«Жылдын супер саундтреги»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


8-ноябрь, 1923-жылы Алгачкы интегралдык микросистемди жана чөнтөк калькуляторун ойлоп тапкан америкалык инженер Жек Килби жарыкка келген

Дүйнө
Джек Сен-Клер Ки́лби 1923-жылы 8-ноябрда АКШнын Миссури штатындагы Жефферсон-Сити шаарында туулган. Грейт-Бенд аймагындагы мектепти аяктап, Урбан-Шампейн шаарындагы Иллиной университетинде бакалавр даражасында билим алган. 1947-жылы Висконсин-Милуоки университетинде электротехника бонча магистрдик билим алып, ошол эле учурда бул шаардагы Centralab компаниясында иштеген. 1958-жылдан 1983-жылга чейин АКШнын Даллас шаарындагы Texas Instruments компаниясында иштеген. 1958-жылы Ж.Килби Texas Instruments компаниясында иштеп жатып, интегралдык схеманы патенттеген. 1978-жылдан 1985-жылга чейин ал Техас айыл-чарба жана машина куруу университетинде профессор, 1967-жылы АКШнын инженердик академиясынын мүчөсү болуп иштеген. 1967-жылы чөнтөк калькуляторун жана термопринтерди ойлоп тапкан. Жек Килби ойлоп тапкан алгачкы электрондук чөнтөк калькулятору 1967-жылы ”Покетроник” аталышы менен сатыкка чыккан. Калькулятордун экраны катары принтердин кагаз тасмалары колдонулган. Жаңы ойлоп табылган клькулятор интегралдык системдин атаандаштыкка жол ача турган потенциалын көрсөткөн. 1969-жылы АКШнын улуттук илимий медалы менен сыйланган.Окумуштуу 1958-жылы интегралдык микросистемди ойлоп тапкандыгы үчүн ошол жылы Нобель сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болгон. Ж.Клиби 2005-жылы 20-июнда Даллас шаарында көз жумган.  (96 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9073;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: