реклама
super.kg logo
  Саясат  

Шинжан-Уйгур автономдуу облусу кыргыз мамлекетинен кайрак жана бош жаткан 100 миң гектар жерди иштетүү үчүн суроодо

 
4-июнда айыл жана суу чарба министри Таалайбек Айдаралиев Шинжан-Уйгур автономдуу облусунун Тышкы соода-экономикалык корпорациясынын Ян Ли мырза баштаган өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 
Кытайлык компаниянын өкүлдөрү "кыргыз мамлекетинде бош жаткан кайрак жана керексиз жерлерди алып, өздөштүрөбүз" деген сунушун айтып, ал үчүн 100 миң гектар аянт сурады. Алар Шинжан-Уйгур автономдуу облусуна тоют жетпей жатканын билдиришти. "Биз ал жерге беде айдап, тоют жыйнамакпыз. Муну менен жердин сапатын жакшыртабыз, экинчиден, өзүбүз жаңы техникаларды алып келебиз",- деди корпорация жетекчиси Ян Ли. 
Министр Таалайбек Айдаралиев республикада жерлердин 80 пайызы жеке адамдарга бөлүнүп берилгенин, мамлекеттин фондунда болгону 20 пайызга жетпеген жер бар экенин айтты. Мындан улам министр "жер иштетүү үчүн жергиликтүү эл менен келишим түзүп, биргелешкен ишканаларды ачып иштесе болот" деп кеңеш берди. "Бизде керексиз жерлер жок, андай болушу да мүмкүн эмес. Анын үстүнө бир эле аймактан 100 миң гектар аянт чыкпайт. Нарын, Талас, Ысык-Көлдөн 30 миң гектар жер аянттары чыгышы мүмкүн. Сиздер ошол жерлерди барып көрүңүздөр",- деди Айдаралиев. Тараптардын пикиринде, эгер бул сунуш ишке ашса, киреше тең бөлүнүшү керек.
Ошондой эле министр кыргыз мамлекетинде инвестициялык климат өтө жагымдуу экенин, айыл чарба тармагына инвестиция салып иштегендер ар кандай салыктардан бошотулганын белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(18)
05.06.2015. 10:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
21-08-2014
Соӊку аракети:
30-03-2017 15:56
Жынысы:
Белгисиз
+8
ошол бойдон кайтпайкалбасын анан ошол жер. так что бербегиле!
05.06.2015. 15:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
13-06-2014
Соӊку аракети:
12-04-2017 09:11
Жынысы:
Белгисиз
+4
Janym_ai, туура айтасын бир кезде Т.У!субалиев Андижан га бирканча жерди уттуруп жиберген дал ушундай жол менен
05.06.2015. 10:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
26-05-2014
Соӊку аракети:
22-02-2016 23:32
Жынысы:
Белгисиз
+8
Берип жаман корунгондон коро,бербей жаман корунгон жакшы. Бербей койгон онго дейм.
05.06.2015. 10:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
03-09-2013
Соӊку аракети:
07-05-2020 10:31
Жынысы:
Белгисиз
+7
алар бир нерсе өстүргөн жерден экинчи эч нерсе жарытылуу өспөй калат... Жердин кубаттуулугун толугу менен сыгып алышат :)
05.06.2015. 10:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
459
Катталган:
12-06-2010
Соӊку аракети:
26-09-2021 09:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+8
Бербегиле каршымын кийин биздики болчу деп чырдап чыгат
05.06.2015. 10:53 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
138
Катталган:
04-06-2014
Соӊку аракети:
07-09-2016 04:06
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акырындап бастырып кире баштаптыр да кытайлар калпеле уйгурларды ортого салып. Ижарага сурамыш болуп!
Сат сат сат сат!
Дагы эмненер калды сатпаган?!
Бироолор айтмакчы колтугундун жунун сат. Сата бергиле чекеден анткени сатуу бул кыргыздын салты!

05.06.2015. 11:06 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
26-12-2010
Соӊку аракети:
03-04-2016 17:35
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура уйгурларды ортого салымыш болуп эртен кытай же уйгур каптап келет. Ухуу 100мин гектар онор чон жерби бербеш керек. Ач болсонда тынч бол деп ата бабаларыбыз айткан. Эртен аны иштетем деп 100мин кытай келет. Мен бирда коргон жокмун келген кытай кайра кеткенин.
05.06.2015. 12:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
04-06-2015
Соӊку аракети:
30-07-2015 14:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Узбектерге дагы ушундай келишим менен берген жерлер кана?
05.06.2015. 13:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
263
Катталган:
19-09-2014
Соӊку аракети:
23-07-2016 08:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
атандан калган жер беле барып коргуло деп айтканын.Коргондон кийин уже сатыш керек да.Аны укканда АША уканда уктабай аткандыр кайсы жерди сатсам деп
05.06.2015. 16:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
638
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
24-08-2021 20:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+2
Кыжырым келет,бербегиле жер эмес балаа жок
05.06.2015. 22:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
09-11-2014
Соӊку аракети:
07-06-2015 22:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
bema_bema,туура айтасын
05.06.2015. 17:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
25-11-2012
Соӊку аракети:
03-02-2020 13:29
Жынысы:
Белгисиз
+2
Andan koro uiu jok.kancha adam jurot,owolorgo berse jakwy bolmok.
05.06.2015. 22:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
490
Катталган:
22-01-2015
Соӊку аракети:
28-06-2018 23:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Өздөштүрөбүз деп ачык еле сүйлөп койуптурго же тоготпогонубу бизди,100 гектар, 1000 гектар дебей шарт еле 100 мин гектар дептирго
Модератор admin_portal түзөттү 2015-06-08 15:18:23
06.06.2015. 05:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
27-04-2015
Соӊку аракети:
24-08-2018 15:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
аларга берсе канча акча бермек эле биздин чондор дагы деле акча деп калыптырго качан тойот чондорубуз,эх кыргызым

06.06.2015. 07:51 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
180
Катталган:
22-01-2015
Соӊку аракети:
05-01-2018 22:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Жерлер жеке менчикке откону да жакшы болуптур. А то кытайларга кетип калмак экен. Алардан ала албайбыз. Ото ыплас калк болушат. Карасууда менин контейнеримен чык деп айдап чыгвшат.
06.06.2015. 07:53 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
180
Катталган:
22-01-2015
Соӊку аракети:
05-01-2018 22:37
Жынысы:
Белгисиз
0
А жерди берсек кокус мал баккан бироо адашып кирип алса олтуруп этие жегенден кайра тартпайт бул Яажуж-маажуждар.
07.06.2015. 18:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
98
Катталган:
26-09-2014
Соӊку аракети:
27-11-2015 05:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылга сыйбаган нерсени айтпагыла кытайлар кыргызстандан эч качан беде ташыбайт алар башка нерсени коздоп жатат.
13.06.2015. 04:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
12-10-2013
Соӊку аракети:
13-06-2015 04:43
Жынысы:
Белгисиз
0
100 гектар эмес, 2 см жер берилбейт. Тапкан экенсинер, Мындан артык жетишет, Кымындай силерге окшогон чымындарды азыртадан куйругунарды кесип жоготобуз. Байкуш карапайым Кыргызым жапа жекен дайыма.Тиштер кайралып, камчылар кычырап турат билинбей..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
178786;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: