реклама
super.kg logo
  Саясат  

Шайлоо-2015: "Бир бол" партиясынын №1-талапкери Мыктыбек Абдылдаев элге кайрылуу жасады (видео)

 

"Бир бол" партиясынын №1-талапкери Мыктыбек Абдылдаев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, кайрылуусунда талапкер буларды айтты:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына күрөшүп жаткан "Бир бол" саясий партиясынын атынан кайрылып жатабыз. Алдыдагы парламенттик шайлоодон баарыбыздын үмүтүбүз зор. Эгемендүүлүккө жеткенибизге дээрлик чейрек кылым болуп, ушул жолу үмүттөрдүн көбү акталат, көптөгөн тилектер турмушка ашып, татыктуу депутаттарды, элдин кызматына жарай турган бийликти шайлап алабыз деп ишенебиз.

Ушул мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын турмушунда орун алып келген кемчиликтерди оңдоп, ээрге түз отуруп, басыгыбыз күчтүү болот, алыска канат сермейбиз деген гана тилек. Азыркы дүйнөлүк масштабдагы опурталдуу заманда элибизди, мамлекетибизди коргоо - эң негизги милдет.

"Элибиздин зор үмүтүн актаган кайсы инсандар, кайсы саясий күч бар?" деген суроого биз "Бар, ал "Бир бол" саясий партиясы" деп жооп бере алабыз. Себеби бизде потенциал жетиштүү, эң негизгиси, биздин талапкерлер профессионалдардан түзүлүп, мамлекеттик кызматтарда, жарандык коомдо такшалган адистерден түптөлгөн.

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоодо элибиздин колдоосуна ээ болгон убакыттан тартып биз өз программабызды иш жүзүнө ашырабыз. Кыргыз Республикасында мамлекеттик тартипти күчөтөбүз, себеби тартип бекем болсо, мыйзамдар аткарылып, элибизде бийликке болгон ишеним артат. Улуттар аралык ынтымак, саясий күчтөрдүн бирдиктүү максаты биригүүгө, саясий амбициялардын конструктивдүү болушуна шарт түзөт.

Элге профессионалдуу деңгээлде иштеп бере турган башкаруу аппаратын түптөйбүз. Башкарууга тажрыйбасы мол, улуттук кызыкчылыкты алдынкы катарга койгон мекенчилдер келет. Биз таланттуу, билимдүү жаштардан турган жаңы саясий элитаны калыптандырууну колго алабыз. Ошол эле убакытта улуу муунга урмат-сый көрсөтүп, татыктуу жашоо шартын түзүүнү негизги милдетибиз деп сезебиз.

Ушул милдеттер жана максаттар, аларды ишке ашыруунун жолдору биздин "Илбирс секириги" программасында так көрсөтүлгөн. Биз реалдуу программаны түздүк жана аны аткарууга бардык аракеттерди жумшайбыз. Элибизди биримдикке чакырабыз. Биз бир болсок бардык кыйынчылыктарды жеңебиз.

Урматтуу мекендештер!

Бар бололу, бир бололу!

Сиздер бизди колдойсуздар деп терең ишенебиз!"

Кайрылуунун толук текстин бул жерден окуп, видеосун ушул шилтемеден көрө аласыздар.


Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(10)
02.10.2015. 18:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
09-03-2015
Соӊку аракети:
20-02-2019 14:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары.
+4
Ото эле озун озу мактоо болуп кетиптирго. Бир болдун курамын кандай адамдар тузоорун билебиз. Акаевский бакиевский кадрлар.
02.10.2015. 18:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
28-11-2013
Соӊку аракети:
14-03-2016 09:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+9
Эмнеге? Омурбек. Текебаевдин кайрылганы, талкуулабайт да Мыктыбек. Абдылдаевдин кайрылганы талкууланат?
02.10.2015. 18:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
351
Катталган:
10-01-2015
Соӊку аракети:
17-01-2020 13:38
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мм ото кыйындар ушул партияда экенда ммм билбей журупуз да корсо.
02.10.2015. 19:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
08-05-2010
Соӊку аракети:
20-10-2016 21:15
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tekebaevden ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-10-02 19:34:39
02.10.2015. 19:35 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
886
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
02-04-2020 16:53
Жынысы:
Белгисиз
-1
KASTOR KASYM - 3 күнгө БАН!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
03.10.2015. 00:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
653
Катталган:
31-03-2011
Соӊку аракети:
02-04-2020 17:18
Жынысы:
Белгисиз
+3
бир болго ким шайлайт я?!озунун эле тааныш. туугандары анан акчаларына иштеп бергендер го э
03.10.2015. 04:42 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
03-10-2014
Соӊку аракети:
16-10-2015 04:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чет олко...
-1
Лапшаны илип, эптеп эле шайланып алып, озум олбойунда булар.

Сулайманов, "Жаш куч" клубдун балдарыны захват кылып алган, коркутуп эле баш ийдирип, клубда алып журот боецтерди, ошон учун бул братты не навижу. Просто поцандарга жалко, жипсиз байланып эле журушот, дааже жарытарлык акча алышпайт. Ушундай Черный сорой адам, бийликте кантип уялбай отурат экен...

Супер.инфо, эмнеге атамекендин маалыматын талкуулабайбызда, башкасын талкуулайбыз?-жооп берип койгулачы сураныч???.
Xanif түзөттү 03.10.2015 04:43
03.10.2015. 08:44 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
886
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
02-04-2020 16:53
Жынысы:
Белгисиз
+1
Akzholtoi,Xanif,osh93, саламатсыздарбы! Себеби ал кабар "Шайлоо-2015" рубрикасында жайгашкан. Ал рубрикадагы кабарлар талкууланбайт.
03.10.2015. 21:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
27-08-2014
Соӊку аракети:
28-01-2019 11:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Арал
+1
Бир болдун кайрылуусу деле шайлоо -2015 деп туратго
04.10.2015. 13:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
164
Катталган:
21-08-2013
Соӊку аракети:
11-12-2019 02:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир бол бул кучтуу экономистер жана генералдар. Алтынбек брат баарын наместо коетго. Субанбеков мырза порядок алып келет буюруса!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140394;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: