«Жылдын супер саундтреги»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


8-ноябрь, 1711-жылы Орус окумуштуусу, акын, сүрөтчү, ойчул Михаил Ломоносов туулган

Дүйнө
Орус окумуштуусу, акын, сүрөтчү, ойчул Михаил Василевич Ломоносов Архангельский губерниясында туулган. Ал 19 жашка чейин жашаган Орусиянын түндүгү абдан бай маданий салттары, элдик өндүрүшү менен өзгөчөлөнгөн. Ал эми сабаттуу адамдар дыйкандардын арасында да жетиштүү болгон. Михаил окуганга, жазганга бала кезинен эле үйрөнгөн. 1730-жылы бийликтин уруксаты менен Ломоносов Славян-грек-латын академияга окуу үчүн Москвага келет. Бирок ал мурда крестъяндардын балдарын бул окуу жайга кабыл алышчу эмес, ошондуктан Ломоносов дворянин деген жалган документ менен өтөт. Кийин анын калпы ачылып, ал эки жолу суракка алынат, өзүнүн крестъяниндин уулу экенин мойнуна алууга аргасыз болот. Бирок бир чети Ломоносовдун өтүнүчү, экинчи жактан анын өтө гумандуулугу эске алынып, окуудан чыгарылган эмес. Академиянын 13 жылдык программасын ал төрт жылда өздөштүрүп, алдыңкы окуучулардын катарында сенаттын буйругу боюнча 1735-жылы Петербургга илимдер академиясына келет. 1736-жылы күзүндө химия илимин өздөштүрүү үчүн Германияга жолдомо алат. Ломоносовдун көп жактуу эмгектериндеги башкы максат орусиялыктарды агаратуу, орустун балдарынан чыгаан окумуштууларды чыгаруу болгон. 1755-жылы Ломоносовдун демилгеси боюнча бүгүнкү күндө анын атын алып жүргөн биринчи орус университети ачылып, аны менен кошо гимназия да ачылган.
Михаил Ломоносов 1765-жылы 15-апрелде Санкт-Петербург шаарында 53 жашында каза болгон.
  (308 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9073;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: