22-ноябрь, 2004-жылы Украинада күлгүн ыңкылабы башталган 

Дүйнө
Күлгүн ыңкылабы ушул күнү башталып 2005-жылдын январына чейин уланган. 21-ноябрда Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо Виктор Януковичтин утканын жарыялаган. Януковичтин атаандашы - Виктор Ющенконун тарапташтары жана чет элдик байкоочулардын көбү Янукович эреже бузуулар менен жеңгенин айтып чыгышкан. 2004-жылы 3-декабрда Украинанын Жогорку Соту шайлоону кайрадан 2004-жылдын 24-декабрына койгон. Бул ирет Ющенко жеңишке жеткен.
Бул төңкөрүштүн лидерлери Виктор Ющенко жана Юлия Тимошенко болушкан. Виктор Ющенко жеңишке жетсе, Юлия Тимошенкону премьер-министрликке коймокчу болгон.
2005-жылы 23-январда Виктор Ющенко расмий түрдө ант берип, Украинанын президентинин кызмат ордуна келген.
  (16 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9084;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: