22-ноябрь, 1944-жылы Жонго асып алуучу парашют түрүн жасаган советтик ойлоп табуучу Глеб Котельников каза тапкан

Дүйнө
Жонго асып алуучу парашют түрүн жасаган советтик ойлоп табуучу Глеб Котельников каза тапкан. Ал 1872-жылы 30-январда Орусиянын Петербург шаарында профессордун үй-бүлөсундө туулган. Бала чагында ырдап, скрипкада ойноп, оюнчуктардын үлгүлөрүн жасаганды жакшы көрчү. Аскер окуу жайын аяктаган соң спектаклдерде ойноп, конструкция кылууну уланткан. 1910-жылы Петербургдагы Элдик үйдүн актёру болуп жумушка орношот. Ошол эле жылы бир учкучтун өлүмүнөн таасирленип, аэроплан кырсыкка учураган мезгилде учкучтар жерге түшө ала турган аппаратты - парашютту ойлоп табууну чечкен. Ошентип Г.Котельников РК-1 үлгүсүндөгү парашютту 10 айдын ичинде иштеп чыгып, 1912-жылы июнь айында аны сыноодон өткөргөн. Г.Котельников мындан тышкары жүргүнчүлөрдү куткаруучу коллективдик парашютту, жүктөрдү дагы жерге алып тушө ала турган парашютту ойлоп тапкан. 1926-жылы ал бардык ойлоп тапкан нерселерин Совет өкмөтүнө тапшырган.  (76 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9084;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: