16-сентябрь, 1945-жылы Советтик жана орусиялык эстрада артисти, куудул, алпаруучу Евгений Петросян төрөлгөн

Дүйнө
Советтик жана орусиялык эстрада артисти, куудул, алпаруучу Евгений Петросян Азербайжандын борбору Баку шаарында математик менен инженердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1958-жылы 13 жаштагы Евгений биринчи жолу чоң сахнага ар түрдүү жанрдагы монологдорду окуп чыккан. Мектепти бүтөөрү менен бул тармакта дагы такшалуу максатында Москва шаарындагы Эстрада искусствосунун театр чеберчилиги институтуна тапшырган. Ал эми 1962-жылы бул окуу жайды бүтүрүп, "В жизни раз бывает 18 лет" деп аталган телеберүүгө жеке сатирасы менен чыккан. Бул сатирасы көпчүлүк белгилүү искусство кызматкерлерине өзгөчө жагып, белгилүү артист болууга үл­гүр­гөн. 1964-жылдан 1969-жылга чейин Леонид Утесовдун жетегинде Мамлекеттик эстрадалык оркестрде, андан кийин "Москонцертте" кызмат өтөгөн. Ал эми 1980-жылдардан тарта Евгений Петросян жеке артист катары тамашалуу телеберүүлөрдүн үстүндө иштей баштаган.  (75 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9084;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: