4-май, 1979-жылы Улуу Британиянын премьер-министри болуп Маргарет Тэтчер шайланган

Дүйнө
Улуу Британиянын тарыхында биринчи жана азырынча жалгыз өкмөт башчы аял Маргарет Тэтчер премьер-министр болуп шайланган. Улуу Британиянын 71-премьер-министри болгон Маргарет Тэтчер бул орунда 1990-жылдын 28-ноябрына чейин отурган.

Ал 1925-жылы 13-октябрда туулуп, 2013-жылы 8-апрелде дүйнөдөн кайткан. Совет бийлигин кескин сынга алып, бир канча консервативдик чараларды ишке ашырганы үчүн аны "темир аял" деп атап коюшкан. Тэтчер 1970-жылы билим берүү жана илим министри болгон. 1975-жылы Улуу Британиядагы негизги оппозициялык партиянын башчылыгына шайланган. Анын партиясы 1979-жылы жеңишке жеткенден кийин Маргарет Тэтчер премьер-министрликке келген. 1987-жылы кайрадан өкмөт башчы болуп шайланат.

  (42 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9085;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: