super.kg logo
  Саясат  

Шайлоо-2015. "Бир бол" Таласта: "Илбирс секириги" программасын ишке ашырууда 70 миң жаңы жумуш оруну түзүлөт"

 
8-сентябрда Талас шаардык стадионунда облустун жашоочулары “Бир бол” партиясынын лидерлери менен жолугушууга чогулушту. Партиянын маалымат кызматы билдиргендей, Мыктыбек Абдылдаев жылуу маанай менен тосуп алган таластыктарга ыраазычылык билдирди. 
“Талас жергесинде үгүттөө иштери башкача жүрүп жатыптыр, башка аймактарга барсак, административдик ресурс, бут тосмойлор байкалууда. Ал эми Таласта үгүт иштери такыр башкача жүрүп жатыптыр. Талас элинин духу башкача экен, “эч кимди укпайбыз, каалаганыбызды жасайбыз” деген сөздөрдү угуп кубанып турам”,- деди Абдылдаев. 

Партиянын “Илбирс секириги” экономикалык программасында өлкөбүздүн бардык райондорунун тургундарын жумуш менен камсыздоо керектиги, Балыкчы, Баткен, Исфана, Кара-Балта, Каракол, Кара-Көл, Кочкор, Нарын, Талас, Токмок, Өзгөн, Чолпон-Ата шаарларында өнүгүүнүн регионалдык экономикалык өндүрүштүк борборлорун түзүү зарыл деп жазылганын кошумчалады.

Парламент депутаттыгына талапкер Сүйөркул Бакиров "Туризм", "Көмүр" улуттук долбоорлорунун, "Эгин", "Шекер", "Эт", "Май", "Жүгөрү", "Сүт" сыяктуу айыл чарба кластерлеринин алкагында жаңыдан 70 миң жаңы жумуш орундары түзүлө тургандыгын белгиледи. Анын сөзү боюнча, партиянын программасында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө эл аралык рынокторго чыгуу үчүн айыл чарба өндүрүшүн ирилештирүү жана заманбап агрардык өнөр жай комплекстерин түзүү каралган. 

“Бул комплекстер жашылча-жемиш, мал чарба продукциясын заманбап сактоочу жайларды түзө алат, продукцияны кайра иштетүүдө эл аралык сапатты текшерүү системин киргизүү, экспорттоодо “жашыл коридор” режимин камсыз кылат”,- деди Бакиров.

Марат Султанов партиянын программасында бардык маселелер камтылганын айтып, аны ишке ашырууга тажрыйба жетиштүү, элге кызмат кылууга “Бир болдун” профессионалдар командасы даяр экенин билдирди.

“Манас атабыз чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улап, кыргызды бириктирген. Ошондуктан “Бир бол” партиясы да кыргыз элин биримдикке чакырат: бар бололу, бир бололу! Биз бир болуп ынтымакта болсок, бизди эч ким жеңе албайт. Баарыбыз биргеликте Кыргыз Республикасынын келечеги үчүн күрөшсөк, өлкөбүздүн жаркын келечегин курабыз!”- деп билдирди Султанов.

Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(34)
09.09.2015. 11:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
30-11-2014
Соӊку аракети:
23-09-2015 18:43
Жынысы:
Белгисиз
+2
Талас ар бир партия учун бир чети маанилуу болсо, экинчи жагынан бир аз кооптуу дагы регион. Себеби таластыктар азыр партияларга текебер мамиле жасап, айткан убадаларына эмес, мурун кылган иштерине баа берип тандап жатышат. Ошончун эч бир партиянын давление кылбай, таластыктар менен туз, туура диалогко барганы эн туура чечим. Бул жагынан Бир Бол алдыда, туура подход менен баратышат.
cholpon22 түзөттү 09.09.2015 11:48
09.09.2015. 11:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
30-11-2014
Соӊку аракети:
23-09-2015 18:43
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин окмоттун милдети, таза шайлоо уюштуруп берсе болгону. Ал эми партиялардын агитация маалында бут тоспой, байкуш Ата-мекендин плакаттары чечип ыргытпай!
10.09.2015. 12:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
14-01-2012
Соӊку аракети:
13-07-2017 22:16
Жынысы:
Белгисиз
-2
cholpon22,Туура айтасын. Бийлик юашчылары баштаганда эле "Ата Мекен" партиясынын банерлерин алып салгандан баштаганы кызык болду. Атамекенчилер ага деле терикпей кужулдоп иштеп жатышат, азаиаттар. Элдин арасында негедир "Ата Мекен" партиясын колдогондор арбын экендигин айтып жатышат, алга "Ата Мекен", эл сени колдойт.
09.09.2015. 12:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
24-04-2015
Соӊку аракети:
09-11-2015 23:45
Жынысы:
Белгисиз
-2
Негизинен ар бир партия шайлоого аттанганда кандайдыр бир программа менен чыгып келчу. СДПК нын 7 кадамы эч кандай ишке ашырбай эле, асманды чапчыган максаттарды коюп, адамдардын кулагына лапшаны илишти. Бир Болдун программасы реалдуурак корунуп турат. Эмесе коро жатарбыз
09.09.2015. 12:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
263
Катталган:
19-09-2014
Соӊку аракети:
23-07-2016 08:40
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эртенки куйруктан бугунку опко жакшы дегендей,илбирс секирик кылбасанар да жок дегенде ташбака журуш кылсанар кичине козго корунот беле деймда.
09.09.2015. 13:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
24-04-2015
Соӊку аракети:
09-11-2015 23:45
Жынысы:
Белгисиз
+6
Sake80, ошо ташбака журуш кылууга да мумкунчулук берилбей жатпайбы. Азыртадан баштап админ.ресурсту колдонууга кам коруп жатышат. СДПК 2010 до АтаЖуртка утулгандыгынан кийин, сутко оозу куйгон, айранды уйлоп ичет болуп" тетиги биометриканы киргизди. Дуйно жузундо биометрика боюнча шайлоо бир гана Монголияда экен, башка мамлекеттер днк , негизги база катары эле колдонушат экен. Эми Кыргызстан да Монголиянын катарына кошулуп олтурат.
09.09.2015. 13:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
351
Катталган:
10-01-2015
Соӊку аракети:
17-01-2020 13:38
Жынысы:
Белгисиз
+7
Илбирс секириги укмушго..мурда кайдан жургон илбирстери? Эптеп шайлоодон отуш учун илбир секирик жарык нур сыяктуу амалдарды колдонушуп. Мен лично баарына каршы добуш берем! Анткени 20жылдан бери кандидаттыка корсотулгондор эч кимиси элге пайда алып келбеди оз камын оз чонтогун калындагандан башка пайда алып келишпеди. Баарына каршы добуш беришинерди суранат элем мекендештерден!
09.09.2015. 23:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
27-08-2014
Соӊку аракети:
29-03-2016 19:59
Жынысы:
Белгисиз
+1
stimyl.kg,кенгуру секирик десе болчу экен чиркин илбирс кеп бекен
10.09.2015. 12:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
14-01-2012
Соӊку аракети:
13-07-2017 22:16
Жынысы:
Белгисиз
0
stimyl.kg,башыны оорутуп эмне кыласын. Жеп-чикендер "Уйронгон адат калабы, уйга жугон салабы" кылып, депутат болуп келгенде деле ошол адатын калтырышпайт. Ошон учун 14тун тен карап кор, мыкты программасы бар партияны тандап ал да, добушунду бере бер. Буларга айтылган кайран соз. "Ата Мекен" тузуктой го
09.09.2015. 13:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
600
Катталган:
22-04-2015
Соӊку аракети:
03-01-2018 19:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир кезде озунчо топ аялдар келишип Таласка "биз жумуш ордун ачабыз,регион боюнча айлык 30мин сомдон ойдо болот,анан кимге жумуш керек болсо мин сомдон взнос тологуло "дешип,эл жапырт взнос толошуп мин сомдон,оу жакшы эле акча чогултушуп качып кетишкен. Анан акчадан жок,жумуштан жок эл калды алданып.
09.09.2015. 13:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
600
Катталган:
22-04-2015
Соӊку аракети:
03-01-2018 19:32
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шайлоо боюнча айтсам,против всех!
09.09.2015. 21:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
11-06-2017 19:15
Жынысы:
Белгисиз
+4
Izdeim_seni., мендагы сага кошулам эч бир татыктуусу жок бирок онугу прогрести шайласа болгудай себеби ушулар бийликте болбосо да эл учун иштеп жатат.акчага сатылбайлы туугандар эч бириге ишенбесен каршы добуш бергиле
09.09.2015. 13:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
03-03-2015
Соӊку аракети:
23-12-2019 19:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздын жанындагы калпакчан брат кара жорго бийлейт окшойт.
09.09.2015. 15:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1392
Катталган:
19-02-2013
Соӊку аракети:
03-10-2019 07:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мекеним Кыргызстан
+2
Илбирс секириги кылабы башка кылабы бизге таза шайлоо өтүп берсе болду
09.09.2015. 15:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
24-04-2015
Соӊку аракети:
09-11-2015 23:45
Жынысы:
Белгисиз
-1
Программасы мыкты экен. Озгочо кичи шаарларды жандандыруу, жаны одуруш мекемеоерин ачуу боюнча. Коро жатарбыз! Жалпысынан айтканда жаман эмес. Бир Болго ийгилик!
09.09.2015. 15:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
414
Катталган:
22-01-2015
Соӊку аракети:
25-09-2015 04:16
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шайлоодо отуп алгандан кийин "илбирс секиригинер" кырылдап дивандан тушпогон мышык уйкуга айланбаса эле болду.
10.09.2015. 12:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
21-04-2015
Соӊку аракети:
29-09-2016 18:01
Жынысы:
Белгисиз
-1
bakyt_2015 ошондуктан "Ата Мекенди" тандасан, алар диванга чыкпай, эл менен аралашып иштеп беришет.
09.09.2015. 15:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
474
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
31-01-2019 13:51
Жынысы:
Белгисиз
+2
Илбирс деген жырткыч болчу эле...
09.09.2015. 17:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
349
Катталган:
09-09-2013
Соӊку аракети:
04-09-2016 13:43
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул мезгилге чейин бийликте да, оппозицияда да журдунуздор. Жок дегенде мышыкты секиртип койгонуңарда, мен сөзсүз ишенет элем, "мына мына илбирс секирет" деп.
09.09.2015. 17:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
08-06-2012
Соӊку аракети:
27-09-2019 09:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
70мин эмес 7ти кишиге жумуш таап бере алат бекенсинер,калптын казаны кайнабайт дечуу,ушулар кантип ишенсе болот,жаман иттин баласы боору базар болуп,илбирс секирик дегени не,булар оздорунун жомок создоруна ,оздору ишенбейт болуш керек ,булар жомок жазысча ото кызыктуу,керемет болмок экен
09.09.2015. 17:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
10-02-2015
Соӊку аракети:
03-09-2016 11:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кочкор
0
buduz-80, ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-09 17:48:17
09.09.2015. 17:48 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8471
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
22-01-2020 14:05
Жынысы:
Белгисиз
0
ILYAS181296 - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат. Темадан алыстабаңыз.
09.09.2015. 18:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
11-02-2015
Соӊку аракети:
13-03-2018 18:15
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ай билбейм урматтуу келечектин жепутаттары тилинерден чан чыгат го киминерди шайлаарды да билбей калдык киминерге ишенебиз чындап эле баарынарга каршы добуш берет окшойбуз.Ушул убака чейин кыйратпаган мындан ары кыйратып жибереринерге коз жетпей турат.Конул калды жалганчы жепутаттарды кайра кайра шайлай берип.Кыскасы аман эле болгулачы элибиз тынч болсун.Силер шайласак шайлабасак деле депутат болосунар.
09.09.2015. 20:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
265
Катталган:
14-02-2015
Соӊку аракети:
05-01-2020 01:05
Жынысы:
Белгисиз
+1
жөө жоомогуңарга эчким ишенбей калдыго
09.09.2015. 21:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
09-03-2015
Соӊку аракети:
20-02-2019 14:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары.
+2
Жогорку жазып откон форумчуларга кошулуп мен да баарына каршы добуш бергиле деп айтмакчымын! БААРЫНА КАРШЫ ДОБУШ БЕРГИЛЕ!!!
09.09.2015. 23:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
265
Катталган:
14-02-2015
Соӊку аракети:
05-01-2020 01:05
Жынысы:
Белгисиз
+2
жаңы партияларга шанс берели мисалы Азаттык, Өнүгүү. Замандаш, мүнкүн өзгөрүү болуп кетер, азыркыларды шайласак кайра эле ушул,
09.09.2015. 23:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
17-12-2013
Соӊку аракети:
19-03-2017 13:26
Жынысы:
Белгисиз
+3
Угуп олтурсан укмуш эле алдап коёт эээ? Менда баарына каршы добуш бермекмин.
10.09.2015. 02:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
02-04-2014
Соӊку аракети:
21-01-2020 17:51
Жынысы:
Белгисиз
+3
Базар жок баардык партиялар жакшы программалары менен ат салышып атышат,бирок откон сон ар бир партиянын ою ар башка да.Биринин айтканы экинчисине жакпайт,биринин этин бири жеп атса жогорку кенеште,анан кантип онуктурот кыргызстантанды?
Бизге вообще та депутаттын кереги жокго дейм,ар бири озунун бизнестерин коргогону кетип атышат.Мындайча айтканда жалан мээси жок акчалуулар.
10.09.2015. 10:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
793
Катталган:
12-01-2009
Соӊку аракети:
06-02-2019 14:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Партиялардын көбү эле 70 миң, 10 миң жумуш орунун (дагы бар, эстен чыгып жатат) түзөбүз дешет. Анда миграция токтоп, балдар ата-энелери менен бирге жашап, үй-бүлөлөр калыбына келип (ары-кетип, бери-кетип жүргөндөр), бейпил заман (тытынбаган, жан талашпаган) орнойт го... Ошондой эле болсо кана... "Жакшы тилек - жарым ырыс" дегендей, ишене туралы да ))))
10.09.2015. 12:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
14-01-2012
Соӊку аракети:
13-07-2017 22:16
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен "Ата Мекен" партиясын жаралгандан бери колдоп келем, бул шайлоодо дагы колдоймун. Анткени лидери тил билги, айтканын аткарган, аткарбаса айтпаган тектуу жердин кулуну. "Атамекенчилердин" ЖК палатасына алып чыккан мыйзамдарын карап корсонуз баары элдин кызыкчылыгындагы мыйзамдар. Окмоттун алдында Бишкектин айланасындагы жаны конуштардын уй салып, бирок мыйзамдашпаган ээлери пикетке чыгып окмоттон талап кылып жатышат. "Ата Мекен" бул багыттагы мыйзамды жазып, ЖК депутаттары колдободу.
10.09.2015. 12:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
21-04-2015
Соӊку аракети:
29-09-2016 18:01
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шайлоонун шайтан оюндары дешип бекер айтышпайт экен. Азыр партиялардын кайрылууларын окусан тобо чачын тик турат. Мага алардын ичинен жакканы да болду. Айрыкчв "Ата Мекендин" чечкиндуу кадамдары, элдин кызыкчылыгындагы убадалары жагып жатат. Булар бугун же кечээ чыга калган партия эмес, тарыхы, кадыр-баркы бар улуу партиялардан. Эл менен жолугушууларда корунгон убадаларды беришпей, колунан келгенин айтышып, мыйзамга баш ийген мамлекет куруу идечсы мага жагып жатат. Мен "Ата Мекенди" колдоймун
10.09.2015. 17:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
30-11-2014
Соӊку аракети:
23-09-2015 18:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизинен партиялар кимдер учун же эмне учун жаралат? Албетте эл учун. Аларды колдой турган эл болбосо ошол жаралган куну эле ыдыраса керек. Менин айтайын дегеним, БИЗ, ЭЛ ошол партияларды тескеп алууга, убадаларын аткарып беришине озубуз да жоопкербиз. Ушинтип жолугушууга келгенде жанын сууруп, сурак беришибиз керек, качан, кайда деп. А биз бирибизди жамандагандан, бут тоскондон, добуш сатуудан башка эч нерсе кылбайбыз!!!
10.09.2015. 17:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
30-11-2014
Соӊку аракети:
23-09-2015 18:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер биз катаалыраак болсок, партиялар да элден корконунан убадаларына турмакпы деп ойлойм. Биз озубуз добушумду сатам деп барсак, анан албетте убадалар аткарылбайт! Ошон учун мен баардыгыныздарды келе жаткан шайлоодо бир саамга ойлонуп иш кылууга чакырам! Накта иш билги профессионалдар тобуна добуш берууго чакырам!
10.09.2015. 22:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
155
Катталган:
25-06-2014
Соӊку аракети:
22-01-2020 09:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга чейин неге секиртпединер. Же шайлоого жакындаганда эле секиреби илбирсинер?????
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136389;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: