реклама

1-август, 1997-жылы Индиялык актёр Авинаш Мукержи туулган

Дүйнө
Индиянын "Келин" аттуу сериалында Жагдиштин жаш курагын ойногон Индиялык актёр Авинаш Мукержи салттуу бенгал үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Кичинесинен актёр болгусу келген. Кийин Мумбай шаарына көчүп келишкенде, мектептен билим алып, жарнамалык роликтерге да тартылууга мүмкүнчүлүк алган. Авинаш дебюттук тасмасында Фархан аттуу мусулман баланын ролун жараткан жана актёр үчүн бул ролду аткаруу кыйынга турган. Себеби, актёр бул сериалда башка тилде сүйлөшү керек болгон. Ал эми "Келин" сериалындагы Жагдиштин ролуна 12 баланын арасынан тандалып алынган. Бул сериалдан соң Авинаш Индияда "сымбаттуу актёр" атка конуп, "Жаңы жылдыз" сыйлыгына ээ болгон. Актёр азыркы учурда "Sanskar Dharohar Apno Ki" аттуу сериалда роль жаратууда (2015).  (23 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9084;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: