super.kg logo
«Жылдын супер балбаны»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Жылнаама, 25-март: Мындан 45 жыл мурун “Биз” тобунун жетекчиси, ырчы Бактияр Токторов туулган

 
* Мындан 45 жыл мурун, 1970-жылы легендарлуу “Биз” тобунун жетекчиси, ырчы Бактияр Токторов Лейлектин Коммунизм айылында туулган. Мектепте окуп жүргөн кезинде комузду гитарага окшоштуруп чертип, Алла Пугачёва, Валерий Леонтьев, Михаил Боярский жана башкалардын чыгармаларын туурап ырдап жүрүп эле үнүнүн диапазонун кеңейтип алган. 
Суворов атындагы аскердик окуу жайды бүткөндөн кийин Фрунзе политехникалык институтуна тапшырган. Ал жактан ыр дүйнөсүнө жакын балдар менен гитара чертип, ырдап жүргөн. 1990-жылы “Кыргызстан” деген топ түзүп, “Периштем”, “Айпери”, “Таң чолпон жылдызым” аттуу ырларды жараткан. Кийин "биздин ырлар" деп жүрүп, топтун атын "Биз" деп өзгөртүшкөн. "Биз" тобу 2012-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер тобу" наамынын ээси болгон.
 
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы өлкө ичиндеги 6 жаза өтөөчү мекеме: Чүйдөгү №1, 5, 8, 16, Оштогу №3 жана Жалал-Абаддагы №10-абакта отургандар массалык ачкачылык башташкан. Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин орун басары Калыбек Качкыналиев "жазасын өтөп жаткандар уюшкан кылмыш топторунун мүчөлөрү тынбай кармалып жатканына нааразы болуп жатышканын, мунун артында кылмыш дүйнөсүнүн ана башы аталган, издөөдө жүргөн Камчы Көлбаев турат" деп маалымдаган. Бул акцияны балдар колониясы (Вознесеновкада), аялдар колониясы (Степное) жана Нарын шаарындагы 4-СИЗО колдогон эмес.
* Мындан 68 жыл мурун, 1947-жылы англиялык рок-ырчы, пианист жана композитор Элтон Жон Англиянын Пиннер аттуу жеринде туулган. Элтон Жон жеңил роктун өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошкон. 50 жылдык карьерасында ырчы 250 миллиондон ашык пластинкасын саткан. Ал "Rolling Stone" журналынын версиясы боюнча улуу ырчылардын тизмесинен 49-орунду ээлейт. Чыгармачылыктан сырткары коомдук ишмер катары да белгилүү. Ырчынын жеке мүлкү 265 миллион АКШ доллары деп бааланса, жашоосунда ал 1 миллиарддан ашык долларды кайрымдуулукка жумшаган.
* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы аргентиналык Херман Моро баштаган казына издөөчүлөр Эквадордун жээгинде 1654-жылы чөгүп кеткен испан кемесин таап алышкан. Эксперттердин айтымында, анда бир канча миллиард долларга бааланган алтын менен күмүш бар болгон.
25-мартта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.03.2015. 00:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
03-04-2013
Соӊку аракети:
05-12-2019 07:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Бактияр байке Туулган кунунуз менен!!! 45 жашка эч окшошбойт го мен учун 25 жаштагы эле жигиттей))) эч качан ушул жузунуздон кайтбаныз, ишинизге ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134718;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: