4-май, 1993-жылы Белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбекова төрөлгөн

Кыргызстан
"Супер-Инфо" гезитинин сурамжылоосу боюнча "Жылдын супер спортчусу-2014" наамынын ээси, бир канча ири мелдештерде ийгилик жараткан спортчу Айсулуу Тыныбекова 1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында туулган. Ата-энеси медицина кызматкерлери. Үй-бүлөдө 2 эжеси, 1 агасы, 1 иниси бар. 9-класста окуп жүргөндө Кочкордо таэквондо менен машыгып, кийин 10-классты бүткөндө күрөш менен машыга баштаган.  
Жетишкендиктери: Азия чемпиондугунда коло медаль (2009-2011-жылдар), Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда (2013-жыл), Дүйнөлүк Универсиада оюндарында 3-орун (2013-жыл), "Супер спортчу-2013", Азия чемпиондугунда күмүш медаль (2014), "Инчхон-2014" оюндарында коло медаль, "New-York Open" гран-присинин жеӊүүчүсү, "Супер спортчу-2014"
Рио-де-Жанейродогу жайкы олимпиада оюндарынын катышуучусу.
  (28 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9085;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: