super.kg logo
  Саясат  

Сапар Исаков орусиялык учактын атылышы боюнча: "Түркия тарап кескин чара көрбөй турса болмок..."

 

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков орусиялык Су-24 учагынын Түркия тарабынан атып түшүрүлүшү боюнча кабарды кыргыз мамлекети тынчсыздануу менен кабыл алганын, кырсыкка байланыштуу Түркия менен Орусия дыкат жана ар тараптуу иликтөө жүргүзүшү керектигин билдирди.

"Бүгүнкү күндөгүдөй шартта жаралган аталган окуя кырдаалды кыйындатат. Түркия тарап чыдамкайлык кылып, кескин чара көрбөй турса болмок",- деген Исаков талаштуу иштер сүйлөшүү жана тынчтык жолу менен чечилиши керектигин айтты.

Исаков эки мамлекет тең сабырдуулук кылышы керектигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, 24-ноябрда орусиялык Су-24 учагы Түркия менен Сириянын чектешкен аймагында түркиялык F-16 истребители менен атылып кулатылган. Түркия тарап орусиялык учак аба мейкиндигин бузганы үчүн атылганын айтууда. Ал эми Орусия учактын атылышын "далыдан урулган сокку" деп атап, Түркия Сириянын аймагында учуп жүргөн учакты атканын билдирип жатат.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
27.11.2015. 10:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
01-02-2014
Соӊку аракети:
18-01-2020 20:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
+2
бул баатырга не жок кысталак турктор не кыргыз дейсинби чыдап олтура бергидей
27.11.2015. 11:56 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
141
Катталган:
15-04-2015
Соӊку аракети:
25-10-2019 13:53
Жынысы:
Белгисиз
+1
Melis2014, турк боордоштор кыйын калк. Тарыхында женилген эмес. Биз бир туугандарыбызды колдошубуз керек. Бул жон эле еврейлердин уюштурган оюну.
27.11.2015. 10:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
28-11-2015 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
0
Кыйын болду кыргызка
27.11.2015. 10:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
377
Катталган:
13-04-2015
Соӊку аракети:
23-01-2019 20:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жагына чыккандан кийин, каттуу айтыш керек эле.
27.11.2015. 11:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
19-09-2014
Соӊку аракети:
23-07-2016 08:40
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турктор туура кылган.Чек атасын тоготпой бузуп кирсе кечирип коюнуз демек беле,атыш керек болчу да
27.11.2015. 11:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
14-05-2015
Соӊку аракети:
13-01-2016 16:28
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буга не жок. Оозуна не келсе оттоп
27.11.2015. 12:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
18-03-2011
Соӊку аракети:
30-05-2019 12:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Gulya.akbaralieva, Россиядан билдируу келди да, колдогула деген. Бирок менин жеке пикиримде да Россияны колдошубуз керек. Учак сирияга кулаган, туркияга эмес
27.11.2015. 18:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
330
Катталган:
29-03-2014
Соӊку аракети:
29-05-2016 10:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
tram-lam,Россия эмес эле АША айткан чыгар,бир эки ооз соз айтып кой деп,кыйын болду АШАга же Орустарды дей албай же Турдорду дей албай
27.11.2015. 13:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
08-04-2013
Соӊку аракети:
12-01-2020 18:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Путин өткөндө эле: "Желкеден урулган сокку", - деп атты эле го? :)
27.11.2015. 13:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
07-03-2015
Соӊку аракети:
03-03-2018 12:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Пустой Европа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136586;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: