super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Сот БШКнын 6 талапкерди "Республика - Ата Журт" партиясынын тизмесинен чыгаруу боюнча чечимин жокко чыгарды

 

Жогорку Сот 22-23-октябрдагы соттук процесстердин жүрүшүндө “Республика - Ата Журттун” тизмесинен депутаттыкка талапкерлер Аида Исмаилова, Закир Шарапов, Алиярбек Абжалиев, Жыргалбек Саматов, Курманкул Зулушев жана Рада Туманбаевалардын жана "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын талапкери Н.Айдаровдун арызын канааттандырды. 

Алар БШКнын 15-октябрдагы аты аталган талапкерлерди тизмеден чыгарган чечимин жокко чыгарууну талап кылышкан эле. Соттук отурумдун жыйынтыгында Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими жокко чыгарылды. 

Соттук отурумдун жүрүшүндө талапкерлердин тизмеден чыгуу боюнча арызы парламенттик шайлоого чейин (шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өткөн), август айында жазылганы белгилүү болду. Талапкерлер шайлоого талапкер катары көрсөтүлүү үчүн эки тараптуу келишимдин негизинде арыз жазууга мажбур болушканын айтышты, бирок арызга дата коюлган эмес. Шайлоодо жетиштүү добуш албай калганда партиянын өкүлдөрү арызды БШКга беришкен.

Талапкерлердин өкүлдөрү мыйзамга таянып, тизмеден чыгуу боюнча арызды талапкер өзү же нотариус тарабынан бекитилген ишенимдүү жак алып келиши керектигин айтышты. БШКга арызды партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү алып келгени жана арыз жазылган дата өз алдынча белгисиз адамдар тарабынан коюлгандыгы айтылды.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.10.2015. 15:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
19-12-2011
Соӊку аракети:
04-07-2019 10:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Бул эмне деген мыйзам, партия отуп алгандан кийин бирин киргизип бирин чыгарып баш айланткан.
Жекече талапкерди шайлоо эле жакшы
23.10.2015. 15:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
02-04-2014
Соӊку аракети:
25-01-2020 01:24
Жынысы:
Белгисиз
0
Оппа,башталды кызыктын баары!Вообще-та булар мандат талашкан жок,булар партияга кирип атканда берген акчаларына куйуп атышат.Угушумча бир партияга бир талапкер 250 мин доллар акча бериптир,болгону кириш учун жана алдынкы орунда болуш учун.Партиядан четтетилген талапкерлер деле башында билишкенда ушундай болорун,бирок молодцы утупсунар.Эми бетинерди каалын кылып отура бергиле Жогорку кенеште.Даже нормально окуй албайсынар даяр антты...
yrchy_jigit түзөттү 2015-10-23 15:09:45
23.10.2015. 15:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
362
Катталган:
17-07-2014
Соӊку аракети:
26-12-2019 09:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыскасы Бийлик чечимди чыгарды себеби "Республика - Ата Журт" ичинде оз ара болунушуно алып келет. партиялаштары соттошконду жактырбайт ич ара келишпестик болуп журушот 5 жыл БШКда назло 6 талапкерге депуттатык мандатты берет.
23.10.2015. 17:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
18-06-2011
Соӊку аракети:
05-01-2020 18:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Алар мандатты алышты дейли,алар эми бироонун добушу м.н отурат парламентте 22 мин сомдук креслодо,анан дагы бири бири м.н сурашса сен канча добуш алдын дешсе кандай жооп берет эми
24.10.2015. 12:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
20-01-2013
Соӊку аракети:
18-10-2017 14:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Moskva
0
Эх качан депутаттык кресло - роскош болбойт экен...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136586;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: