реклама

26-март, 1920-жылы жазуучу Кусейин Эсенкожоев туулган

Кыргызстан
Кыргыз адабиятында фантастика жанрына чыйыр салган жазуучу Кусейин Эсенкожоев Жети-Өгүз районунда туулган. Орто мектепти 17 жашында бүтүрүп, Кыргызстан Мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырган. К.Эсенкожоев институттун акыркы курсунда окуп жатканда Алматыдагы офицерлерди даярдоочу согуш мектебине жиберилген. Аны кыска мөөнөттө бүтүрүп чыгып, офицердик наам менен фронтко аттанган. Кусейин Эсенкожоев Москва алдындагы катуу салгылашта 1941-жылы жыйырмадан жаңы ашкан кезинде курман болгон.
К.Эсенкожоев өзүнүн чыгармачылык өмүрүндө "Саякатчы бала", "Үчүнчү шар", "Мекендин уулу" ж.б. балдарга арналган илимий-фантастикалык кызыктуу чыгармаларды жазган.
Ал көп ырларды, поэмаларды, очерктерди, фельетондорду жаратып, көбү бүтпөй калган. К.Эсенкожоевдин котормосу менен Пушкиндин, Лермонтовдун, Маяковскийдин бир нече ырлары кыргыз тилинде чыккан.
Кыргыз адабиятынын тарыхында К.Эсенкожоев кыргыз балдар адабиятынын негиз салуучуларынын бири болгон.
  (100 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9073;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: