реклама

1-август, 1984-жылы немис футболчусу Бастиан Швайнштайгер төрөлгөн

Дүйнө
Немис футболчусу Бастиан Швайнштайгер төрөлгөн. Германиянын курама командасында 2004-2016-жыл аралыктарында ойноп, команданын  капитаны болгон. Аны менен Дүйнө чемпиону болгон, жалпы Германия курама командасы менен 121 оюнга катышып 21 гол жараткан.
Клубдук карьерасын Германиянын күчтүү клубдарынын бири “Бавария Мюнхенде” 2000-жылы ойноп баштаган. Бастиан Швайнштайгер “Бавария” клубунда 342 беттешке катышып 45 гол киргизгенге үлгүргөн. Аны  менен 8 ирет Германия чемпиондугунун, 7 ирет Германия кубогунун, 1 жолу Чемпиондор лигасынын, 1 жолу УЕФАнын Суперкубогунун жана клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун жана башка мелдештердин жеңүүчүсү болгон. 
2015-жылы Бастиан Швайнштайгер Англиялык “Манчестер Юнайтед” командасына өтүп, 18 оюнга катышкан. “МЮ” менен Швайнштайгер Англиянын кубогун жеңген. 
2017-жылы Бастиан Швайнштайгер карьерасын  АКШлык “Чикаго Файр” футболдук клубунда улантып, учурда аталган футболдук клубунда ойноп келет.
  (36 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9084;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: