реклама
super.kg logo

"Бир түндө жаттаган ырды аткарып жатып жаңылып калдым" деген ырчы Кайрат Примбердиев “Главная сцена” сынагынын финалына өттү

 
Ырчы Кайрат Примбердиев Орусиянын "Россия-1" телеканалындагы “Главная сцена” сынагына катышып жатканын жазган элек. Ырчы сынактын ар бир тепкичинен ийгиликтүү өтүп, финалга жолдомо алды. "Финалда 1-орунду алсам, Бишкекке барып жеке концертимди берем" деген ырчы SUPER.KG порталына сынактын жүрүшү тууралуу айтып берди.
"Биринчи чейрек финалда "Стряпуха" фильминен "Я любил одну милую" деген чыгарманы ырдап, кийинки турга өттүм. Чейрек финал өтө кыйынчылык менен өттү, себеби мурдагы тандоо турунан ашыкча катышуучулар алынгандыктан, жарым финалга эки ырчынын бирин тандап жатышты. Бизде болсо үч ырчы: мен, Арсений Бородин, Малика Раззакова үчөөбүздүн арабыздан тандап калышты. Мен ырдап бүткөндөн кийин калыстар тобунун мүчөсү ырчы Елена Ваенга аябай жактырып, элдин көзүнчө "телефон номериңди бер, мен сага жакшы сунуш кылам" деди. Маликага эч бир калыс добуш берген жок. Арсений Бородинге жана мага берилген добуштар экиге бөлүнүп, жарым финалга экөөбүздү тең алышты",- деген Кайрат Примбердиев.
Ырчы билдиргендей, жарым финалда Александр Зацепиндин бенефиси орун алган. А.Зацепин - режиссёр Леонид Гайдайдын Советтер Союзу учурунда тартылган легендарлуу комедияларына саундтректерди жазган композитор. Ал " Есть только миг", "Песенка про медведей", "Куда уходит детство?", "А нам всё равно" сыяктуу көптөгөн ырлардын автору.
"Калыстар тобунда Александр Зацепин өзү отурду. Мен "Куда уходит детство?" аттуу чыгарманы даярдап жаткам. Көрсө, Арсений Бородин дагы ушул ырды аткарам деп жаткан экен. Бир түндө "Есть только миг" деген ырды жаттоого туура келип, ырдап жатканда кичине жаңылып кеттим. Калыс болуп отурган ырчы Валерий Леонтьев "жок" дегенде мен кырдаалды түшүндүрдүм. Алып баруучу Эрнест Мацкявичюс буга чейин даярдаган ырды ырдашымды суранып, анан гана финалга алышты",- деп билдирген ырчы.
Финалга жолдомо маңдай тер менен келгенин кошумчалаган Кайрат Примбердиев финалда кайрадан "Я любил одну милую" аттуу чыгарманы ырдаарын айтат. Финал Мамлекеттик Кремль сарайында 21-декабрда болот.
Ырчынын чейрек финалдагы өнөр тартуулоосун 12-декабрда "Россия HD" телеканалынан көрсөттү.

кошулду


Кайрат Примбердиев "Главная сценада" - Я любил одну милую

Кайрат Примбердиев - Есть только миг (Главная сцена. Жарым финал)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(75)
14.12.2015. 04:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
22-09-2015
Соӊку аракети:
24-09-2018 01:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Ураа! Элим ушундай кыраан жигиттерибизди баалабаганда качан баалайбыз колдойлу башка ырчыларга айтаарым коро албай бут тосбогула мындай ийгилик бир келетда бир кетет!
14.12.2015. 05:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
02-12-2015
Соӊку аракети:
15-12-2017 19:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик кайрат
14.12.2015. 07:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
01-11-2015
Соӊку аракети:
20-08-2017 01:33
Жынысы:
Белгисиз
-7
Жакын да подряд беш жолу ырдады братандын тойун да Москва да бечара тердеп кетти ле салфетка берип койдум столдон алып , жакшы эле ырдайткен
14.12.2015. 09:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
12-08-2015
Соӊку аракети:
08-08-2017 14:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайрат, азаматсын. Ырчы деп Кайратты айтсак.
14.12.2015. 09:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
15-09-2015
Соӊку аракети:
20-08-2018 14:05
Жынысы:
Белгисиз
0
мр3 вариантын кайдан тапсак болот экен ким билет?
Медиа-портал
14.12.2015. 13:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
10-04-2013
Соӊку аракети:
25-12-2019 20:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токтогул шаары
0
Ийгилик Кайрат! Таланттуу жигит. Биз ар дайым колдойбуз
Медиа-портал
14.12.2015. 13:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
127
Катталган:
01-02-2015
Соӊку аракети:
02-11-2019 10:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Калыстар Чын эле жаман акыбалда катышыптыр.. Биринчисине добуш берейин десе орус экинчисине добуш берейин десе анын үнү жакшы бирок кыргыз... Эми алга Кайратбек.кыргыз элин бир сүйүнүндүрүп утуп келчи
Медиа-портал
20.12.2015. 01:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
127
Катталган:
09-12-2015
Соӊку аракети:
24-11-2016 23:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайратты колдоп турган кок футболкачан кыз ким болот ага?
20.12.2015. 03:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
22-06-2015
Соӊку аракети:
04-03-2017 11:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Негизи ото жагымдуу кабар. Азамат ушинтип башка элге, башка жерне КЫРГЫЗымдын атын чыгаарып, туусун которгон азаматтарыбыз коп болсун. Ийгилик.
Бирок, эмне учун мурдагы жанылыкты кайра кайра бересинер???
20.12.2015. 04:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
25-03-2015
Соӊку аракети:
28-12-2015 20:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрат азамат рахиат аракетиңе! Сенин артың менин элибиздиин аты дагы жаңырып жатат!
20.12.2015. 09:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
30-09-2013
Соӊку аракети:
07-03-2017 18:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жакшы адамдардын арасында...
+1
Сонун!
Мына сага деп поэзд журуп баратты келтирип сал да.
20.12.2015. 10:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
600
Катталган:
22-04-2015
Соӊку аракети:
03-01-2018 19:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечке эле жаныла береби деги,откондо эле жанылып калдым деп чейрек финалга отту деватышат ле го?
20.12.2015. 10:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
650
Катталган:
04-09-2014
Соӊку аракети:
07-04-2020 08:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат поезди токтотбой туз эле вокзалдагы финалга кирип барып женип кел эми иним биринчи орунду багындырып,сага ийгилик каалайбыз!!!
20.12.2015. 12:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
204
Катталган:
09-10-2015
Соӊку аракети:
28-03-2016 14:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Түрция
0
Кайратты 1 чини алышын АЛЛА колдосун!
20.12.2015. 13:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
199
Катталган:
03-12-2008
Соӊку аракети:
02-02-2020 16:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Мен да бул ырчыны коптунун бири, фонаг менен эле журсо керек десем.Талант турбайбы.Унуно баракелде кандай болсо да жениш сеники мага окшогон сага ишенбегендерди очурдун окшойт.
Медиа-портал
20.12.2015. 13:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
198
Катталган:
12-10-2015
Соӊку аракети:
02-11-2017 23:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга! Кайрат азамат.
20.12.2015. 15:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
24-08-2015
Соӊку аракети:
16-01-2017 00:04
Жынысы:
Белгисиз
0
МЕн теледен Кайраттын чыгышын аябай кутуп кордум.. Эн соонун ырдады.. Кадимкидей толкунданып мен чыгып жаткандай сезим болду...
Медиа-портал
20.12.2015. 16:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
20-11-2015
Соӊку аракети:
25-12-2015 21:27
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иххууууууу, урааа-ураааа-ураааааа!!! Торт аягым мн бийлеп жатам, алгааа Кайратик!!! Мы любим тебя!!!
Медиа-портал
20.12.2015. 22:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
16-12-2015
Соӊку аракети:
10-08-2018 00:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер онорун оркундосун
Медиа-портал
21.12.2015. 00:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
308
Катталган:
20-04-2014
Соӊку аракети:
10-04-2017 12:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын урааааааа
21.12.2015. 00:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
11-12-2015
Соӊку аракети:
11-04-2016 18:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга,Кайрат!Алга,Кыргызстан!
Медиа-портал
21.12.2015. 00:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
308
Катталган:
20-04-2014
Соӊку аракети:
10-04-2017 12:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Вой вой суйунгонумон ыйладым.келинчеги Азамат экен колдоп турат.
Медиа-портал
21.12.2015. 00:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
09-04-2013
Соӊку аракети:
24-12-2015 11:07
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай суйундук коруп жатып азаматсын,ийгилик сага! Мындан аркысын кыргыз калкым колдоп коер деген умуттомун,жок дегенде смс жонотушуп! Жана дагы сахнага чыккан кийимине конул бурса жакшы болмок.
Медиа-портал
21.12.2015. 01:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
09-06-2011
Соӊку аракети:
24-04-2019 14:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын кыргызымдын желегин желбирет ийгилик сага алга Талас!!!
Медиа-портал
21.12.2015. 11:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
03-09-2013
Соӊку аракети:
28-01-2020 13:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!!! Биз сен үчүн чын жүрөгүбүздөн күйүп жатабыз! Алга!
21.12.2015. 12:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
04-06-2015
Соӊку аракети:
27-04-2018 18:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
Алга алга алга!аллахым колдосун ийгилик каалайбыз.женишке жетишине тилектешбиз.
Медиа-портал
21.12.2015. 12:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
05-07-2015
Соӊку аракети:
24-05-2017 22:20
Жынысы:
Белгисиз
0
++++++5555555555молодец Кайрат алга дагы көп желбиресин кыргызымдын желеги
Медиа-портал
21.12.2015. 20:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
230
Катталган:
15-11-2011
Соӊку аракети:
03-01-2020 22:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат биз сен менен сыймыктанабыз чыгармачылыгына ийгилик!
24.12.2015. 12:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
11-04-2013
Соӊку аракети:
03-09-2017 21:06
Жынысы:
Белгисиз
0
дайым алга алга алга азаматсын дагы алга
Медиа-портал
04.04.2016. 11:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
16-05-2012
Соӊку аракети:
07-10-2019 14:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
osh obl.karasuu rai.jarooz ayili
0

Детство деген ырды да ырдаган болчу ошону да жуктоп койунуздарчы
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140721;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: