реклама
super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев А.Анапияевдин өлүмү боюнча: "Беларусь бийлиги көрүү үчүн Бакиевдер дагы кимди өлтүрүшү керек?"

 
Бүгүн, 26-февралда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "кримавторитет" Алманбет Анапияевдин өлтүрүлүшү боюнча билдирүү жасады. Президенттин билдирүүсүндө аталган кылмышка Бакиевдердин катыштыгы бардыгы, буга Беларусь бийлиги чара көрүшү керектиги айтылат. 
“Жакында чуулгандуу Жаныш Бакиевдин мурдагы өзүнүн жакын адамынын үстүнөн Минскте жүргүзгөн кандуу криминалдуу “разборкалары” Бакиевдердин үй-бүлөсү Беларуста өздөрүн эч качан жазага тартылбасын сезип, баш кесерлери менен кандуу жолун улантып жаткандыгын толук ырастап отурат. Бул тууралуу кылмыштын күбөсүнүн жарыялаган көрсөтмөлөрү ачык-айкын далилдеп, Беларустун борбор шаарындагы кварталдардын биринде Жаныш Бакиев жана анын жан жөкөрлөрү А.Анапияевди өлтүргөндүгүнөн эч шек туудурбайт.

Урматтуу Александр Григорьевич Лукашенко жана достук мамиледеги беларусь эли көркоолорду колтугуна катып алгандыгын акыры түшүнөт деп терең ишенем.

Беларусь эли Хатынь кыштагындагы дүйнөнү титиреткен улуу трагедия болгон 1943-жылдын жазын унута албаган сыяктуу эле, кыргыз эли Бакиевдердин буйругу менен Бишкектин борбордук аянтында карапайым адамдарды аттырган 2010-жылдын жазын эч качан унута албайт.

Кыргыз өлкөсүндө бир тууган Бакиевдерди мыкаачы катары эскеришет. Бул канкорлор адамдарды тирүүлөй өрттөгөнү, журналисттерди бычактаганы, бизнесмендердин колу-буттарын сындыргандыгы, курмандыктарынын кулагын, мурдун кесип таштаганы элдин эсинде.

Беларусь бийлиги Бакиевдердин айбандык жана мыкаачылык маңызына көзү жетиши үчүн бул криминалдуу үй-бүлө дагы кимди өлтүрүшү керек? Бул канкорлор кайда жүрсө дагы, колтугуна катып алган Беларуста дагы кан төккөнүн уланта берет!

Дээрлик беш жылдан бери кыргыз өлкөсү Минсктен, эл аралык конвенцияларга ылайык, кылмышкерлерге издөө салуу, кылмыштык куугунтуктоо жана кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча милдеттерин аткаруусун талап кылып келет. Анын ордуна Беларусь жетекчилиги Бишкектин мыйзамдуу талаптарын четке кагып келди. Ошол эле учурда биз ар дайым Беларуста бул бандиттердин жүргөнүн колдоп, улуттук паспортторду, мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, мааракелери менен куттуктаганын ырастаган маалыматтарды алып турдук.

Минсктеги Бакиевдердин катышуусу менен өткөн криминалдык “разборкалар” Беларустун жетекчилери үчүн кооптуу белги болот деп ишенем. Анткени өлкөдө накта криминалдуу жана кылмыштуу элементтерди калкалоого байланыштуу жарандарынын коопсуздугуна шек келери талашсыз. Бул иш ошондой эле Беларустун имиджине дагы кара так түшүрөт.

Беларустун жетекчилиги мындан ары кыргыз өлкөсүндө карапайым жарандарды өлтүргөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылган кылмышкерлерди калкалабайт деп үмүттөнөм. Беларусь тараптын бул кылмыштарды катуу айыптоосу жана кыргыз өлкөсүнө адам өлтүргүчтөрдү кармап, өткөрүп берүү боюнча иштиктүү чараларды көрүшү Беларустун жана анын жетекчилигинин эл аралык аренада кадыр-баркынын өсүшүнө көмөктөшөт деп ишенем”,- деп билдирди Алмазбек Атамбаев.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(42)
26.02.2015. 13:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
29-04-2014
Соӊку аракети:
15-01-2017 23:07
Жынысы:
Белгисиз
+25
Тероо иштери аяктай электе, каякта бир баланын созуно ишенип, аны айткандары канчалык чындыкка дал келери билине электе, ошол баланын созуно кирип олко башчасынын билдируу жасаганы абдан уят нерсе. Кокус эртен аны олтургон башка эле адамдар болуп чыгып калса кандай болот.
26.02.2015. 15:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
10-03-2013
Соӊку аракети:
25-06-2017 17:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жаливуд
0
InsanKg, Ишенбей эле ал сценарийди Гулжигитке оздору жазып беришкенда , АШАнын кылганы окшойт бул , себеби буга чейин эчкимди кунолуу деп айтпады эле соттон мурун , сот чечет дечууго , эми мындай кылып жатканы кумон кылдырбай койбойт экен , же чын эле АША Алманбет агабыздын олгонуно ичи ачышып жатабы
26.02.2015. 13:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
255
Катталган:
12-03-2013
Соӊку аракети:
13-12-2019 09:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+18
Ажобуз да туруп туруп маанисиз создорду балп эттирип сала берет экен да. Тергоо иштери буто элек кылмыш иши боюнча коомчулукка мындай билдирууну тараткан кандай адам озу? Эптеп эле Бакиевдер куноолуу деген заман артта калганын тушунбой жатабы?
26.02.2015. 13:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
163
Катталган:
04-06-2014
Соӊку аракети:
13-07-2015 14:28
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бул создор президент айта турган соз эмес.
26.02.2015. 13:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
10-10-2013
Соӊку аракети:
25-12-2019 22:10
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул бир болсо батукаевтин иши болот,эмнеге дегенде Алманбетти олтургондо мойнун кесип тилин мойнунан чыгарып койушкан,мындай олтуруу орто азиада эч бир ворзакон колдонбойт, аны биргана чечендер же дагестанстар колдонот аны галстук деп койушат, азыркы бийлик Бакивдерден коруп жатышат, жаз келди которулуш дегендей.азыр элдин баары тупой эмес.
26.02.2015. 14:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
173
Катталган:
05-11-2013
Соӊку аракети:
26-11-2017 23:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Египет
+1
Adidas_91, Туура айтасын Батукаевтин колу болушу мумкун бул жерде Гулжигитти сайратып койгон сценарий боюнча.
26.02.2015. 13:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
08-04-2014
Соӊку аракети:
17-05-2017 23:12
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул окуяда кандайдыр сыр бар,эл башчыбыз коргондой суйлоптур.КРда Бирону биро олтурсо бир эки айда билдируу жасашат эле,башка олкодогу кылмышты беш кундо бетин ачып билдируу жасашыптыр.
26.02.2015. 14:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
07-09-2014
Соӊку аракети:
25-11-2017 22:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+3
селер созго маани берсенер Аша аябай еле Куу шайлоо жакындап атат ептеп каралап озу ак болуп чыгып кетиш керек мелис жок ахматбек жок ташиев жок бакиев калды муну караласа аша аппак болуп чыгат тушунбойсун бийликке
26.02.2015. 14:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
07-09-2014
Соӊку аракети:
25-11-2017 22:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+9
чынын айтыш керек бакиев ушул убака чейин президент болгондо кыргызстан бир топ еле алдыга жылмак свет которулот деп кууп чыкты азырчы адамдар светти еле толоп отурат убагында Аша свет елге бекер берилиши керек деген
27.02.2015. 17:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
31-10-2014
Соӊку аракети:
20-07-2016 14:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шаар.312
0
Gensek, Ал создор пустой кардон! Ушул убака чейин Атамбаев Кыргызстанды онуктуруп деле салмак бирок анын колунан келбеди. Светке келсек эми свет бекер болбой калдыго)) Кризистин бир колу бизге да тийип жаткан учуру...
26.02.2015. 14:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
17-02-2013
Соӊку аракети:
27-03-2020 15:20
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дээрлик беш жылдан бери кыргыз өлкөсү Кыргыз бийлиги "Минсктен эл аралык конвенцияларга ылайык кылмышкерлерге издөө салуу, кылмыштык куугунтуктоо жана кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча милдеттерин аткаруусун талап кылып келет" - имиш талап кылганы эл аралык аброй керек урматтуу АША мынтип ойдо ылдый суйлоп олтурсаныз Бишкектин талаптары эч качан аткарылбайт. Бул маселеге ойун билдируучу ИИМ, УКМК, прокуратура бар аралашпай эле турса жакшы болмок.
26.02.2015. 14:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
04-05-2014
Соӊку аракети:
13-05-2015 11:56
Жынысы:
Белгисиз
-6
Укмуш элдик баатыр кылып, кээ бирлери Кыргыздын бычакка сап жигити олду дегендерин окуп тан калам. Каракчы, баш кесер, адам олтуруу, талап тоноо боюнча издоодо жургон киши азыркы Кыргыздын идеалы болуп калды беле?! Миллиондогон мигранттар жылдап алыста иштеп, эптеп бир бизнес баштасан, кайдагы чон муштум, омурундо иштебеген киши келип оокатынды болуш, болбосо олосун десе кимге жаксын? Депутат, министрлерди тонобойт алар. Саяк журсон таяк жейсин! Кыргызды коргоп эмес, озунун курсагын ойлоп олду!
burger түзөттү 26.02.2015 14:22
26.02.2015. 15:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
10-03-2013
Соӊку аракети:
25-06-2017 17:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жаливуд
-2
burger, Фуу , озунун курсагын ойлоп олду деп сенда АШАга окшоп коргондой айтасынгоо , анда Алманбетти олтургон адамга сыйлык бериш керек экенда э , Алманбеттин кыргыз спортуна чон салым кошкондугун жомокчу Гулжигит далилдеп жатпайбы , дуйнолук панкратионго катышууга жардам беришин сурангам деп
26.02.2015. 14:21 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
178
Катталган:
05-04-2009
Соӊку аракети:
15-06-2016 11:04
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ... колунардан келсе токтотпойт беленер ошону эмнеге иликтеп кунолуулорду таппайтасынар канчалаган бее куноо кыздар балдар олуп кеттишти
Модератор admin_portal түзөттү 2015-02-26 14:26:45
26.02.2015. 14:27 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8510
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
07-04-2020 19:27
Жынысы:
Белгисиз
0
alas, такталбаган маалымат жазуудан алыс болсоңуз.
26.02.2015. 14:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
23-10-2012
Соӊку аракети:
08-04-2018 22:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
seul
+7
АШАнын турдуу жомок, спектакльдерине эл ишенбей эле калган азыр.
26.02.2015. 14:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
08-07-2011
Соӊку аракети:
06-02-2020 22:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushul kungo cheyin izdoodo jurgon Almanbetti Bakievter olturdu degenge isheish kyiyngo. Menin jeke oium bul azyrky biyliktin ishi bolush kerek.
26.02.2015. 15:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
17-09-2014
Соӊку аракети:
16-11-2018 08:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура айтасынар бул азыркы бийликдин иши бул просто . Бакиевдерге потстава болду.Алманбет браты жанагы чечен жайлады Батукаев. Батукаев менен азыркы бийликдин мамилеси жакшы турабы. дагы бирнерсе жанагы баланын суйлогон созуно ишенген АША сизге уяат
26.02.2015. 15:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
301
Катталган:
13-12-2011
Соӊку аракети:
25-03-2020 23:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Οω- Μοsκβα
0
Колу Кудайга жетип калгандай сүйлөпсүз жана АШАнын бул сөздөрүн айылдагы ушакчы жеңелердин сөздөрүнөн ылдый кабыл алдым. Жалаң эле каралап басып жүрөт. Эркек болчу АША!
26.02.2015. 18:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
07-04-2020 20:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Козу менен коргондой эле талп эттиретго. Чон чычып алсак деле Бакиевдер куноолу дей берели
26.02.2015. 18:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
309
Катталган:
25-11-2014
Соӊку аракети:
02-03-2016 11:49
Жынысы:
Белгисиз
-4
Олко башчыбыз ушинтип отурса калган эл кайда барат.Жогорудагы айтылган создорго караганда чын эле озун актап коюптур.Беш кундо иликтеп кайрылуу жасап элге.А эмнеге Баткенде болгон кандуу окуянын бир уй булодон беш адамдын олумунун дале болсо жыйынтыгы чыкпайтко.арадан канча жыл отту.Же бул окуяны да Бакиевтер кылганбы...А бул окуянын тез эле жыйынтыгын чыгарышып коюптур.
26.02.2015. 18:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
23-02-2014
Соӊку аракети:
07-12-2015 15:45
Жынысы:
Белгисиз
0
бальким бул ценарий эмес чындыктыр озунор айтып жаткандай тергоо аягына чыкмайынча силер да бироону жамандабай турсанар болмок ценарий экенин силер кайдан билесинер отуруп алып эле оозго келгенди жаза бересинерби ким ак ким кара баардыгын убакыт корсотот туугандар
26.02.2015. 19:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
26-04-2013
Соӊку аракети:
19-06-2016 18:20
Жынысы:
Белгисиз
-2
Негизи бул ишти ХХХ ХХХ ХХХ... Ал эми трайбалисттерге айтарым аканарды коргонду токтосонор боло.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-03-02 10:44:32
27.02.2015. 09:41 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8510
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
07-04-2020 19:27
Жынысы:
Белгисиз
+1
fara2503 - эскертүү!
Такталбаган маалымат жазуудан алыс болуңуз.
26.02.2015. 19:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
21-12-2014
Соӊку аракети:
03-12-2016 23:37
Жынысы:
Белгисиз
-10
Алмазбек Атамбаев, туптуура айтты!!!
26.02.2015. 20:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
05-01-2014
Соӊку аракети:
29-03-2015 11:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Камчы Колбаев эмне унчукпай калган??
26.02.2015. 20:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
22-01-2014
Соӊку аракети:
06-01-2018 13:23
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ашанын бети жок экен Алманбет жок болгондо ошту алдырмак эле озбектерге. Ошол алып калды баатырлык кылып.
26.02.2015. 20:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
27-08-2014
Соӊку аракети:
08-10-2019 23:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-1
эл жаш бала же жинди эместир ушинтип алдап оозун жаап жок адамга жалаа жаап кутулуп кеткидей... кудай астында кантип жооп берет болду ошонун бир эле коз ирмемин ойлоду бекен?! эххх.....
26.02.2015. 22:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
03-02-2014
Соӊку аракети:
16-09-2019 10:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир уй булоону тындап карай албаган ары жоктор бир Чон Олконун Падышасын жамандайсынар оозунарды чоюп ал жакшы адам болсо муусталып олот беле ойлонсонор???анын балдары литвадан машина ташыган балдарды тоночу Анапияевдин балдарынын козуно корунбош керек деп коркуп журушчу!!!туура не эми Бакиевдер жакшы болуп калдыбы?баарын олтуруп элди аттырып баарын жеп жутуп качышты...эми отуруп алып баарын Бакиевге шылтагыла деп ишенбейсинер Бакиев олтурбогондо анан не сенин атан же байкен олтурмок беле?
27.02.2015. 00:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
26-04-2013
Соӊку аракети:
19-06-2016 18:20
Жынысы:
Белгисиз
0
skanya87, туура айтасын сага кошулам
27.02.2015. 02:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
429
Катталган:
27-07-2012
Соӊку аракети:
01-07-2019 09:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
skanya87, ХХХ ХХХ ХХХ... кичине чындык дагы керек да.мага баары бир алманбетти ким олтургону,бирок олтургон адам жооп бериши керек.Гулжигиттин суйлогонун уксан кулкун келет,кантип ошто бакиевдерди тааныбаган адам болсун?
Модератор admin_portal түзөттү 2015-02-27 09:53:25
27.02.2015. 09:53 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8510
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
07-04-2020 19:27
Жынысы:
Белгисиз
0
gulmi - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
26.02.2015. 22:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
03-02-2014
Соӊку аракети:
16-09-2019 10:58
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаев деген бийлик башындагы киши олкодо не болуп жатканын ким рекет ким тынч журот баарын билет ал президент!!!ал эмес класста мугалим ар бир окуучусун,врач палатадагы пациентти,ата эне ар бир баласын билет...ошондой эле олко башчы болгондон кийин мунун баарын ойлонуп текшеруудон откоруп тактап анан элге жар салды да жон эле кочодогу балага ишене бергендей бул эмне уйдо жумушсуз телевизор интернеттен башы чыкпай отурган ушакчы адам беле?
27.02.2015. 02:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
429
Катталган:
27-07-2012
Соӊку аракети:
01-07-2019 09:57
Жынысы:
Белгисиз
0
skanya87, Атамбаев президент болгон учун ар бир созуно жооптуу караш керек.Сен тергоо эмне экенин билесинби?канча убакыт керек экенин?Алманбеттин олгонуно бир жума боло элек болсо керек,тергоо буто элек болсо дагы президент эл аралык денгелдеги кайрылуу жасап жатат.Президентте кандай далилдер бар?бир жаш баланын коргозмосубу?ал баланын белоруссияда болгону тууралуу бир дагы далил жок экен адвокаты айтып чыкты.
27.02.2015. 00:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
126
Катталган:
06-06-2014
Соӊку аракети:
18-12-2015 00:13
Жынысы:
Белгисиз
+1
не кереги бар жалган айтып атамбаев сиздин бул ишке киришкениниз тура емес сыйнызды кетирип жатасыз
27.02.2015. 00:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
255
Катталган:
12-03-2013
Соӊку аракети:
13-12-2019 09:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Түшүнүксүз, АША Анапияевдин өлтүрүлгөнүнө ичи ачышып Бакиевдерди күнөөлөп атабы ошондо, аны кылмышкер ОПГ деп айтканы бар эле.
27.02.2015. 01:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
128
Катталган:
10-12-2014
Соӊку аракети:
08-03-2020 00:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ноокен
+1
уят АША уят
27.02.2015. 06:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
11-12-2014
Соӊку аракети:
14-04-2016 12:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Блага сити
0
Жаш баланын созуго так малыматты билбей суйлоп башка элгеда уят эле болдуко Кыргызтанды шерменде кылдыда эми Аша кетипле калсан болот эле бийликден
27.02.2015. 10:57 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
178
Катталган:
05-04-2009
Соӊку аракети:
15-06-2016 11:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят уят
27.02.2015. 11:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
28-03-2009
Соӊку аракети:
19-04-2017 11:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Негизи кылмыш Беларуста болгон сон, Гулжигитти ошол жакта суракка алыш керек болчу, ошондо кылмышкерди таап анан мына таап келдик деп мактанса болмок. Без доказательство жоо жомокко ишенип айткан созун. Сурот же видое менен доказать этсе да бир жон эле...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140821;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: