super.kg logo
«Жылдын супер ырчы мырзасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Ысык-Көлдүн 17 келечеги кең жаш жеке ишкерине "Кумтөр" 10 миң долларлык жабдууларды алып берет

 

17-октябрда Бишкекте "Жаштардын жеке ишкерлиги" долбоорунун алкагында "Инвестордун күнү" аталышындагы бизнес-долбоорлордун финалдык тандоо бөлүгү өттү. Анын жыйынтыгында калыстар 17 жаш жеке ишкердин бизнес-пландарын жактырышып, аларга зарыл болгон жабдуулар “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын каржылоосу менен алынып берилмекчи.

Иш-чаранын жүрүшүндө бул мекеменин вице-президенти Родни Ступарик "Кумтөр" кенинде алтын өндүрүү иштери 10 жылдан кийин аяктаарын билдирди.

"Биздин кыргыз жеринде иштегенибизге 25 жыл болду. Кенде өндүрүү иштеринин 70 пайызы аткарылып бүттү. "Кумтөрдө" иштер аяктагандан кийин кенде иштеп жаткан жарандарды жумуш менен камсыздоо маселеси жаралат. Мындан улам биз бул долбоорду уюштуруп жатабыз. Анын алкагында Ысык-Көл облусунун түштүк аймагында иш жүзүнө ашырыла турган 15 чакты бизнес-план тандалат. Авторлордун ар бирине бизнес-планын ишке ашырууга 10 миң долларга чейин көлөмдө грант бөлүп беребиз",- деди Ступарек.

Уюштуруучу уюм "Борбор Азиядагы Евразия фондунан" билдиришкендей, “Жаштардын жеке ишкерлиги” долбоорунун башында жалпысынан 350дөн ашуун бизнес-план сунушталган. Экинчи этапка 230у жактырылып, финалдык бөлүккө 46 бизнес-план өткөн. Долбоорго 20 жаштан 28 жашка чейин жаш жеке ишкерлер катышып, курулуш, тейлөө, айыл чарба, медицина, туризм тармактарында жеке ишкерликти түзүү боюнча өз бизнес-пландарын сунушташкан.

Финалдык бөлүктө калыстар эң мыкты деп 17 бизнес-планды тандашты. Жеңүүчү бизнес-пландардын арасында "Курулуш үчүн заманбап жабдууларды ижарага берүү", "Күнөскана", "Контейнерден жасалган мончо", "Квадро-тур", "Стоматология борбору", "Кургатылган жемиштер", "Таш төшөлгө", "Массаж борбору", "Козу карындарды өстүрүү" жана башкалар болду. Бул бизнес-пландардын авторлорунун ар бирине зарыл болгон жабдуулар баасы 10 миң доллардан ашпаган суммада алынып берилмекчи.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында Стоматология борборун ачууну сунуштаган Жыргалбек Ибраевдин айтымында, анын жердештери тиштерин дарылатыш үчүн Бишкекке барышат. "Биздин айылда тиш дарылоочу мамлекеттик поликлиника бар, бирок тургундардын көбү борбор калаага барып дарыланышат. Ошондуктан мен айылымда заманбап жабдуулар менен иштеген Стоматология борборун ачууга ниеттенип жатам. Айылдаштарым Бишкекке барбай эле, туулган жеринде дарыланса деген үмүттөмүн",- дейт Ибраев.

Өзгөчө идеясы менен Азим Казакбаев долбоордун катышуучуларын кызыктырды. Ал контейнерден мончо жасоону сунуштады. Анын айтымында, айылдарда мындай мончолор чоң суроо-талапка ээ болот. "Контейнерден жасалган мончону ордунан башка жерге жылдырууга мүмкүн болгондуктан, курулуш компаниялары буга кызыкдар болушат. Айылда мончолор аз болгондуктан, баалар кымбатыраак. Контейнер-мончолордо жуунуу акысы кыйла арзан болушу күтүлөт",- деди Казакбаев.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(7)
19.10.2015. 17:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
03-12-2018 14:21
Жынысы:
Белгисиз
+3
Узнала Эсена Рыспекова,он один из лучших молодых планировщиков бизнеса.Спасибо Кумтору за такую поддержку нашему молодому поколению.Сейчас ведь у всех проблемы с финансами, а тут готовый инвестор,который дает тебе немалую сумму.Эх,мне бы так.Привет Эсену от одноклассника с лицея
19.10.2015. 17:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
26-09-2015
Соӊку аракети:
23-02-2016 17:34
Жынысы:
Белгисиз
+2
Обещать то обещали, дадут ли они этих денег? И когда?
19.10.2015. 19:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1288
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
26-09-2019 14:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алматы
+4
Мен деле айып этпесениздер элдерден калышпай орусчалап коеюнчу "Поживем-увидим,доживем-узнаем" депчи. А так, жаштарга респект!
19.10.2015. 20:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
248
Катталган:
28-04-2013
Соӊку аракети:
22-01-2019 22:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
South Korea
+6
Жыйын залына соз жок. Колдогонуна да рахмат, бирок, бул акчанын чети. Океандан тамчы. Баары алтынды ташып кетишти.
20.10.2015. 09:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
271
Катталган:
10-02-2012
Соӊку аракети:
10-08-2016 14:50
Жынысы:
Белгисиз
+3
бул жаштар Ысык-Көл облусунун келечеги. Азаматтар!
28.10.2015. 12:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
01-09-2014
Соӊку аракети:
15-11-2018 01:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
туура, кумтордун иши аяктаганга чейин дагы коптогон ишканалар ачылат
02.12.2015. 15:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
250
Катталган:
29-01-2014
Соӊку аракети:
04-11-2019 22:32
Жынысы:
Белгисиз
0
орто жана чакан бизнести колдогону сонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: