|
27-июль, 2018-жылы Кыргыз ССРнин Эл артисти, прима балет бийчиси Күлбүбү Мадемилова 89 жашында дүйнө салган![]()
27-июлда Кыргыз ССРнин Эл артисти, прима балет бийчиси Күлбүбү Мадемилова 89 жашында узакка созулган оорудан таңкы саат 6:00дө каза болгон. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Күлбүбү Мадемилова 1929-жылы 27-февралда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1937-жылы Ленинград мамлекеттик хореографиялык окуу жайына тапшырган. 1943-жылдан баштап Кыргыз театрында балет бийчиси болуп иштеп баштайт.
1953-1958-жылдар аралыгында Москва шаарындагы Мамлекеттик театралдык искусство институтунда (ГИТИС) режиссёр - балетмейстер адистиги боюнча билим алган. 1959-жылы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы бийчи-коюучу кызматына дайындалган.
1964-жылы Күлбүбү Мадемиловага Кыргыз ССРнин маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамы ыйгарылган. 1979-жылы хореография жаатындагы эмгектери үчүн Кыргыз ССРнин Эл артисти наамы берилген.
(3 жыл мурун)
Комментарийлер(1)
Suior85
![]()
27.07.2018. 16:36
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
31-01-2018
Соӊку аракети:
18-01-2021 14:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Коюла элек нерсени айтпасанар бугун каза болду го
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:
|