«Жылдын супер актёру»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


8-ноябрь, 1946-жылы Голландиялык футбол машыктыруучусу Гус Хиддинк туулган

Дүйнө
Көп командалар менен ийгилик жаратып, кеңири таанылган голландиялык футбол машыктыруучусу Гус Хиддинк Нидерландынын Варссевелд шаарында туулган. Гус 12 жашында жергиликтүү клуб – "Варссевелддин" футболдук академиясына окууга кирген. 21 жашында голландиялык “Де Графсхап” клубу менен профессионалдык келишимге кол коёт. Ошентип, чоң футболго жол ачылганда ал ПСВ, НЕК жана Американын “Вашингтон Дипломатс”, “Сан-Хосе Эртквейкс” клубдарында ойногон.
1979-жылы Дене тарбия институтун аяктап, мектепте сабак бере баштаган. Хиддинк 1981-жылы алгачкы клубу “Де Графсхапка” кайтат да, ойноочу-машыктыруучу (бир эле учурда машыктыруучунун да, оюнчунун да ролун аткарат) болуп калган. Көп өтпөй ПСВнын машыктыруучулар кеңешине кирип, 1987-жылы клубга башкы машыктыруучунун ордуна дайындалган. Алгачкы сезонунда эле Чемпиондор Лигасын жана өлкө чемпиондугун утуп, өзүнүн мыктылыгын көргөзө алган Гус кийин Түркиянын “Фенербахче”, Испаниянын “Валенсия”, “Реал”, “Бетис” сыяктуу клубдарында ийгиликтүү иш алпарган.
  (73 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9073;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: