25-ноябрь, 2000-жылы Кыргыз улуттук футбол курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов төрөлгөн

Кыргызстан
Футбол боюнча кыргыз улуттук курама командасынын жана Беларустун "Неман" клубунун жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов бүгүн, 25-ноябрда 19 жашка чыкты. Футболчу 2000-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында төрөлгөн. Бишкектеги №42 орто мектепти аяктаган. Белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловдун кенже уулу. Агасы шоумен Манас Алыкулов. "Дордой" футболдук клубунун тарбиялануучусу. 2017-2018-жылдары Түркиянын "Антальяспор" клубунда ойногон. Кыргыз улуттук кураманын атынан 2019-жылдын 11-июнунда Кыргыз-Палестина беттешинде дебюттук оюнун өткөргөн. Азыркы учурда Беларустун "Неман" клубунда ойноп келет. Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Моңголиянын, Мьянманын Кыргыз өлкөсү менен болгон беттештеринде бирден гол киргизген.  (21 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9087;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: