11-сентябрь, 1935-жылы Кинорежиссёр Төлөмүш Океев төрөлгөн

Кыргызстан
Кинорежиссёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти Төлөмүш Океев Ысык-Көл областындагы Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Ленинград киноинженерлер институтун, ВГИКтин эки жылдык режиссёрлук жогорку курсун бүтүргөн. "Кыргызфильм" студиясында үн оператор, режиссёр, Кыргызстан кинематографисттер союзунун президиумунун төрагасынын орун басары, Түркияда элчи болуп иштеген. Ал 1963-жылдан баштап "Аптап", "Биздин балалыктын асманы", "Карамүртөз", "Кызыл алма", "Улан", "Ак илбирстин тукуму", "Махабат закымы" сыяктуу тасмаларды тарткан. Анын "Бакайдын жайыты" тасмасы Кыргыз ССРинин Комсомолу, "Уркуя" фильми Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы сыйлыгына татыктуу болгон. Төлөмүш Океевдин советтик маданиятка сиңирген эмгеги бийлик тарабынан жогору бааланып, 1985-жылы ал "СССРдин Эл артисти", 1972-жылы "Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" наамдарын алган. Төлөмүш Океевдин чыгармачылыктагы ийгилиги 6 эл аралык кинофестивалдын лауреаттык сыйлыгы менен белгиленген. Ал Англия, АКШ, Индия, Япония, Италия, Франция, ГДР, Непал, Араб өлкөлөрүндө болуп, өзүнүн фильмдерин жергиликтүү калкка тааныштырган.
Төлөмүш Океев 2001-жылы 18-декабрда Анкара шаарында оорудан улам 66 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.
  (84 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9075;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: