«Жылдын супер тасмасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


12-сентябрь, 1994-жылы Ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыров көз жумган

Кыргызстан
Ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыров көпкө созулган оорунун айынан көз жумган. Көз жумганына сегиз күн болгонунда гана ырчынын эмгеги бааланып, 1994-жылы 20-сентябрда "Эл агартуунун отличниги" деген наам берилген. Ошол эле жылдын ноябрь айында Ош филармониясындагы Кара-Кулжа музыкалык окуу жайына ысымы ыйгарылган. 1997-жылы 12-январда Сулайман тоодогу ырчынын бейитине эстелик коюлуп, андан соң ырчынын Ош филармониясынын алдында эстелиги ачылып, коомдук фонд да уюшулган. Рыспай Абдыкадыровго Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы тирүү кезинде берилбей калган.
Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында туулган. Бала кезинен музыкага шыктуу Рыспай Абдыкадыров 1963-жылы Ош педагогикалык факультетин бүтүргөн.
Өзүнүн эмгек жолун Кара-Кулжа элдик театрында, андан соң Жалал-Абад театрында эмгектенүү менен баштаган. Ошол жерде иштеп жүргөн мезгилде кургак учук оорусуна кабылып, оорусуна байланыштуу борбордогу филармонияга келип иштеп калган.
Кыргыз музыка дүйнөсүндө чоң из калтырган атактуу обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыров "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" деген ырлары менен калың элдин катмарына сиңип, улуу-кичүүнүн жүрөгүнөн орун алган.
1988-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" деген наам алган соң, "Ырларым менин тагдырым" аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. Рыспай Абдыкадыров 360 чамалуу обон жаратып, чыгармалардын 126сы калк арасына тарап, айрым обондор кыргыз музыкасынын Алтын фондуна алынган.
  (25 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9072;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: