|
10-октябрь, 1912-жылы Шабдан баатырдын ашы соңуна чыккан![]()
Шабдан баатырдын ашы 1912-жылдын октябрь айында өткөн. Октябрь айынын жетисинен баштап чакырылган коноктор Кичи-Кеминге агылып, ашка келгендердин аягы 10-октябрда барып соңуна чыккан. Айрым маалыматтарга караганда, ашка 50 миң чамалуу киши келген. Аларды тосуу үчүн Кичи-Кеминге 2500 боз үй тигилип, 10 миң кой, 2 миңдей жылкы союлган. Чүй өрөөнүндөгү конокторду Тынай менен Шамшы болуштугу тосуп, Верный жана Ысык-Көлдөн келгендерди Атаке болуштугу коноктогон. Пишпек уезддик кызматкерлери жана Верный, Пржевальскиден келген жүздөй орус чиновниктерин Шабдандын балдары меймандыкка алган.
(109 жыл мурун)
Комментарийлер(1)
Ajar.
![]()
09.10.2015. 15:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш аш берилген экен... Кыргыздын тарыхындагы ушундай деңгээлде берилген аштардын акыркысы болсо керек...
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:
|