистер бизде эле эмес та аны тушунуу керек.
Super TV
05.01.2016. 13:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
423
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
26-01-2020 12:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+1
Рахмат ишиңизге ийгилик!
Медиа-портал
05.01.2016. 17:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
14-08-2013
Соӊку аракети:
17-02-2016 20:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Чон Рахмат, сиздин жонокой элге кылып жаткан жардамыныз, эн чон, сиздей эч кайсы президент жонокой адмадарга, операцияларга, карыларгы жана оорукчандарга жардам берген эмес, аман болунуз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136586;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: