«Жылдын супер футболчусу»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


9-ноябрь, 1999-жылы Спортчу Мээрим Жуманазарова төрөлгөн

Кыргызстан
Беделдүү эл аралык мелдештерде Кыргыз туусун желбиреткен, кыз-келиндер арасындагы спорт чебери Мээрим Жуманазарова 1999-жылдын 9-ноябрында, Талас облусундагы Оро айылында машыктыруучунун үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Рахмадил Жуманазаров эркин күрөш боюнча машыктыруучу болсо, апасы Айнура Чолпонкулова фельдшер-лаборант болуп эмгектенет. Мээрим Жуманазарова 2014-жылы Оро айылындагы орто мектепти бүтүрүп, 2016-жылы Кыргыз эл аралык университетинин колледжин аяктаган. 2017-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырган. 2011-жылдан баштап Мээрим Жуманазарова белгилүү машыктыруучу Нурбек Изабековдун алдында машыгып, мелдештерге катышып келет. 
 Жетишкендиктери: 2014-жылы Таиландда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда коло медалды тагынган. 2015-жылы Индияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунада коло медалга ээ болгон. 2016-жылы Дүйнө чемпиондугунда да коло медалды тагынган. 2017-жылы Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль, Дүйнө биринчилигинде коло медаль. Жабык имараттагы Азия оюндарында коло медаль алган. 2018-жылы Азия чемпиондугунда коло медаль; Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль; Индонезияда өткөн Азия оюндарында коло медаль алган.
  (20 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9074;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: