10-октябрь, 732-жылы Европанын тарыхындагы тагдыр чечүүчү Пуатье салгылашы болгон

 
Дүйнө
Европанын тарыхындагы тагдыр чечүүчү Пуатье салгылашы болгон. Тарых хроникаларында аталган окуя "Тур кашындагы салгылаш" деп белгиленсе, араб хроникалары аны "Шахид когортасынын согушу" деп аташкан. Франк падышалыгы менен эгемен Аквитания ээлигинин ортосунда орун алган Тур шаарына жакын жерде 732-жылдын 10-октябрында франктар менен араб аскерлери согуш талаасында беттешишкен. Австразия майордому Карл Мартеллдин колу аль-Андалусия генерал-губернатору, Омейяд Халифатынын аскер башчысы Абдур-Рахман ибн Абдаллахтын армиясы менен согушуп, франктар жеңишке жетишкен. Франк хроникалары Карлга Жараткан жардамга келди дешип, ага Мертелл деген ысым ыйгарышкан. Батыш тарыхчылары Пуатье салгылашын ислам дининин Европага жайылыш таасиринин токтотулушу катары баалашат.  (1287 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9075;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: