10-октябрь, 1959-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти Керим Турапов төрөлгөн

Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын экс-жетекчиси, опера ырчысы Керим Турапов Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында туулган. Оштогу музыкалык окуу жайынын вокалдык бөлүмүн, Б.Бейшеналиева атындагы Мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Ал студент кезинде эле Асанкан Жумакматов башкарган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиосунун симфониялык оркестринин коллективине чакырылган. Анын ырчылык эмгек жолу элдик ырларды аткаруу менен башталган. Уккулуктуу, кенен диапазондуу лирикалык тенор үнү менен кийин дүйнөлүк вокалдык классикалык ырларды аткарган. Кыргыз классикалык музыкасын кайрадан калыбына келтирүүдө көп эмгек жумшаган. Ошондой эле дүйнөлүк классикалык опералардын эң мыкты партияларын жогорку деңгээлде аткарууга жетишкен. Керим Турапов Кыргызстан Ленин комсомолу, Эл аралык Ч.Айтматов атындагы, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктардын ээси, ал эми 1991-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", 1995-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" деген ардактуу наамдар берилген.  (60 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9075;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: