11-сентябрь, 1994-жылы Англиялык актриса Жессика Тэнди көз жумган

Дүйнө
Англиялык актриса Жессика Тэнди 85 жашында көз жумган. Ал "Шофёр мисс Дэйзи" ("Дэйзи айымдын айдоочусу") тасмасында жараткан ролу үчүн 81 жашында “Оскарга” татып, ал наамга ээ болгон эң улгайган актриса деп тарыхта калган. Актриса ошол эле ролу үчүн BAFTA, "Алтын глобус" сыйлыктарына да ээ болгон. Ал эми "Призрачный свет" тасмасындагы ролу менен "Эмми" сыйлыгын багындырган.
Жессика Тэнди "Птицы", "Мир по Гарпу", "Лучшие друзья", "Батарейки не прилагаются", "Кокон: Возвращение", "Жареные зелёные помидоры" тасмаларына тартылган.
Ал эми акыркы ролун 1994-жылы "Без дураков" тасмасында жаратып, ошол жылы узакка созулган оорудан улам АКШнын Коннектикут штатындагы Истон шаарындагы үйүнөн каза тапкан.
  (25 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9075;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: